Ырчы Нуркыз Кожонова учурда Түркиянын Анталья шаарында эс алып жүрөт. Жыл сайын өзү үчүн убакыт бөлүп чет өлкөдө эс алууну адат кылып алган ырчы акыркы жаңылыктары менен тең бөлүштү: "Курбум экөөбүз Анталья шаарында эс алып жүрөбүз. Мурун да көп келчүмүн. Эки ырымдын клибин да Түркиядан тарткам. Эс алуу учурунда кызыктар көп болот . Кечээ мейманканабыздын жанында түрк жараны үнүн болушунча чыгарып алып унаасында жыргап биздин “Кара жоргону” угуп бара жаткан экен. Биз таң калып эле карап калдык. Кубанганым, бул жакта да кыргыз ырларын угушат экен. Негизи эс алуу ойдогудай болуп жатат. Эс алуудан кийин чыгармачылыкка билек түрө киришейин деп жатам".