Илим-техника өнүгүп жаткан чакта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер өзүн-өзү тейлей алуусу үчүн жакшы технологиялар ойлоп табылууда. Алардын бири – бионикалык кол. Мындай «акылдуу» протез кол, кыскача айтканда, адамдын мээси менен башкарылат жана кадимки кол ордуна пайдаланылат. Кыргызстандык программисттер да чет өлкөлөрдөн кем калышпай, андай колдон үчөөнү жасап чыгарышып, Бишкекте өткөн пластикалык хирургдардын эл аралык конгрессинде экөөнү көрсөтүшүп, жакшы пикирлерге татыды.
Бионикалык кол деген эмне? Bebionic – био (мио) электрдик жасалма кол. Аны менен тамак-аш жегенге, суу ичкенге, бир нерселерди жазганга, клавиатурада тамга тергенге, эшиктин кулпусун ачканга, бир нерселерди көтөрүүгө жана башка кыймылдарды жасоого болот. Алгач Улуу Британияда иштелип чыгып, анан башка жактарга таркалган.
"БИОНИКАЛЫК КОЛДУ ТӨРТӨӨБҮЗ ЖАСАДЫК"
Бионикалык 3 колду тең жасап, учурда алардын түзүлүшүн өнүктүрүп, жакшылап иштеп жатышкан программист балдарга жолуктук. Бизге Дастан Рысалиев мындай маек куруп берди.
– Чакан компаниябыз "Genesis Bionics" деп аталат. Командада 4 жигит иштейбиз. Улан Эркинбек уулу 22 жашта, 3D модельер. Биз жасаган бионикалык колдун механизмдерин ойлоп тапкан жигит. Мен 22 жаштамын, программист жана схемотехникмин. Арген Мухаммедали 21 жашта, идея табуучу жана дизайнер. Адилет Токтогулов 24 жашта, менеджер.
Улан экөөбүз Политехникалык университетте бирге окудук. Экөөбүз тең робот техникасына кызыгып, оюнчук машиналарды жасадык, акылдуу үй программаларын өздөштүрдүк. 4-курста ЖОЖдор аралык жана эл аралык сынакка катышып, өзүбүз жасаган роботтун колун көрсөтүп (кнопкалар менен иштөөчү), алдыңкы орунду жеңип алдык. Анан дипломдук иш үчүн бионикалык колду жасамак болдум. Интернеттен бир жолу микрохирург Султан Тукешов агайдын "бионикалык колду жасоону максат кылуудабыз" дегенин окуп, Улан экөөбүз ага барып таанышып келдик.
Ал кезде Арген менен Адилет Медакадемияда окуп жүрүшчү экен. Арген 3-курста, Адилет 5-курста. Алар менен да интернеттен таанышып, анан баарыбыз чогулуп бир команда болуп иштөөнү чечтик. Кеңсе таптык, Султан агай керектүүлөрдү алып берди. Улан экөөбүз Кытайдан 20 миң сомго 3D принтер алдырып, ошону менен иштөөнү өздөштүрүп жүргөн элек. Агай дагы бир 3D принтер жана 3D сканер алып берди. Төртөөбүз бионикалык кол жасамак болдук. Улан экөөбүз коомдук фонддорго кайрылып, Алия деген кыздын ата-энесин таптык. Анын бир колунун башы тубаса жок экен. Ата-энесине биз өзүбүздүн кызматты сунуштап, "бекер кол жасап беребиз" дедик да, ишке кириштик. Анын колун PLA пластик жибинен жасадык. PLA пластик кант тростнигинен синтезделип алынат жана экологиялык жактан таза, бекем, жеңил пластик болот.
Жасаган колубуз алгач бир нерсени кармап, кайра коё бергенге гана жарады. Колду башкарууда керектелүүчү өткөргүчтөр сыртка салаңдап чыгып калды. Анткени чет өлкөлөрдө колду жасоонун даяр программалары бар, аны сатып алып колдонуп жасай беришет. Бизде андай даяр программа жок болгондуктан программаны Улан апталап иштеп, өзү түзүп чыкты. Ишке кызыгып, күнү-түнү уктабай калдык. Улам бир жаңы нерсени өздөштүрүп, колду түрдүү функцияларды аткара ала тургандай өнүктүрүүнүн үстүндө издене баштадык. Ошентип кол азыркы көрүнүшүнө окшоду. Анан Алияга кийгизип иштетип көрүп, видеого тартып интернеттеги баракчабызга жүктөдүк. Бирок учурда колдун үстүнөн дагы иштеп жатабыз. Салмагы учурда жарым килограммдын тегерегинде болсо, эми 250-300 граммдай гана болот. Кол көп функцияны аткарып, майда нерселерди, мисалы, калем сап кармаганга да жарап калат. Буюрса, 1-2 айда толук бүтүрүп, Алияга тагып беребиз.
Баймырза деген 14 жаштагы балага жана Анара деген эжеге да PLA пластиктен бионикалык кол жасаганбыз. Аларды да өнүктүрүүдөбүз.
Бул экөөнө жасаган колдор 10-сентябрда Бишкекте өткөн пластикалык хирургдардын конгрессинде көрсөтүлүп, жакшы пикирлерге ээ болду.
КОЛ ЗD ПРИНТЕРДЕ КАНТИП ЖАСАЛАТ?
Биз муну жөнөкөйлөтүп түшүндүрүп берели. Биз кимге бионикалык кол жасамак болсок, адегенде Улан анын колун 3D сканерден өткөрөт. Сканерден колдун 3 деңгээлдеги модели, схемасы даярдалып чыгат. Колдун бүтүн жагындагы кайсы булчуңу кандай иштеп жаткандыгы жүрөктүн кардиограммасындай тартылып чыгат да, программа түзүлөт. Ал программа жасалма колду иштетүүчү башкаруучу бөлүккө – платага киргизилет. Плата – микросхемалар топтому. Анда колду кыймылга келтирүү үчүн энергия менен жабдуучу керектүү аккумулятор да бар. Жасалма колдогу датчик кардардын колунун булчуңунун үстүнө жайгаштырылат. Буга чейин биз жасаган колдордо датчик өзүнчө сыртта жайгашкан болсо, эми биз колдун ичине жайгаштырып жатабыз. Адам кийгенде эле датчик керектүү жерде тургандай болот. Датчикте режимдер бар. Мисалы, колду ачып-жумганга, өйдө көтөргөнгө, бир нерсени карматканга жана башка.
Колду сканерден өткөргөндө түзүлгөн модель, схема программасы 3D принтерге киргизилет. Принтерге пластик жипти жайгаштырабыз. Принтер иштегенде жип бир бөлүккө барып ысып эрийт. Принтердин ары-бери кыймылдап турчу башы ал куюлуп жаткан эритме менен схема боюнча алаканды же манжаны тартып жасап баштайт. Суюк пластик дароо катат. Бир катмары жасалган соң кийинки катмары болуп, акыры бир манжа же алакан даяр болот. Манжалардын ар бири өз-өзүнчө басылып чыгат. Анан баарын чогултабыз. Керектүү жерлерине ичке өткөргүчтөрдү жайгаштырабыз. Колдун конструкциясына плата, датчиктер жайгаштырылат.
Кол даяр болгондо адам колду кийди да, стаканды алгысы келип ойлонду дейли. Мээден булчуңдарга сигнал кетти, сигнал датчикке барып, ал кайсы режим керектигин аныктайт. Андан сигнал платага өтөт. Плата өзүндөгү программа боюнча сигналды иштеп чыгат да, колго, манжаларга сигнал берет. Кол кыймылдап, манжалар иштейт.
Кардарлар менен Султан агай иштегендиктен биз кимге кол жасап берген жатсак агай анын колунун булчуңдарын өзү да текшерип, кайсы булчуңу жакшы иштеп жаткандыгын аныктайт да, датчикти ошонун үстүнө жайгаштыруу керектигин айтып берет.
Чет өлкөлөрдө бионикалык колдун баасы 10 миң доллардын тегерегин түзсө, Казакстанда 4 миң долларды чапчыйт. Биз жасагандар элдин чөнтөгүнө оор келбеши үчүн алардан арзан жасалат.
Биз саамалыкты баштап бердик, буюрса, дагы башка компаниялар ачылып, бионикалык колдуу болгондордун тилектери ишке аша баштайт деп ойлойм. Албетте, биз болсо иштеп, эл керегине жарай бермекчибиз.
"УУЛУМДУН КУБАНЫЧЫНДА ЧЕК ЖОК"
Жаңы бионикалык колго ээ болгону турган Баймырза Казакбаевдин апасы Айзат Исакова менен да баарлаштык.
– Биз Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жашайбыз. Уулум Баймырза 14 жашта. 6 жашында ойноп жүрүп, трансформаторго кирип кетип, ток тартып, ток 2 колунун башын (алакан, манжаларын) жарып кеткен. 2 ирет клиникалык өлүмгө дуушар болуп, Кудай буюруп аман калды. Балабызды ошондо эле дароо Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүнө алып келип жаткырдык. Врачтар текшерип, дарылап көрүштү. Акырында «эртең операция, 2 колун тең кесебиз» дешти. Ошол күнү микрохирург Султан Тукешов тууралуу угуп, аны жолдошум издеп таап, алып келди. Ал көрүп, эртеси өзү иштеген ооруканага котортуп алды. Дарылап, 5-6 ирет пластикалык операция жасап жатып, сол колун сактап калды. Оң колунун манжаларын сактап калууга мүмкүн болбогондуктан кесүүгө туура келди. Ошондон бери 8 жыл өттү. Быйыл июнь айында Султан Тукешов бизге чалып, бионикалык колду сунуштады. Макул болдук. Программист балдар балабыздын колунун өлчөмүн алып, жасап башташты. Убак-убагы менен бизди чакырып, колду кийгизип көрүп, кемчиликтерин толуктап жатышты. Жакында өткөн конгрессте кийгизип иштетип көрүштү. Учурда ал колду программисттер дагы өнүктүрүп, жакшылап жасап жатышат. Бүтсө салып беришет.
Уулубуз ручканы 2 колун бириктирип кармап алып жазчу эле, эми бионикалык колдуу болуп калса бир колдоп жазып, 2 колдоп иштерди жасап калат деп кубанып жатабыз. Уулубуздун да кубанычында чек жок.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg