– Сен эгиздер турбайсыңбы?
– Ооба.
– Бир орунда турбаган, шашма, тамакты да шашып жеген немесиң го, ээ? Силер жаман кооптуу калксыңар.
Биздин бул алгачкы сүйлөшүүлөрүбүздөн. Таң калдым. “Кудайга тобо, эркек кишинин жылдыз белгилерине кызыгып, андагы мүнөздөрдү билгенин биринчи көрүшүм”. Ичимден жаман көрө түштүм. Бир чети кызыктым.
– Сенин жылдыз белгиң эмне?
– Бөйөн
Дароо өчтүм. “Мындан ары бул адам менен байланышыштын кереги жок” деп чечтим. Анткени мурун бөйөн жылдызындагы адам менен мамилем бар болчу. Эң кейикчил, пессимист адамдын жанында жүрөгүм сыгылып кетпейби. Кийин көп жолу жазып жүрдү, мен жооп бербей койдум. Ал өжөр болчу. Акыры чыдабай телефонума чалды.
– Эмне менден качып жатасың?
– Жөн эле, жакпайсың.
Башка адам болсо “башымды оорутпай жакшысын таап ал” деп коюп салмак. Бул антпейт да.
– Жылдыз белгибиз туура келбейт.
Оозумдан чыныгы себеп чыгып кетти. Тиги каткырып эле жатып калды.
– Ой, боорум, ай, ошол да себеппи? Жиндисиң го сен даана. Жылдыз белгибиз келишпегенин кайдан билесиң?
– Бөйөн менен эгиздер эч келишпейт. Баштан өткөн.
– Аа, ошондойбу? Мейли анда.
Эми катуу тийди көрүнөт, коюп салды. Ортодон бир топ убакыт өттү. Чимирилген күндөр менен кошо өмүр өтүп жатты. Менин эсиме болсо кылт этип түшө бердиң. Баарынан эсимде калганы күлгөндө бырыша түшкөн чекеңдеги сызыктар эле. Бөйөндөргө тиешелүү камкордугуңду жоктоп калчу болдум. Бир күнү бир кечеден жолуктук. Хм, куду эски жараны бирөө тырмап жаткандай кыйналып кеттим. Андан да оору – ал кайсы бир кымча бел кызды белинен кучактап алган экен. Көрүнбөй кетип калайын деп ойлогом, бирок көрүп калды. Жылуу учурашты.
– Кандайсың?
– Салам.
Жалпы тааныштарыбыз да бар эле, саламдашып сүйлөшүп калдык.
Көзүм тиги кызда. Акыркы мода менен тигилген кийими идеалдуу жарашкан, жасалма кирпик чапталган, маникюру укмуш эми. Жанымдан өтүп кетсе атыры мурдуңду жарат. Анын жанында мен... Мен деле ушинтип жасанып жүрө алам да, чынында. Жо-ок, жүрө албайм го. Аргасыз бир фильмдеги “если надо и обезьяну можно научить” деген фраза эсиме түштү.
– Эмне ойлуу болуп кеткенсиң?- дедиң.
– Ойлуу эмесмин, сага ошондой көрүнүп жатса керек.
– Эгиздердин көздөрү күйүп, тез-тез кыймылдап жүрөт го. Сен такыр окшобойсуң.
– А мен эгиздерге окшобогон эгиздермин.
– Анда, балким, мен да бөйөнгө окшобой калгандырмын.
Тиктеп калдым. Ошол учурда сагынганымды сездим. Күндө бөйөндөй болуп чагып турсаң дагы мен сенден баш тарта албасымды билдим. Биз көп жолуга баштадык. Тиги белинен имере кучактап турган кызды такыр унутуп калдың окшойт. Кийин үйлөндүк. “Силер эч качан үй-бүлө боло албайсыңар, эгиздердин кайдыгерлигинин алдында бөйөн байкуштун сезимтал жан дүйнөсү кыйрап түшөт. Нике көпкө узабайт” деп бадырайта жазылып турса да үйлөнүп алдык. Көз тийбесин, өтө идеалдуу болбосок да, уруш жок. Айтайын дегеним, ортодо сүйүү болсо астрологиянын теорияларын деле четке жылдырып салса болот тура. Болгону сүйүш керек экен. Чындап, жүрөктөн...
Назгүл