МИРБЕК АТАБЕКОВ ГАНГСТЕРДИН РОЛУНДА

Ырчы Мирбек Атабеков Казакстанда популярдуу болгон "КешYou" тобунун мурунку ырчысы жана актриса Камшат Жолдыбаева менен дуэт жаздырды. Экөө бир кечеде жолугуп дуэт ырдоо тууралуу сүйлөшкөнүн айтат ырчынын менеджери. Ырдын казакча версиясы “Тыңда мени” деп аталат. Алгач Мирбек казак тилинде ырдайт, андан соң кыргызча версиясын жаздыра турган болушту. Аталган ырга клип тартылып, тартуу иштери Алматы шаарында болуп өттү. Анда ырчы биринчи жолу гангстердин, жаман жолдо жүргөн жигиттин ролун аткарат.

Буга катар күз айларында ырчы жеке концертин тартуулай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу ырчынын менеджери Сүйүн Токсобаев буларды билдирди: "11-12-октябрда Спорт ордосунда Мирбек Атабеков "Мурас" аттуу чоң шоу-концертин тартууламакчы. Концерт оркестр менен коштолуп, жандуу үн менен өтөт. Бул концертке биз май айынан бери даярданып келе жатканбыз. Эл ырахаттанып кете турган концерт болот деп ишендирем".

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Zizika88
2018-09-18 10:42:56
Ошко дагы концерт берсе жакшы болмок.
+1
Aikan1966
2018-09-18 10:53:44
Чыгармачылык ийгилик
+5
tatyna.amanbekovna
2018-09-20 08:48:03
Билет баасын студенттерге бир ааз женилдик кылса жакшы болмок...
+3
№ 828, 14-20-cентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан