ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 24-СЕНТЯБРДАН 30-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Жүрөк өйүгөн көйгөйлөр болсо жубайыңыздын же өнөктөштөрдүн кеңешине, колдоосуна таянганыңыз оң. Адамдар менен алакалар жакшырат. Болгону шаршемби күнү токтоо болуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын биринчи жарымында жетекчилик тараптан же жеке иштериңизде көйгөй жаралат. Кесиптештер менен кеңешип көрүңүз. Ден соолук да, жумуш да ойдогудай болот. Кесиптештердин сый-урматына татыйсыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бейшембиге чейин документ, иш кагаздарына так болуңуз. Эс алууга убакыт таап, балдарга да көңүл бурууга туура келет. Адаттагы кең пейилдиктен жазбаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Каржы тартыштыгы жаралат. Жакындарыңыз менен жолугушасыз. Үйүңүзгө конок келиши күтүлүүдө. Андыктан даяр болуңуз. Үй-чарба иштери жакшы бүтөт. Үй-бүлөдө түшүнүүчүлүк өкүм сүрөт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Күтүлбөгөн тоскоолдуктар жаралса капаланбаңыз. Кошуна, дос, бир туугандардын жардамына таянсаңыз жыйынтыгы жаман болбойт. Кыска мөөнөттүү сапарга чыгасыз. Жолуңуз ачык болот. Жагымдуу кабар угасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жумушуңузда пикир келишпестиктер чыгат. Сабырдуу болуңуз. Душмандардан сак болуп, ден соолукка көңүл буруңуз. Көнүгүүлөрдү жасаңыз. Көпчүлүктүн сый-урматына ээ болосуз. Капчыгыңызды даярдаңыз, акча тийиши күтүлүүдө.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Достор, эс алуу, балдар жаатында айрым көйгөйлөр жаралат. Капа болбой туруңуз, жакында баары өз нугуна түшөт. Иштериңиз илгерилей баштайт. Сырткы келбетиңизге маани бериңиз. Анткени сизге көп көңүл бурулат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жумуштарын бүтүрүү үчүн активдүү болуу зарыл. Ачууга алдырбаңыз. Дос, өнөктөштөр менен болгон мамиле солгундайт. Өз алдыңызча иш алып барууга аргасыз болосуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Документ, иш кагаздары, көзөмөл органдары тараптан көйгөйлөр жаралса дос, өнөктөштөргө кайрылыңыз. Алар жакшы колдоо көрсөтүшөт. Көптөн күткөн үмүттөрүңүз орундалышы үчүн чечкиндүүлүк талап кылынат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Акча, бөтөн буюмдарга байланыштуу маселеге туш болосуз. Аны чечүү үчүн жетекчиликке же өкмөт адамдарына кайрылыңыз. Алардын колдоосу көп нерселерге жол ачат. Андыктан чечкиндүү болуп, аракетти баштаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада айрымдар менен алакаңыз бузулат. Маанайыңыз өзгөрүлүп турат. Активдүүлүгүңүз күчөп, бул бир айга созулат. Башка жактык өнөктөштөр, жек-жааттар, текшерүү органдары менен жакшы тил табышасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жумушуңузга, ден соолукка кош көңүл карабаңыз. Болбосо артында көйгөй жаралат. Жашыруун душмандардан сак болуңуз. Жаңы буюмдуу же акчалуу болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан