ГОЛОВКИН КАРЬЕРАСЫНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ УТУЛДУ

16-сентябрь күнү Лас-Вегас шаарында профессионал мушкерлер Геннадий Головкин менен Сауль Альварес экинчи ирет беттеш өткөрүп, казакстандык мушкер алгачкы ирет жеңилүү ызасын тартты. Муну менен ал орто салмактагы WBA, WBC жана IBO титулдарынан кол жууп калды. Бул эки мушкердин ортосундагы биринчи беттеш былтыр тең чыгуу менен аяктап, 2018-жылдын май айында экинчи беттеш болору жарыяланган. Бирок анда Альварес допинг-тесттен өтпөй калганы үчүн рематч сентябрга жылдырылган эле.

Аты-жөнү –
Головкин Геннадий Геннадиевич

Туулган жылы, айы, күнү – 8-апрель, 1982-жыл

Туулган жери – Караганда шаары, Казакстан

Жашаган жери – АКШ , Лос-Анжелес

Бою – 179 сантиметр, салмагы – 72 килограмм

Каймана аты – GGG, “Нокауттун падышасы”

Машыктыруучусу – Абель Санчес

ГОЛОВКИН ЖЕҢИЛҮҮГӨ КӨНГӨН ЭМЕС

Т-Mobile аренасына жана сыналгынын маңдайына миллиондогон күйөрмандарды чогулткан эки арстандын беттеши толук 12 раундга созулду. Алгачкы мүнөттөрдө эле Альварес рингдин ортосуна туруп алып Генага чабуул жасоону баштады. Головкин мындайга көнгөн эмес. Ал каршылаштарын дайым өзү качырып мушташчу. Бирок бул жолу ал Саулдун ыкмаларына көнгөнчө беттеш ортолоп калды. Калган мүнөттөрдө Геннадий каршылашынын үстүнөн үстөмдүк кылууга канчалык аракет кылбасын, мексикалык мушкер ага татыктуу жообун берип жатты. Мушташ окшош сценарий менен уланып отуруп, 10-11-раундда Головкин күйөрмандарына убактылуу болсо да кубаныч тартуулады. Ооба, убактылуу. Анткени казакстандык мушкер каршылашын нокаутка жыга алган жок. Ошентип бул айыгышкан беттешти эки калыс Альварес жеңди деп бааласа, бирөө тең чыгуу менен аяктады деп чечкен. Эсеп: 114-114, 113-115, 113-115.

ГЕНА КАРЫДЫБЫ ЖЕ ТАКТИКАСЫ ТУУРА ЭМЕСПИ?

Рингде утулуп көрбөгөн Гена бул беттештен муштумдан эле эмес, психологиялык жактан да сокку алганы талашсыз. Бул жолу Головкинге салыштырмалуу Альварес басым көрсөтүү жагынан да алдыда болду. Ал күйөрмандардын эле эмес, калыстардын көзү үчүн да мушташ көрсөттү. Анан албетте, финалдык раундда беттештин кыйыны экенин далилдеди. Бул таза жеңиш экенине Головкиндин машыктыруучусу Абель Санчес да кошуларын билдирди.

36 жаштагы Головкин ушуну менен 40-жолу профессионалдык деңгээлде рингге чыгып, биринчи ирет жеңилди. Генаны бул жолу Альварес гана токтото алды. Анын карьерасына тең чыгууну да, жеңилүүнү да “белек кылган” так ушул 28 жаштагы мексикалык Сауль Альварес болду. Ал өз карьерасында 1 ирет жеңилип, 2 жолу тең чыгып, 50 жолу жеңишке жеткен.

ҮЧҮНЧҮ БЕТТЕШ БОЛОБУ?

Беттештен соң эксперттер жана күйөрмандар “Альварес чемпион болгудай эч нерсе жасаган жок”, “Калыстар калыстыгын кылбай койду”, “Ким чындап кыйын экенин далилдөө үчүн үчүнчү беттеш болушу керек” деген пикирлер айтылууда. Бул боюнча Геннадий чет элдик басылмаларга: “Альварес – мен боксто кездештирген эң күчтүү каршылашым. Аны менен үчүнчү жолу да беттешке чыккым келет”,- деп билдирген. Ал эми жаңы чемпион аталган Альварес: “Эгер коомчулук Головкин экөөбүздүн кайрадан беттешүүбүздү кааласа, мен рингге чыгууга даярмын”- дейт.

Демек, алдыда Головкин-Альварес беттешин кайрадан көрүп калышыбыз мүмкүн. Карьерасын жыйынтыктап койгон Флойд Мейвезер Мэнни Пакьяо менен мушташам деп жатканда бул экөө айттырбай эле 3-беттешин өткөрүшү керек го...

АР БИР ЖЕҢИШИН АТАСЫНЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЙТ

Геннадий Головкин 1982-жылы Казакстандын Караганда шаарында жарыкка келген. Көпчүлүк карагандалыктар сыяктуу эле ал кезде анын атасы да шахтада иштеп үй-бүлөсүн бакчу. Генанын эки агасы 1990-жылдары аскерге барып каза табышса, мушкердин өзүнөн 15 мүнөткө кеч төрөлгөн эгизи Максим учурда бокс боюнча Казакстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Эгиздер чогуу өсүп, чогуу чоңоюп, бир класста окуп, алтургай бокс ийримине да бирге барып, бир салмак категорияда мушташышкан. Экөөнүн бир туугандык сүйүүсүн мындан билиңиз, ага-ини эч качан рингде атаандаш болгон эмес. Эгер жагдай бирине- бири каршы чыга турган болуп калса, эгиздердин бирөөсү сөзсүз беттештен өз каалоосу менен четтеп берчү.

Мушкердин атасы орус болсо, апасы корей кызы. Тилекке каршы, Генанын атасы 2014-жылы 69 жашында дүйнөдөн кайтат. Мушкер Геннадий Головкин азыркыга чейин ар бир жеңишин атасынын жаркын элесине арнаарын айтып келет.

Геннадийдин жубайы Алина Головкина да карагандалык. Экөө 07.07.07 деген кооз датада баш кошушкан. Ортодо бир уул, бир кызы бар.

 

– ГЕНА КАЙДА?
– КАРАГАНДАДА

“Караганда өтө кооптуу шаар болчу. Жергиликтүүлөрдүн арасында ким мыкты экенин далилдеш үчүн мушташа берчүбүз” деп Головкин өзү туулуп-өскөн шаарды эскерет. Ооба, эгер Гена өз учурунда спортту тандап кетпегенде балким, баңгиликке, ичкиликке же кылмыш дүйнөсүнө аралашып кетмек. Жакшы тарбия, туура багыт жана спорт аны үлгүлүү жигит кылып чоңойтту.

Гена 9 жашынан бери бокс менен машыгат. Ийримге жазылгандан эки жыл өткөн соң облустук мелдештерге катышып, ийгиликтердин барактарын ача баштайт. Андан соң республикалык деңгээлде, кийин эл аралык мелдештерде өзүн көрсөтүп, келечекте чоң мушкер чыгарын тастыктайт. Дымагы күчтүү Геннадий Головкин профессионал катары биринчи беттешин 2006-жылы өткөргөн.

“МЕН КАЗАКМЫН”

GGG кайсы жерде жүрбөсүн өзүнүн казакстандык экенин айта жүрөт. Бир жолу журналисттерге интервью берип жатып тамашалап: “Атам орус, апам корей улутунда. А мен казакмын” деп айтканы бар. Мушкер Лос-Анжелесте жашаганына карабай, балалык издери калган жерге, ата-энесине байма-бай келип турат. Казакстан тууралуу анын “Мен эч качан жарандыгымды алмаштырбайм. Карьерамдын аягына чейин өзүмдүн өлкөмдүн атынан мушташа берем. Баскан-турган жеримде казакстандык экенимди айтып турам” деп белгилеген.

Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Dembele84
2018-09-25 09:59:23
Бир дагы женилууну билбеген кучтуу боксер эле,акыркы мушташында тактика туура эмес болуп калды окшойт.
+3
Matahara1980
2018-09-27 00:15:44
Эмне Пакьао менен Мейвезер кайра мушташат бекен?
+3
Birimdik5555
2018-09-30 03:29:39
Азамат кийинкиде женишке жет. Туулган жердин топурагы алтын да
0
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан