Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.
КОЙ (21.03-20.04)
Аптада каршылыктарга жана акча көйгөйүнө кез келесиз. Буга достор, өнөктөштөр жана жетекчилик себепкер болот. Аптанын экинчи жарымында эл менен тыгыз иштешесиз. Мыйзам жаатындагы маселелер боюнча юристке кайрылууңуз мүмкүн.БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада күтүлбөгөн тоскоолдуктарга туш болосуз. Жетекчилик, текшерүүчү органдар, башка шаардык өнөктөштөр менен иштешүүдө сак болуңуз. Түшүнбөстүкт өр жаралат. Ден соолукка, жумушка жетишерлик көңүл бурасыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Алыста жашаган туугандар, өнөктөштөргө байланыштуу көйгөйлөр жаралат. Көзөмөл органдары менен иш алып барууга туура келет. Чыгымга учурабоо үчүн документтерге так болуңуз. Сүйүү жана балдар темасы ойлондурат. БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өнөктөштөргө, кесиптештерге аяр мамиле жасаңыз. Таарынычтар болот. Жубайыңызга, үйдөгүлөргө сылык сүйлөңүз. Ошентсеңиз бардык маселелер ойдогудай чечилет. Үйүңүзгө конок келет. Үй чарба иштерине көңүл бурасыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Жетекчилик, өнөктөш, өкмөт адамдары менен жакындан мамиле түзүүгө туура келет. Баарлашуу учурунда тактикалуу болуңуз, пикир келишпестиктер күтүлүүдө. Жакынкы күндөрү сапарга чыгасыз же туугандарга жолугасыз.БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жумушуңузда текшерүү башталат же кесиптештер менен пикир келишпестиктер жаралат. Текшерүү органдары, сыйлуу адамдар менен баарлашууда сылык болуу зарыл. Чыгым тартасыз. Көп акча табууга катуу бел байлап киришесиз. Активдүүлүк күчөйт.ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үй чарбасына, эс алууга, балдарга акча жумшоо керектелет. Үйдө түшүнбөстүктөр жаралат. Чыр чыкпоосу үчүн өнөктөштөргө, өмүрлүк жарга этият мамиле зарыл. Апта акырында көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз.ЧАЯН (24.10-22.11)
Жакындарыңыз менен баарлашууда токтоо болуңуз. Курч айтышуулар болушу мүмкүн. Курбу, кесиптештерден жашыруун өзүңүздүн кайсы бир купуя иштериңизди бүтүрүүгө киришесиз. Сырдуу нерселер ачыкка чыгат. ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Унаа башкарууда, жолдо жүрүүдө абайлаңыз. Кооптуу мезгил. Бир туугандар жана чөйрөдөгүлөр менен баарлашууда сабырдуу болбосоңуз уруш чыгат. Досторго көңүл бурчу убак келгенин сезесиз.ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Күтүүсүз каршылыктар же акча көйгөйлөрү жаралат. Жеке иштериңизди бүтүрүүгө киришип, эс алууга, балдарга да убакыт табасыз. Жогорку органдарга же жетекчиликке иштер менен кирүүңүз мүмкүн.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Айрым күтүлбөгөн тоскоолдуктарга туш болосуз. Сырдуу нерселер да тынчыңызды алат. Жакындарыңыз менен пикир келишпестиктер чыгат. Текшерүү органдары менен такташууга, эсептешүүгө туура келет. Даяр болуңуз.БАЛЫК (20.02-20.03)
Кайсы бир маселелерди чечүүдө башкача кадамга барууга туура келет. Каржыны көбөйтүү үчүн кошумча акча булактарын издештиресиз. Коңшулар менен алака жакшырып, айрым маселени чечүү жаатында сүйлөшөсүз.