Андай "таламайга" алуунун себеби "Супер-Инфо" гезитинде жана SUPER.KG порталында ачуу чындыктар айтылып жаткандыгы экени шексиз. Бул ачуу чындык азыркы бийликке жакпай калган сыяктанат.
Фашисттик анабашчылар Гитлер менен Геббельстин "калп канчалык шумдуктуу болсо, ага ошончолук бат ишенишет" деген тактикасы болгон. Ошондой ыкмадагы ушактар кампаниясынын соңку апыртмасы "Атамбаев "Супер-Инфого" журналист болуп орноштубу?" деген маалыматтын интернетке жайылтылганы болду.
Мындай апыртмаларды массага жайылтып жатышкандар бир нерсени эске албай жатышат. Альтернативдүү маалымат булактары активдүү жарандык коомдун өнүгүшү үчүн зарыл. Күчтүү ММКлар болбосо бийлик оңой эле "ажыдаарга" айланып кетерин эгемендүү Кыргыз өлкөсү өзүнүн тажрыйбасынан улам жакшы билет эмеспи.
Автандил Добулбеков