Ал эми депутат Жанар Акаев коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн, укук коргоо органдарынын ишинен дайын жок дейт. Ал көр сатуу, Тарых музейин жаңылоо жана Кыргыз темир жолундагы маркум журналист Улан Эгизбаев айтып чыккан маселелерге көңүл бурулбай жатканын белгилеп: "Күч органдары саясатчылардын чай ичкенин аңдыбай, реалдуу коррупция менен күрөшүүсү керек эле. Музейдеги күзөтчү отурган отургуч 100 миң сом деп көрсөтүлгөнүн, жыгач таяктар 600 доллардан сатып алынганын Уланбек факты менен көрсөтүп бербеди беле? Бир да киши жазаланган жок."Кыргыз темир жолундагы" коррупциялык системдин бетин ачып берди эле. Бул иштер боюнча өкмөт башчы кантип бети чыдап отурат?”- деди. Башка депутаттар да өкмөттүн дарегине ачуу сындарды айтышты. 9 айлык иши боюнча Абылгазиевдин отчёту парламентте жеңил өтпөй турганы алгачкы пленардык жыйында эле байкалды.
Автандил Добулбеков