Аталган биринчиликте грек-рим күрөшү боюнча дагы бир кыргыз балбаны 19 жаштагы Акжол Махмудов да күч сынашты. Махмудов 77 килограммга чейинки салмак ченинде килемге чыгып, коло медаль үчүн күрөштө АКШлык Камал Амир Бей менен кез келди. Беттеш 8:1 эсебинде кыргыз балбанынын жеңиши менен аяктады.
Муну менен Акжол Махмудов жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун коло медалын тагынды.
Кошумчалай кетсек, Камал Бей менен Акжол Махмудов 2017-жылы өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалында кездешип, анда АКШлык балбан жеңишке жеткен.
Коло байгенин ээси беттеш боюнча өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына: “Баары реванштык беттештин болорун күтүшкөн. Бирок спортчу деген өзүнүн каршылаштарына айкөлдүк менен мамиле кылышы керек деп ойлойм. Чыдамкайлык менен алдыга умтулуу ой-тилектердин ишке ашышына өбөлгө түзөт”,- деп жазды.
Алтынай Тынышова
sport@super.kg