ЭРБОЛ БАКИРОВ КҮРӨШ БОЮНЧА ЖАШТАР АРАСЫНДА ЧЕМПИОН БОЛДУ

Словакиянын Трнава шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргыз спортчулары 6 салмак ченинде күч сынашты. Анда кыргыз спортчусу Эрбол Бакиров финалда алтын медаль үчүн күрөштү. Балбан чейрек финалда германиялык Чловелла Ван Мэйерди 13:3 эсебинде утуп, жарым финалда орусиялык Азамат Каировду 68 секунд ичинде жеңип, финалга чыккан.

18-сентябрь күнү финалдык беттеште Бакиров египеттик Ахмед Мохамед менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө ал каршылашынын үстүнөн таза жеңишке жетип, жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону аталды.

Оюндан соң Бакиров бул жеңишин Кыргыз элине арнаарын айтты.

 

Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
cholpon119966
2018-09-25 11:00:11
Азаматсын, жениш учун рахмат.
0
tilek-x
2018-09-25 12:54:56
Азаматсың Эрбол дагы Кыргыз элине көөп көөп алтындарды алып кел ийгилик иним!!!
0
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан