Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

8 ЖАШАР КЫЗ КОЛУ СЫНЫП, КАЗА БОЛДУ. КҮНӨӨ ВРАЧТАРДАБЫ?

№829 21-27-сентябрь, 2018-жыл


Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын 8 жашар тургуну Медина Каныбекова ойноп жатып колун сындырып алып, ошондон улам каза болду. Кыздын чоң энеси күнөөнү врачтарга коюп жатат. Врачтар болсо күнөөнү өздөрүнөн алыс түртүүдө. Окуяны иликтеп көрдүк.

«ВРАЧ "БИР ЖУМАДАН КИЙИН КЕЛГИЛЕ" ДЕГЕН»

Чынаркүл Момбекова кыздын чоң энеси, 54 жашта. Уул-келини Орусияга иштеп кеткендигине байланыштуу алардын 4 баласын карап-багып жаткан:

- Ушул жылдын март айында келин-уулум Орусияга кетишкен. Неберелеримди мен карап калгам. 3-сентябрь күнү кечкисин Медина кыздар менен ойноп келейин деп чыккан. Мени бул күнү «Көчмөндөр оюндарына кетиптир» деп да айтып жатышат. Үйдө кичинекей балдар турса, кайдан ал жакка бармак элем? Эң кичинекей неберем 2 жарым жашта.

Бир кезде Медина колу канап чуркап келди. «Таштан тайгаланып чөпкө жыгылып кеттим» деди. Колу бир аз шишип калыптыр. Кичинекей куурай киргендей тешик бар экен. Тешикке йод куюп, колун марли менен байлап, моюнуна асып койдум. «Колуна байкеси топурак сээптир» деп да жатышпайбы. Сурасам, «топурак сепкен жокмун. Медина көйнөгү менен колун басып, эч кимди жанына жолоткон жок. Кан өзү токтоду» деди байкеси. 4-сентябрь күнү Көчмөндөр оюндарына байланыштуу ооруканага алып барганга такси чыкпай койду. Ал учурда кызымдын колу ооруган жок, дене табы көтөрүлгөн жок. 5-сентябрь күнү Чолпон-Атадагы бейтапканага алып барып, рентгенге тарттырдым. Кубанычбек деген врач карады.

Мени кебез менен бинтке жиберип, кызымды жараат таңуучу бөлмөгө алып кирип кетишти. 3 жолу ийне сайыптыр. Аны мага чыккандан кийин кызым айтты. Врач мага «колу сыныптыр. Жараатын тазалап, гипс коюп, таңдым. Бир жумадан кийин келиңиз. Дагы карап беребиз» деди.

Ошентип ал врач бир жакка шашып чыгып кетти. Мени дагы бир ирет рентгенге тарттырып, хирургга көрсөтүшүм керектигин айткандыктан рентгенге тарттырып алып, Данияр аттуу хирургга көрсөттүм. «Жакшы салынган турбайбы. Эч нерсе болбойт. Балдардыкы ушундай болуп эле бүтүп кетет» деди. Оорукананын жетекчисине барсам, ал да «Жакшы эле салган турбайбы. Кете бергиле. Бир жумадан кийин келгиле» деди.

«ЭНЕ, ЫЙЛАБАЧЫ. МЕН АЙЫГЫП ЧЫГАМ»

- 7-сентябрь күнү кечке маал колу ооруганынан Ананьев айылындагы ооруканага бардык. Роза деген врач кабыл алды. Ал гипсти алмаштырып «жараатын тазалап таңдым» деди. Бирок кызым ал түнү аябай кыйналып чыкты. Эртеси эртең менен кайра Ананьев айылына бардык. Нөөмөттөгү врач таңылганды кессе эле, жыт чыкты, колу ириңдеп кетиптир. Колу ошол жерден бат эле шишип чыкты. Тиги врач Роза деген врачты урушуп эле калды. Анан мага «Кызыңыздын өмүрүн сактаңыз» деди. Чолпон-Атага барсак, врачтар карап көрүп, «Тез жардам» менен Бишкекке жөнөтүштү. Бул учурда ата-энесине чалып чакырдым. Ошентип 9-сентябрда операцияга кирди. Кирерде бетимден сылап «эне, ыйлабачы, мен айыгып чыгам»деди каралдым. Врачтардын айтуусу боюнча, операциядан кийин түндө өзүнө келген экен. Бирок 10-сентябрдын таңында кызымдын жүрөгү сокпой калыптыр.

Чолпон-Атадагы врач «күн сайын келип тургула» деп айтса, бармакпыз. «Ананьев айылына барам. Чолпон-Атага келгенге шартым жок» деп айткан эмесмин. Кызымды жөө моюнума көтөрүп болсо да бармакмын.

Эл «акча бере койбойт белең» деп жатышат. Ойлонбоптурмун. 300 сом десе, ошону эле берип кетип калгам.

«КЫЗЫМ МЕНИ КӨРҮП, ЧАҢЫРЫП ЫЙЛАДЫ»

30 жаштагы Нурсулуу Жумабаева кызынан айрылып, каңырыгы түтөп турган чагы:

- Врачтардын шалаакылыгынан татынакай кызымдан айрылып калдым. Азыр да бул кабарга ишене албай, кызымды келип калат деп күтүп жатам. Наристемдин өлүмүнө ким күнөлүү болсо, баары жаза алышсын.

9-сентябрь күнү учуп келип, шыр эле ооруканага бардым. Кызым мени көрүп, чаңырып ыйлады. Ушунча кыйналган окшойт жаным десе.

Бир колунда тамчылатма дары, экинчи колунда гипс болуп, кучактай да албады. Карасам, колу карарып, кан өтпөй бырышып калыптыр. Колун көргөндөн кийин жүрөгүм чыдабай, жанына тура албай койдум.

Бишкектеги врачтар жакшы аракет кылышты. Алар «Жок дегенде ийне сайып койсо, инфекция денеге тарабай турмак» дешти.

«МЕН КҮНДӨ КЕЛИП ТУРГУЛА ДЕГЕМ»

Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун хирург-травматологу Кубаныч Абдуразаков "кыздын чоң энеси калп айтып жатат" дейт:

- 5-сентябрь күнү Медина Каныбекова чоң энеси экөө даяр рентген сүрөтү менен келди. Сынык экен. Бирок сөөк ордунда эле турат. Эмне болгонун сурасам, «3-сентябрь күнү үйдөн кулап түштү. Эч кимге кайрылган жокпуз» деди. Йод куюлуптур. Ал жерин тазаласам, 2-3 миллиметр жараат көрүнүп калды. Ал жери бүтүп баратыптыр. Бир нерсе кирип кеткен же ачык сынык болуп, бирок ордуна түшүп калган же сыныкчыларга барган окшойт деп ойлоп калдым. Сөөгү түз болуп калыптыр, ириң жок экен. Ошондуктан лангета гипс салып берип, ооруканага жаткырган жокмун. Инфекциянын инкубациялык мөөнөтү организмде 3-4 күнгө чейин билинбейт. Ошол себептүү «Күндө келип турушуңуз керек. Келбесеңиз, жараат ириңдеп кетет» дедим. Чоң апа «Балам, Григорьевкадан бери жол алыс болуп калат. Келе албайм. Ананьев айылына барсак болобу?» деди. «Бара бериңиз. Бирок хирургдун көзөмөлүндө болушу керек» дегем. «Дагы рентгенге түшүрүп, биздеги хирург-травматологго көргөзүп алыңыз» деп шашып чыгып кеттим.

Окуя болгон күнү чоң энеси Көчмөндөр оюндарына кетип, кеч келип калган деп да угуп жатам. Ал убакта кыздын 2 жаш улуу байкеси жараатка топурак сээп, ылай сүртүп канын токтоткон деп жатышат. Чон энеси келгенден кийин сыныкчыга барышкан деп да угуп жатам. Мага кеч кайрылышкан. Мага келгенде да эч жакка кайрылбагандарын айтып, жараатка топурак сепкендиги тууралуу да айтышкан эмес. Жараатты жөнөкөй чүпүрөк менен ороп алып келишти. Ошондо эле инфекция кирип жатат да.

Бишкектеги ооруканага барганда да 2 саат күтүп калышса керек. Кыздын ата-энесин күтөбүз деп дагы операцияны кечиктиришкен окшойт.

Менден ката кеткен жок. Күнөөнү жөн жерден мага оодарып жатышат. Мага келгенге чейинки жана менден кеткенден кийинки маалыматтар жашырылып калып жатат. Ананьев айылынын дарыгерлери эмнеге жаткырышкан жок? Бирок аларга сөз тийгизбей жатышат.

«ШЫР ЭЛЕ ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫШ КЕРЕК БОЛЧУ»

Мединаны Бишкектен Эне жана баланы коргоо борборунун врачтары кабыл алышып, операция жасашкан. Операцияга катышкан хирургиялык инфекция бөлүмүнүн врачы, медицина илимдеринин кандидаты Досойбек Кочкунов буларды айтып берди:

- Мени 8-сентябрь күнү саат 6:30дарда консилиумга чакырышкан. Барсам, нөөмөттөгү хирург Илим Үсөналиев, хирург Анарбек Уракеевдер карап жатышыптыр. Эшикти ачканда эле аябай сасык жыттанды. Ошого чейин хирургиялык жардам берилбептир. Тазалап, дары-дармегин берип, тиешелүү аракеттерди кылдык. Газдык гангрена менен түшүптүр. Эртеси күнү колун ампутация кылдык, күң жиликтин ортосунан кесилди. Операциядан кийин өзүнө келген. Реаниматологдун айтымында, кайра жандандыруу бөлүмүнөн түнкү саат 3төрдө абалы кескин начарлап кетиптир. Тиешелүү жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, 10-сентябрдын таңында кыз кайтыш болду.

Инфекциядан эле кетти. Организмде катуу уулануу болгон. Газдык гангрена денеге тарап кете берет. Апасынын айтымында, таштан тайып жыгылып колу сынып, сөөгүнүн учу чыгып калган. Агасы жараатка жерде жаткан желим бөтөлкөнүн сыртындагы кагазын жаап, үстүнөн целлофан менен байлаптыр. Ошондо эле инфекция кирип кеткен. Ачык сынык болгондон кийин алгач көргөн врач шыр эле ооруканага жаткырыш керек болчу. Ал гипс салып берип, үйүнө жиберип коюптур. 2-3 жолу кайрылышса да врачтар таңгычты оңдоп кайра үйүнө жибере беришкен. Бир да дары-дармек жызылып берилген эмес.

Ал эми күтүп калды дегени боюнча, консилиум болгуча, оорулууну көргөнчө убакыт өтөт да.

Ананьев айылындагы оорукананын кызматкери, жогоруда аты аталган Роза аттуу врачка байланышканыбызда ал суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартты.

КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛО ЭЛЕК

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакуновдун айтымында, окуя боюнча кылмыш иши козголо элек.

– Окуя боюнча кыздын апасы Ананьев айылындагы, Чолпон-Атадагы ооруканалардын врачтарына күнөө тагып арыз жазды. Азыр материалдар чогултулуп, райондук прокуратурага таанышууга жөнөтүлдү. Врачтардан комиссия түзүлүп, эмне себептен каза болгонун аныкташат. Ошонун негизинде мыйзам бузуу фактысы бар болсо, кылмыш иши козголот. Бишкектеги врачтардын айтуусу боюнча, биринчи медициналык жардам туура эмес көрсөтүлгөн.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(27)
25.09.2018. 09:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
16-06-2019 12:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыялдарда
+9
Бтлбейм,айтуу кыйын!Врачтардын куноосубу же таенесининби?!Айтоор,дагы бир жаш омур соолуду!Бир жакшынакай кыз экен эле!
30.09.2018. 13:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
336
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
09-06-2019 15:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
0
Stervamyn, чоң энеси караган эмес ко((
25.09.2018. 09:37 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
17-08-2018
Соӊку аракети:
18-10-2018 00:09
Жынысы:
Белгисиз
+10
Колу сынып соогу корунуп калыптыр,ошону да бир жакшына карай албай,калп эле периште корунуп жаткандар аман эле болгулачы!..Байкуш кыз ушуунча оорууга кантип чыдады экен?Таенеси "кыргызчылык"кылбай,врачтар да оз милдетин так аткарганда...
25.09.2018. 10:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
05-08-2018
Соӊку аракети:
24-05-2019 04:46
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кээде ата энелер озубуз да кунолуу болуп калабыз кыргызчылык деп озу эн биринчи доктурга коргозуш кк
25.09.2018. 12:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
13-05-2019 12:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
убактылуу жашоодо!!!
+7
Куноону врача эмес озунузчу коюп корсонуз колу сынгадания кийин эки кундон кийин апарыптырсыз
25.09.2018. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
502
Катталган:
14-07-2015
Соӊку аракети:
03-06-2019 16:44
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менимче таене күнөөлүү,сынган жер эки күндө ириңдейт,ириң канга аралашып кеткен.
30.09.2018. 13:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
336
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
09-06-2019 15:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
0
aikokul14, чоң энеси б.п атат ко.
25.09.2018. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
09-08-2018
Соӊку аракети:
14-06-2019 09:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар өзү ушундай бейкамбызда ошол эле күнү алып барса ошол жараатын тазаламак азыр көпчүлүгү эле сыныкчыларга барып анан жумуртканын сарысын шыбашат. Көп эле көрүп жүрөбүз го эч кандай жыйынтык болбогондон кийин анаан больницага алып барышат.
25.09.2018. 15:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
23-05-2017
Соӊку аракети:
26-04-2019 11:50
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бироого куноо таккандан башка эч нерсе билбейбиз. Эмнеге чон энеси 2 кундон кийин алып барат, жолдогу тыгындарга шылтап. Бала керек болсо ошол маалда эле алып барышмак, жерден чукуса да машина таап. Катуу тийсе кечиргиле.
25.09.2018. 15:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
11-08-2018
Соӊку аракети:
15-06-2019 15:44
Жынысы:
Белгисиз
+5
Данектей кызды олтуруп койдунар чала врачтар
25.09.2018. 15:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
895
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
14-06-2019 15:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээх отооо окунучтуу.Апасына сабыр тилейм!
25.09.2018. 18:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
14-06-2019 23:28
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай берген ырыскыдан кемда копда таппайбыз туугандар Ырыскы болсо биз торолгон куну эле бешенебизге жазылган. Балага оз апасындай эч ким куйбойт. Москвага кетпесенер акча аз бирок жаш омур мынтип кыйылбайт беле ..аттинай
25.09.2018. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
27-10-2014
Соӊку аракети:
30-09-2018 03:31
Жынысы:
Белгисиз
+3
Периште кыз жаткан жерин жаннаттан болсунчун. Ушу ата энелер менен врачтарга кайрылат элем адамда жоопкерчилик деген болуш керекда.уяты жок экен баарынын катышы барлардын.кимдин кызы бар болсо ошол адамдар бул окуяны журогу менен сезип жаткандыр деп ойлойм. Урматтуу Ата-энелер балдарынарды таштап кетпей озунор карагылачы сураныч.биз озубуз Москвада иштейбиз балдарыбыз биз мн кудайга шугур кыйналсак дагы ошого кайылбыз.апасы мн атасына терен кайгыруу мн конул айтам.периште кыз
25.09.2018. 18:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
05-03-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чон энеси жолдун тыгынына шылтап 2кун журуп олтуруптурда. Сразу апарбайьы.
25.09.2018. 18:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1121
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
13-06-2019 21:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
Күнөө таянесиндего 3-сентябрь күнү колу сынса 5-сентябрга чейин эмне кылып жүрдү деймда өз убагында алып барыш керек болчу.
25.09.2018. 21:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
17-05-2017
Соӊку аракети:
11-06-2019 00:27
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kiz kechigip kaldi taenesinin ,jana vrachtardin shalaakiliginan
26.09.2018. 00:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
170
Катталган:
11-08-2015
Соӊку аракети:
25-03-2019 20:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшектер айдай кызды олтургон акмакты камаш керек ал акмактарды дагы дабдырайтда кийин жок кылыш керек
26.09.2018. 09:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
28-01-2014
Соӊку аракети:
07-06-2019 21:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
врачтарды бир беткей куноологондон алыс бололу. Энесинен да кеткен.
26.09.2018. 10:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
27-07-2018
Соӊку аракети:
30-05-2019 09:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чон энесинде да куноо бар убагында алып барбайбы ооруган жок, машина жок деп шылтоо кылбай. Сынган кол кантип оорубасын? Чынбы калппы билбейм бирок ооруса да энесинен коркуп айта алган эмес деген создорду да уктук. Врачтар да жоопкерчилик менен иштерин кылса.
26.09.2018. 10:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
185
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
11-06-2019 20:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызды эки кун уйдо эмнеге кармады,эми туштон кийин актанып элди куноолойт. Ошончо жытты кантип сезген жок аял заты кыраакы, баамчыл,болуш керек.жыгылары менен ооруканага алып жонобойбу,тазалыкты сактап жакшы карабайбы туштон кийин бырылдап ыйлап куноону ар кимден издебей. Ата энесин кутпой операцияга бере берсе болмок убакытты текке кетирбей ал жерде ар бир минут эмес секунт аябай зарыл эле. Мына минтип колу эмес озунон ажырадынар озунордун шалаакылыгынардан. Убакытты жон кетиришкен кечигишкен.
26.09.2018. 11:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
15-06-2019 13:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Ананьев айылдагы врачтар эмне жооп беришбейт куноосу бардай,ак ийилет бирок сынбайт дейт Чолпон- Атадагы врач куноосу жок.
26.09.2018. 11:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
15-06-2019 13:09
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне кетбейи
26.09.2018. 14:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
21-08-2018
Соӊку аракети:
05-06-2019 17:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чон энеси озу конул бурган эмес ошол колу сынган эле учурда алып барыш керек эле тем более открытый перелом болсо .врачтардын куноосу да бар дароо больницага жаткырыш керек болчу
27.09.2018. 19:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
24-12-2014
Соӊку аракети:
20-05-2019 17:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон энеде да бар куноо, жана ошону коруп туруп бир нерсе кылбаган врачтарда да
28.09.2018. 11:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-08-2016
Соӊку аракети:
30-09-2018 22:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи куноо чон энесинде анан биринчи алып барган врачта!Чон энеси озуно ишенбесе алып калбай келинине кара Россияга барбай бербейби,жоонума которуп бармакмын дейт ,Ойун болуп такси болбой калды деп койотда а сразу жоонуна которуп ошол куну алып барбайт беле 2 кун кутпой ,эч нерсе болбойт деп койгонда кыздын Жайы жанаттан болсун..
29.09.2018. 01:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
23-08-2018
Соӊку аракети:
16-06-2019 08:28
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колундун бир жерин кесип алсан кандай ооруйт.Ошончо ириндеп кеткиче наристе кантип чыдады.Бул жерде куноо чон энесинде балага кайдыгер карап коюптур жана биринчи барган врачта.Аябай тан калып жатам.Ошончо ирин канына отуп кеткиче корбой,чечип кайра танып бере берген врачтарга.Уят эле кантип иштеп журушот.
30.09.2018. 11:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
313
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
16-06-2019 14:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
0
Кандай болбосун кызды алып баруу керек эле оораканага,таксиге шылтоолоп коюп койбой,куноо энесинде.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22391;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: