UFC. ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО МЕНЕН ЙОАННА ЕНДЖЕЙЧИК МУШТАШАТ

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC’нин мурдагы чемпиону польшалык Йоанна Енджейчик менен мушташат. Енджейчик 2015-жылдын июнь айынан 2017-жылдын ноябрына чейин 57 килограмм салмакка чейинкилер арасындагы UFC’нин чемпиону болуп келген. Бул эки мушкер буга чейин спорттун муай-тай түрү боюнча 3 ирет беттеш өткөзүшүп, үчөөндө тең Шевченко жеңишти камсыздаган эле.

Польшалык балбан “Менин колумдан баары келет деп ойлочумун, бирок Валентинадан 3 ирет утулган соң дагы да болсо эмгектене беришим керек экенимди түшүнгөм. Кийин ошол беттештерден алган тажрыйба мени UFC’нин чемпиону кылды десем болот” дейт.

Эскерте кетсек, азыркы күндө 30 жаштагы Валентина Шевченко UFC`нин рейтингинде алдыңкы сапта турат.

Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан