“2005-жыл. 16-март. Таңкы саат 8. Мен досум менен Ростов шаарынан Москвага келдим. Автобекеттен түшкөнүбүздө чөнтөгүбүздө бир да тыйын жок болчу. Колдорубузда кийимдерибиз салынган сумкалар гана бар эле. Баалуу нерселердин ичинен Богдан Титомирдин телефон номери жазылган кагаз бар болчу”,- деп Орусиянын эң белгилүү рэп аткаруучусу Баста Москвага келген алгачкы күнүн эскерет...
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Вакуленко Василий Михайлович
Туулган жери – Ростов-на-Дону шаары, Орусия
Туулган жылы – 20-апрель, 1980-жыл
Кесиби – Рэп аткаруучу, композитор, продюсер, актёр, сценарист, алып баруучу
Учурда – «Gazgolder» чыгармачылык тобунун жетекчиси
Белгилүү ырлары – “Менин оюнум” (“Моя игра”), “Апа” (“Мама”), “Сансара”, “Бүтүрүү кечеси” (“Выпускной”) жана башкалар
КЫСКА-НУСКА
Сүйүктүү футболдук клубу – “Ростов” жана “Ливерпуль”
Хоббиси – Сноуборд менен коньки тебүүнү жактырат
Чыныгы досу – Достукка ишенбейт
Кумири – Чоң атасы
Жакшы көргөн сериалы – “Ганибал”
Жашоодогу негизги максаты – Бир гана музыка менен алектенүү
Жакшы көргөн китептери – Л.Н. Гумилёвдун тарыхый чыгармалары
Жактырган социалдык түйүнү – Инстаграм
АСКЕР ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨН ЧЫККАН РЭПЕР
Баста деген каймана ысымы менен элге таанылган Василий Вакуленко аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы аскер адамы болгондуктан иш сапарларга чыгып, үйүндө көп болчу эмес. Апасы базарда сатуучу болуп иштечү. Ата-энесинин убактысы аз болгондуктан кичинекей Васяны чоң атасы менен чоң энеси тарбиялаган. Мектепте окуудан сырткары музыка менен алектенчү. Музыкага аралашып калганына чоң апасынын таасири чоң, себеби ал “балам, бул нерсе азыр сага жакпаса, кийин жардамын берет” деп айткан. Ошол кезде чоң энесинин айткан сөздөрү ага дайыма күч бергенин белгилейт.
15 жашынан тарта рэп жазып, топ түзүүгө эң алгачкы аракеттерди көрө баштайт. Мектепте 9-классты аяктаган соң ал музыкалык окуу жайдын дирижёрлук бөлүмүнө тапшырат. Бирок биринчи курсту бүтөрү менен окуусун таштап салат, себеби эч кандай практикалык мааниси жок деп эсептеген.
“Мен чоң апама ыраазычылык билдирем. Ал мага келечекте эмне менен алектенеримди аныктаганга жардамын берди. Эң биринчи музыкалык синтезаторду мага сатып берип, музыкалык мектепке жетелеп барган адам дагы ушул”.
АТАКТУУЛУКТУ АЛЫП КЕЛГЕН “МЕНИН ОЮНУМ” ЧЫГАРМАСЫ
1997-жылы 17 жашында “Баста Хрю” деген лакап аты менен рэп дүйнөсүнүн эшигин ачат. Алгачкы хит ыры, албетте, азыркы күнгө чейин көпчүлүктүн эсинде калган “Менин оюнум” аттуу чыгармасы. Бул ырды 18 жаш курагында жазат. Эң биринчи жолу бул чыгарманы ал Ростов шаарынын Спорт ордосунда ырдап чыккан. Дал ушул чыгарма жаштардын арасында хитке айланып, кийинчерээк рэперге атактуулукту алып келген. Ушундан тарта Баста музыкант катары активдүү иштеп, Ярославль облусун түрө кыдырып концерт коюп, аты бир топ таанылат.
2002-жылы Баста жакын досу Юрий Волос экөө үйүндө үн жаздыруучу студия ачышат. Вакуленко эски ырларын жаңылап, жаңы ырларды жарата баштайт. Бирок аларды колдоого алган продюсер табылбайт. Ошондо ал бийиктикти багынтуу үчүн досу менен Москвага сапар алышкан. Бастага ийгилик кушу жылмайып, анын ырларына Богдан Титомир баа берет жана Бастаны «Gazgolder» чыгармачылык топко алып келет. Азыркы тапта бул топту Баста жетектейт.
“1998-жылы мен Ростов шаарындагы концерттердин биринде “Менин оюнумду” аткардым. Эртеси көчөлөрдө, машиналарда, бардык жерде бул ырым жаңыра баштаган”.
ДЕЦЛ & БАСТА
2016-жылы Баста жетектеген «Gazgolder» чыгармачыл тобу түнкү клубдардын биринде концерт уюштурган. Концерт көп убакытка созулуп, музыканын үнү катуу болгондуктан шаардыктардын тынчын алган. Бул окуядан кийин рэпер Децл (Кирилл Толмацкий) өзүнүн Твиттер баракчасында бул чыгармачыл топко байланыштуу негативдүү пикирлерди калтырган. Ал катуу музыка менен концерт коюп, жергиликтүү жашоочулардын тынч уйкусун бузуп жатканын сынга алган. Баста бул пикирлерге көз жумганды каалабай, жооп катары өзүнүн социалдык баракчасына “Децл – үрпөйгөн айбан” деп жазат. Бул сөзгө капаланган Толмацкий “моралдык зулумдук жана коомдук шылдыңдоо” деген айып менен сотко кайрылат. Соттун чечими менен Баста 50 000 рубль төлөгөнгө милдеттүү болот.
КҮЙӨРМАНЫНА КҮЙӨӨ БОЛГОН
Бастанын жубайы Елена анын күйөрманы болгон. Ал рэпердин чыгармачылык кечелерине байма-бай барып турган жана экөө ошондой кечелердин биринде таанышып калышкан. Бирок сүйүү мамилесин куруу Баста үчүн оңой болгон эмес. Себеби анын сүйгөнү белгилүү журналист Татьяна Пинскаянын кызы Елена Пинская болгон. Башында кыздын достору дагы, үй-бүлөсү дагы Бастаны жактырган эмес. Бирок рэпер өзүнүн тайманбастыгы менен алардын оюн өзгөртүүгө жетишкен. Кийин кайненеси Бастанын чыгармаларынын маанисинин тереңдигин түшүнүп, рэпердин күйөрманына айланган.
2009-жылы Василий Вакуленко жана Елена Пинская мыйзамдуу түрдө баш кошуп, ошол эле жылы алар Маша аттуу кыздуу болушат. Улуу кызы атасынын жолун улап чыгармачылыкка жакын. 2013-жылы түгөйлөр экинчи ирет ата-эне болуу бактысына ээ болушуп, ага Василиса деген ысым коюшат. Кыздарынын төрөлүшү рэпердин жашоосун 180 градуска өзгөрткөн.
“Кыздарым менин жашоомо түркүн түстөрдү алып келди. Ага чейин мен күндүн кантип өткөнүн деле байкачу эмесмин. Азыр болсо таңдын атканы, батканы көзүмө өзгөчө кооз көрүнөт”.
КААРМАН ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
► 2014-жылдын 24-октябрында Вакуленко «Gazgolder» аттуу тасманы тартат. Ал бул тасмада режиссёр гана болбостон, продюсер, сценарист, композитор жана актёрдун милдетин да өзүнө алган.
► Аткаруучунун сол бутунда микрофон кармаган маймылдын сүрөтү түшүрүлгөн тату бар. Бул сүрөт символикалык мааниге ээ. Себеби рэпер маймыл жылында жарык дүйнөгө келген. Ал эми микрофон анын жашоосу музыка менен гана байланыштуу экенин түшүндүрөт.
► “Баста” рэпердин жалгыз лакап аты эмес. Аткаруучу Баста Хрю, Баста Бастиллио, Ноггано, Нинтендо деген ысымдары менен да таанымал.
► 2017-жылы 22-апрелде Москва шаарында “Олимпийский” спорт комплексинде болгон концерти 35 000 күйөрманды топтогон. Бастага чейин бир дагы орус ырчысы мынчалык күйөрман чогултуп концерт берген эмес. Бул концертте ал сахнада кызы менен дуэт аткарган.
Кубан Жумамидинов
star@super.kg