ТҮШТҮК КОРЕЯДАГЫ КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАН ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВГО КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ

Өлкөнүн өнүгүшүнө тушоо болуп келе жаткан коррупцияга каршы күрөшүүнү президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн өлкө башчылык ишмердүүлүгүндө негизги багыт болорун билдирип, ушул жылдын 8-февралында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында жемкорлук менен аёосуз күрөшөрүн жарыя кылган. Жакында өткөн “Мекендештер” форумунда элге “коррупционерлерди ачык айткыла, күрөшүү үчүн бул зарыл” деп кайрылган эле.

Президенттин ошол кайрылуусунан кийин Экологиялык жана техникалык инспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева коррупцияга каршы күрөшүү аракетинен улам жумуштан айдалганын айтып, колдоо сурап чыкты. Буга удаа эле "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева аталган мекемедеги коррупциялык иштер тууралуу маселе козгогонунан кийин кысым болуп жатканын айтып, президентке кайрылган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 12-сентябрда маалымат жыйынын уюштуруп, аталган эки окуяда тең чын эле коррупциялык иштер орун алгандыгы аныкталгандыгын, иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Бул окуялардан соң Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси
Кылычбек Султан интернеттеги өздүк баракчасына президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жарыялады.

Кайрылуусунда элчи президенттин көзөмөлүндө болгон тышкы саясат багытында орчундуу кемчиликтер бар экенин, бирок ал маалыматтарды президенттик аппарат чектеп же бурмалап жатат деп күмөн санаганын жазды.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги "кемчиликтер" (жумшартып айтканда) тууралуу сиздин аппаратыңызга кайрылдым эле...

Сиздин ишенген чөйрөңүзгө ал "кемчиликтерге" караганда "Супер-Инфо" экс-президент Алмазбек Шаршеновичке сатылган" деген ушак маанилүү экени мени таң калтырды. Ушундай жардамчыларыңыз сиздин ишмердүүлүгүңүзгө зарыл болгон чындыкты дайыма акты актай, караны карадай кылып жеткирерине ишене албайм.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиздин "ала карганы атынан чакыр" деген чакырыгыңызга карабастан, тиешелүү маалыматтарды сизге түз жеткирүү мүмкүнчүлүгү чөйрөңүздөгү кээ бир таасирдүү тараптар аркылуу чектелгенин, балким, билбейттирсиз. Мамлекетибиздин кызыкчылыгына зарыл маалыматтарды сизге түз жеткирүү өтүнүчүм менен ачык кайрылганымдын себеби мына ушунда”,- дейт элчи.

Автандил Добулбеков

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 828, 14-20-cентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан