
Өлкөдө акыйкатчы кызматына талапкер көрсөтүү иши уланууда. Буга чейин “Ата Мекен” фракциясы бул кызматка
Канатбек Азизди, Акыйкатчы институту
Урмат Аралбаевди, “Кыргызстан” фракциясы
Молдакун Абдылдаевди сунуштаган. Тар чөйрөдө
“КСДП фракциясы Токон Мамытовду сунуштайт, ал акыйкатчы болот деп сүйлөшүлүптүр” деген сөздөр айтылууда.
Токон Мамытов бул маалыматты төгүндөп, эч кимден сунуш түшө электигин билдирди.
Урмат Аралбаев Акыйкатчы институтунда көп жылдан бери иштеген кызматкер, бирок кеңири массага таанымал эмес.
Молдакун Абдылдаев 2014-жылдан 2018-жылга чейин президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеген.
Токон Мамытов акыркы 7 жылда парламент депутаты, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Ысык-Көл облусунун жетекчиси, өкмөттө вице-премьер өңдүү жогорку кызматтарда иштеди. Учурда Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы.
Канатбек Азиз – “Ата Мекен” партиясынын юристи, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп иштеген. Акыркы жылдары
Өмүрбек Текебаевге ачылган кылмыш ишинин алкагында соттук процесске баштан-аяк катышып, мамлекеттик машина менен күрөшүп тажрыйба арттырды. Коомчулукта Акыйкатчы институтун күчтүү юрист, жаш, таза кадр башкарышы керек деген пикир күчөп,
Канатбек Азизге үмүт арткандар басымдуулук кылууда. Акыйкатчы Жогорку Кеңеш тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат.