15-СЕНТЯБРЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТАЗАЛЫК КҮНҮ. ДҮЙНӨНҮ ЧОГУУ ТАЗАРТАЛЫ!

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата айлана-чөйрөнү тазалоо акциясынын тарыхы Эстонияга барып такалат. 2008-жылы бул демилгени аталган өлкөдө 50 миң ыктыярчы колдоп, 5 сааттын ичинде өлкөнүн аймагын 10 миң тонна таштандыдан арылтышкан. 4 жылдан кийин бул бир күндүк акциянын акыбети кайтып, Эстониядагы булганыч аймактар 75 пайызга кыскарган. Быйыл бул демилгени колдогон мамлекеттердин саны 157ге жетти. Арасында Кыргыз өлкөсү да бар. Демек, тазалыкка үндөгөн мындай акцияны баарыбыз чогуу-чаран колдоп берсек, алгылыктуу жыйынтык чыгат.

ТАЗАЛЫККА БИРГЕ КАДАМ ТАШТАЙЛЫ!

“Дүйнөнү тазарталы!” 15-сентябрда мына ушундай лозунгдун алдында миңдеген кыргызстандыктар өлкөнү таштандыдан тазаламакчы. Анда өлкө аймагындагы коомдук пайдалануудагы жерлерди, жаратылыш парктарын, көлмөлөрдү, токойлорду жана башка аймактарды табигый таштандылардан тазалоо иштери жүрөт. Ишембиликке бардык облустун жашоочулары катышып, айлана-чөйрөнү тазалоо иштерине өз салымын кошушат. Бул акция Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн урматына өткөрүлүүдө.

Ал эми биздин өлкөдө бул акция “Эко Деми” коомдук фонду аркылуу ишке ашууда. Кампанияны Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты, өкмөттүн аппараты, коомдук уюмдар колдоп, Beeline компаниясы өнөктөш жана катышуучу болууда.

«ТАЗАЛОО ЖӨРӨЛГӨСҮ САЛТКА АЙЛАНЫП КАЛСА ЖАКШЫ БОЛОТ»

«Sky Mobile» (Beeline соода маркасы) ЖЧКсынын башкы директору Ернар Накисбеков акцияны командасы менен колдоп, ага катыша тургандыктарын айтып, элди ишембиликке чакырат:

– Айлана-чөйрөнүн булгануусу миллиондогон адамдардын өмүрүн алууда. 15-сентябрда Бүткүл Дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өтө турган акцияга Кыргызстан да кошулуп, жергебизде тазалык орнотууга киришет. Beeline да сыртта турбайт. Биз өлкөнүн бардык аймагында ишембиликке чыгабыз. Сиздер да бизге кошулуңуздар. Ушул жөрөлгө салтка айланып, баарыбыз экологиялык жактан жоопкерчиликти сезсек, жалпылап жасаган аракетибиз менен өлкөбүздү таштандыдан тазарта алабыз. Анткени ошол жоопкерчилик жана жашап жаткан жерибизге болгон сүйүү планетабызды кооз жана көрктүү кылып сактап калат.

“1 АДАМ 1 КҮНДӨ 1 ЖАРЫМ КИЛОГРАММ ТАШТАНДЫ КАЛТЫРАТ”

Демилгечилер элди таштанды тазалоого эле эмес, коомдук жайларда тазалыкты сактоо керектигин айтып, ресурстарды жөндүү пайдаланып, таштандыларды туура иштетүүгө чакырат. Таза планетада жашоого “Эко Деми” коомдук фондунун төрайымы Айжан Чыныбаева үндөйт:

– Бүгүнкү күндө 1 адам өзүнүн артынан 1 жарым килограмм таштанды калтырат. Эми ушуну 1 айга, 1 жылга, анан 6 миллионго көбөйтүп көрүңүз. Канчалаган тонна таштанды калдыгы чыгат? Биз таштандыны таштагандар жана аны тазалай турган адамдар деп бөлүнгөндү токтотуп, көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керек. Анткени биз бир өлкөдө, бир планетада жашайбыз жана анын тазалыгы үчүн ар бирибиз жооптуубуз. Ошондуктан таза дүйнөдө жашоо үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошсок. Бул акцияга жок дегенде калктын 5 пайызы же 300 миң адам кошулат деп ишенип, өлкөнүн аймагынын 70 пайызын таштандыдан арылтууну пландап турабыз. Тазалоо иштери калктын ден соолугуна, мамлекеттин экономикасына, ал тургай туризмге да оң таасирин берерин эстен чыгарбасак.

ЖЕЛИМ БӨТӨЛКӨЛӨР 100 ЖЫЛГА ЧЕЙИН ЖАШАЙТ

Адамзаты бүгүн 100 жыл мурдагыга караганда 10 эсе көп таштанды чыгарат. National Geografic журналынын маалыматына таянсак, учурда планетабызда өндүрүлгөн желимдин 9 гана пайызы кайра иштетүүгө жөнөтүлөт. Эл аралык катуу калдыктар ассоциациясынын (ISWA) билдиришинче, бүгүнкү күнү 3 жарым миллиард адамдын таштандыны кайра иштетүүгө берүүгө мүмкүнчүлүгү жок жана жыл сайын планетабыздагы океандарга кеминде
8 миллион тонна калдык төгүлөт.

Бүгүнкү күнү көчөдө болобу, парктабы же токойдобу буттун алдында таштанды урунганы өөн учурабайт. Пайдалануудан калган идиштер, баштыктар, оюнчуктар... Алар кайда кетет? Жамгыр, кар жаайт, тебеленет... Анан? Чирип жок болобу? Ушундай суроо сизде жаралды беле? Төмөндө таштандынын айрым түрлөрүнүн “өмүр жашы” көрсөтүлгөн:

 

Тамак-аш калдыктары – 10-30 күнгө чейин

Картон кагаздары – 1 жыл

Бут кийимдер – 10 жыл

Сагыз – 30 жыл

Консерваланган азыктардын, сыралардын банкалары – 90 жыл

Желимдин түрлөрү – 50-500 жыл

Электр батареясы, желим бөтөлкөлөр, унаа аккумулятору – 100 жыл

Такма жалаяк – 250-500 миң жыл

Айнек – 1000 жыл

ТАШТАНДЫ ТАЗАЛОО ТРЕНДГЕ АЙЛАНЫП...

Жакында Орусияда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп, футбол дүйнө элдеринин башын бириктирди. Чемпиондуктун 1/8 финалдык беттешинде Япония менен Бельгия өлкөлөрүнүн курама командалары беттешип, япондор жеңилүү ызасын тартышты. Бирок утулуу канчалык оор болбосун, аталган өлкөнүн сүрөөнчүлөрү стадиондо өздөрүнөн калган таштандыны тазалап кетип башка элге үлгү болду. Бул жакшы “илдет” жугуштуу болуп, биздин сүрөөнчүлөргө да жетти. Кечээ жакында борбор калаада көк бөрү боюнча Президенттин кубогу үчүн беттештен соң сүрөөнчүлөр отурган жериндеги таштандыны тазалап кеткен жагымдуу көрүнүшкө күбө болдук. Андан соң бул тренд кыргыз футболуна жетти. 10-сентябрда Кыргыз өлкөсү менен Сирия курама командаларынын ортосунда өткөн жолдоштук беттеш 2:1 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына чечилип, кубанган футбол фанаттары стадиондо өздөрүнөн калган таштандыны тазалай кетишти. Ыктыярчылардын мындай демилгелери колдоо таап, акырындан элге сиңип жатканы өлкөбүздү таштандыдан тазалоо колубуздан келерин далилдейт.

БИР ЖЕҢДЕН КОЛ...

“Дүйнөнү тазарталы!” акциясын биздин өлкөдө көтөрүп чыккан демилгечилер ар бир кыргызстандыкты “Дүйнөлүк тазалык күнү” глобалдык экологиялык жарандык акциясынын алкагындагы ишембиликти уюштурууга жана катышууга чакырат. Өлкөнүн бардык аймагында орун ала турган ишембиликке сиз да кошулуп, өзүңүзгө жакын же ыңгайлуу аймакты тазалыкка келтириңиз. Айлана-чөйрөнү тазалап эле тим болбостон, жерди таштанды менен булгабаганга да үйрөнөлү.

Бүгүн мындай биргелешкен аракет менен таза, кооз өлкө куруп, эртеңки келечек муунга үлгү болуу менен бирге элге дени сак жашоону камсыздап бергенге аз да болсо салымыбызды кошоттурбуз.

Алтынай Тынышова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aslan_akjol89
2018-09-19 11:18:02
Таштандыны таштаган адам жана аны тазалай турган адам деп болунбошубуз керек деп туура айтыптыр.Бир эле адам таштап жана тазаласа жакшы болмок.
0
№ 828, 14-20-cентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан