Мерген Турган, ырчы: «АТАМ МЕНИ САКСАҢДАП СЕН ЭМНЕГЕ ЖАРАЙСЫҢ ДЕГЕН»
Кыргызда «атанын сөзү ок» деген кеп бар. Ушул 3 сөз менен эле анын үй-бүлөдөгү ордун сезүүгө болот. Энеге салыштырмалуу алар эмоциясын сыртка чыгарбайт, бирок үй-бүлөнүн чеби. Бүгүнкү каарманыбыз Мерген Турган атасынын көзү тирүүсүндө ага эркелеп, кучактап албаганына өкүнүп отурду.
«БИЗДИ ЭЛ 52НИН БАЛДАРЫ ДЕШЧҮ»
- Атам Турганбек 1937-жылы төрөлгөн. Ал өмүр бою шоопур болуп өттү. Машинасынын номери 52-52 болчу. Эл ошондон улам бизди «52нин балдары» дешчү. Бою кичинекей, сары, токтоо, сабаттуу киши эле. Бирөө намысына тийгенби, ким билсин, учурунда жогорку окуу жайына өтүп, агаларына көрүнүп «көрдүңөрбү, мен окууга өттүм» деп туруп анан окубай кетип калыптыр. Чыгармачылыкка да жакын эле. Мен ырчы болуп чыкканда атам мени аябай сындады. Өзү Алла Пугачёва, Роза Рымбаева, Мыскал Өмүрканованы жакшы көрчү. «Ырчы болсоң ушулардай бол. Кана, ыйлап туруп, кайра күлчү» деп мени ар түрдүү сынай берчү.
«КОНЦЕРТТЕ ОРДУНАН ТУРГУЗГАНЫМ ЖАКПАЙ КАЛГАН»
- Менден улуу 2 агам бар. Алардын фамилиялары чоң атамдын атынан Ырсалиев, экөөнүн тең балдары Ырсалиев болуп кете берди. Күндөрдүн биринде атам «менин атымды ала турган киши жок окшойт бул дүйнөдө. Мен эмнеге 5 эркек балам бар деп кыйын болуп жүрөм» деп наалыды. Анда мен деле Мерген Ырсалиев болчумун. Ошондо АКШда жашаган Азамат Алтай деген кишинин аты катуу чыгып жаткан. Ошого окшотуп Мерген Турган болуп алдым. Атама барып, «ата, мен сиздин атыңызды алам, Мерген Турган деп чыгам» десем, «койчу, сен саксаңдап эмнеге жарайсың?» деп жактырбай койду. Союз тараганда документиме да ошентип фамилиямды өзгөртүп салдым.
Бир жылы борбордо экинчи жолу жеке концертимди бердим. Концерттин ортосунда жарыкты атама бердирип туруп «ата, ордуңуздан туруп коюңузчу. Менин ушул деңгээлге жетишиме атамдын салымы чоң. Бүгүндөн баштап мен атамдын атын алдым, Мерген Турган болдум» дедим. Эл дүркүрөтүп кол чапты. Бирок атама бул кылыгым жаккан жок, мен аны сезип жаттым. Карасам жини келгенсип туруптур. Кечинде үйгө кыйратып салдым деп барсам, каяктан, тил уктум. «Сен мактанчааксың, ошончо элдин көзүнчө мактанасың. Токтоо бол» деп дагы тилдеди. Анын сынына көнүп калгам да, аны да көтөрдүм.
«АТАМ АПАМДЫ КЫЗГАНЫП, ЫРДАГЫС КЫЛГАН»
- Атам менен апам урушуп кеткенде мен апама болушчумун. Мен эле эмес, бүт уулдар апам жакка, кыздар атам жакка өтүп кетчү. Апам жакшы ырдачу. Анан атам кызганып жатып калар эле. Эсимде, экөө бир тойдон аябай урушуп келишти. Тойдо апам ырдап коюптур. Ошону менен апам балээге калды. Көпкө чейин апамды «ии, ырдайсыңбы? Кайсыны ырдайсың? Дагы ырдайсыңбы?» деп кекетип жүрдү. Ошондон кийип апам ырдагыс болду.
«КӨЗҮ ТИРҮҮ БОЛГОНДО ДАЛАЙ ТЕЛЕВИЗОРДУ СЫНДЫРМАК»
- Чачымды тармалдатканымда «алдыгы кебетеңди сындагандар көп болот, ошону жеңсең анан ырчы болосуң» дегени эсимде. Анын сынын укканда эшикти тарс жаап чыгып кетмей адатым бар эле. «Балам, эшик деген меники. Сынып калса мен салдырам. Сен менин бир сөзүмө ушинтип жатасың. Сага миллион адам сын айтат. Аларды эмне кыласың? Ар биринин үйүнө барып эшиктерин тарс жаап чыгасыңбы?!» деп мени тарбиялап койчу. Ушинтип жүрүп мени ырчы катары бир топ деңгээлге өстүрдү деп ойлойм. Азыр атам тирүү болсо, жаш ырчылардын ырдаганына жини келип, бир канча телевизорду сындырмак болуш керек.
«КОШУНАНЫН КЫЗЫН АЛЫП БЕРЕМ ДЕГЕН»
- Аталык милдетинен кутула берейин деп ойлоду окшойт, бир күнү үйдөгү жылкынын башына бантик байлап алып жетелеп бара жатат. Артынан апам кубалап алыптыр. «Мерген, карма эле, карма атаңды. Кошунанын кызын сага алып берем деп, калыңына жылкыны жетелеп бара жатат» деп кыйкырып алган. Мен жолун тоссом, «тур, жолумду тоспо, бул сенин ишиң эмес. Мен милдетимден кутула беришим керек. Силерди үйлөнткөнгө жашым жетеби, жетпейби ким билет? Калың берип кутула беришим керек» деди. Анда мен жашмын. Атанын оюн, милдетин кайдан билмек элем? Анын бул кылыгы мага өөн учурады. Апам экөөлөп жатып баягы жылкыны алып калдык. Кийин үйлөнгөндө атамдын бул жоругун эстеп өпкө-өпкөмө батпай ыйладым. Бир чети атамды сагындым, жоктодум окшойт. Анын үстүнө калыңды, үйлөнүүгө кеткен чыгымды өзүм топтодум.
«АТАМА ЭРКЕЛЕБЕГЕНИМЕ ӨКҮНҮП КАЛДЫМ»
- Атам 1993-жылы 5-мартта, 56 жашында кызыл өңгөчүнөн рак болуп, каза болду. Каза болор алдында ооруп борборго келген. Бишкектен айылга жеткирип бардым. Эртеси борбордо Алина Жетигенованын концерти болмок. Мен атамды кыя албай жанында отурсам «балам барагой, бар. Ырдаба десе болбойсуң, эми сени толтура эл күтүп жатат да. Мен жакшы болуп калдым» деп кетирип жиберди. 1-күнкү концертте ырдадым, эртеси эле кабар келди. Убагында атамды кучактап эркелебептирмин. Тартынчу окшойм да, ошого өкүнүп калдым. Атамдын көзү өткөндөн кийин көпкө ыйлап жүрдүм. Эне эмоциясын билдирип, көз жашын көрсөтүп, балага ачык мээримин чачат экен. Атанын эмоциясы сыртка чыкпай ичинде калат турбайбы. Ичинде калса эле биз аны балалык кылып «эркелетпейт же мени жаман көрөт» деп түшүнөт экенбиз.
«ЭС АЛГАНДЫ БИЛЧҮ»
- Азыр ойлосом, бала кезибизде Жаңы жылды америкалыктардай тосчу экенбиз. Төркү үйгө чоң балаты орнотуп, аны кооздочубуз. Айланасында ар бирибиздин жаздыктарыбыз турчу. Уйкубуз келгенде ошол балатынын түбүнө жаздыктарыбызды жазданып уктап калчубуз. Эртең менен турсак эле жаздыктарыбыз момпосуй "тууп" койчу. Бизге майрам тартуулаганды да, өзү эс алганды да билчү. Эс алуу күндөрү башка иштер менен алектенбей, 100 грамм бастырып алып ырдап, мончо жактырып, жакшы тамактарды жасатып, укмуш эс алчу. Комузда кол ойнотуп аябай жакшы ырдачу.
"Үйлөнгөндө атамды сагынып өпкө-өпкөмө батпай ыйлагам".
Сүйүн Кулматова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Чыныгы коп кырдуу таланттын ээси!Ырлары аткарган сатиралары аябай жагат,бар болунуз!
Мерген Турган байкебиздин талантына таазим ушундай ырчыларга таланты бар адамдарга Эл атисин бериш керек болчу биздин бийликтеги адамдар!!!
Кандай сонун адамсыз,Мерген байкенин тамашакойлугу, ачыктыгы аябай жагат! Коп жашаныз Мерген байке!
Жакшы маанилуу эскеруу, башка жаш ырчылар болгондо койногун инстаграмдагы подписчиктерин, тойлорун мактанып эле жатып калмак
Атаныздын мунозу менде бар окшойт анда ( хе) мен да коп ырчылар ырдап жатканда телевизорду жара тепким келет.
Жамал Ырсалиевтин дагы оюн окуп койгула Мерген жонундо
Атасы корогоч инсан болуптур) чын эле эмнеге жарадыныз)))
Мерген Турган акебиз супер кишида коп жашаныз ишинизге ийгилик. дан дан болуп журо бериниз
Ырсалиев болбогонунуз жакшы болуптур, сансандап чон атанызды уят кылбай.
Ушундай жонокой, жаап жашырбай, сонун маек болуптур. Ишинизге ийгилик! Аябай сыйлайм.
абдан маанилуу,ачык,тарбиялык дагы мааниси бар эн сонун маек болуптур!))
Аттин кылабыз,бирок ата-энелерибиз туболуктуу эмес,ошол учун козунун тируусундо сый-урматыбызды корсотолу...
Чыгармачылык ийгилик! Аябай сонун баарлашуу болуптур атамды эстеп азыр эле жанына канатым болсо учуп жетким келди. Козу барда ата эненин баркына жетели бир туугандар.
Мен ойлопмун дагы мага наам беришкен жок деп интервью берген го деп)))
Мерген Турган эн алгач сахнага чыкканда саксандаган ХХХ деп коомго жаккан эмес. Убакыт отуп, коз каныгып, акыры эл багынды окшойт. Эми баары мактап, эл артис бериш керек деп калышты. Дагы 20-30жылдан кийин Кайрат кыргыз, Зере сыяктуу ХХХ да эл артистин бериш керек, тарбиялуу, таланттуу деп калат экенбизда окунучтуу!!!
Негизи көп кырдуу, таланттуу жигиттерден азаматсын.. Бирок чачты жигиттикиндей кылып алып деле куудул же ырдап жүрсө болмок!