Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “ПАРЛАМЕНТАРИЗМ ҮЧҮН АТАМБАЕВ МЕНЕН БИРИГЕ АЛАМ”

Эгемендүү Кыргыз тарыхында эң жаш министр болгон, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, акыркы жылдары оппозицияда келе жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков жакында экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушканын жарыялады. Дээрлик 7 жыл эки башка жээкте жүргөн бул эки саясатчыны жолугууга түрткөн эмне? Ушул жана өлкөдөгү азыркы кырдаал тууралуу Равшан мырза менен маектештик.

– Равшан мырза, жакында экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолукканыңызды жарыяладыңыз. Бул үчүн сизди “туруксуз” деп сындагандар абдан көп болду. Даяр белеңиз буга?

– Саясатта ар бир кадамды ойлонуп, анан таштайм. Алмазбек Атамбаев менен 7 жыл иштешкен жокмун, мамлекеттеги туура эмес деген иштерге эч кандай салымым болгон жок. Тескерисинче, президент Атамбаевге сын айтып оппозицияда жүрдүм. Бүгүн Атамбаевди баары таштай качып, колунда бийлиги жок турганда ал кишиге жолугуу, саясатты талкуулоо, келечекте чогуу ишке ашыра алышыбыз мүмкүн деген идеяларды сүйлөшүп алуу мен үчүн аябай маанилүү. Атамбаев менин “парламенттик мамлекет курушубуз керек” деген көз карашымды колдогон президент болду. Бул жагынан бизде чогуу иштешүүгө мүмкүнчүлүк бар. Балким, алдыда оппозицияга өтө турган болсом, Атамбаев менен кандайдыр бир багыттарды чогуу координация кылып иштешүүгө мүмкүнчүлүк болобу деген ойдо көрүнүктүү саясатчы катары сүйлөшүүнү туура көрдүм.

– Аны менен бирге кийинки парламенттик шайлоого барышыңыз мүмкүнбү?

– Азырынча “ооба” деп айта албайм. Анткени биздин саясат азыр башка, жазында таптакыр башкача болот. Андан кийин өлкөдө аябай курч саясий кырдаал түзүлүшү мүмкүн. Ошондуктан биригүүлөр, алыстоолор тууралуу азырынча так жооп айтуу кыйын.

 

– Алмазбек Атамбаевди бийликтен кеткен соң сындап, сөгүп, мазактагандар кескин өстү. Эмне себептерден улам коомчулукта ушундай маанай түзүлдү деп ойлойсуз? Анын президент катары өлкөгө жасаган жакшылыгы, ошондой эле залалы эмнелер болду?

Атамбаев бийликте турганда саясатчылардын көбү ага кошомат кылып жүрүшкөн. Мен Атамбаевди өмүрү сындабайт болуш керек” деген адамдар бүгүн аны сындаганда Атамбаевге 7 жыл оппозицияда жүргөн мен уялып жатам. Убагында Атамбаевдин жанынан чыкпай, “президент баарын туура кылып жатат” дегендер бүгүн аябай катуу сындап, жаман сөздөрдү айтып жатышат. Биз бийликтин катасын убагында айтканды үйрөнүшүбүз керек. Коомдук сын да мамлекетте чечимдер кабыл алынып жатканда айтылышы кажет. Баары бүткөн соң сын айтуу маанилүү болбой калат. Кетирилген катачылыкты кийин оңдоо мүмкүн эмес.

– Бишкектик шайлоочулар каршы чыкканына карабай шаардык кеңеш курулуш компаниясынын кожоюнун мэр кылып шайлады. Укук коргоочулар кескин сындаганына карабай КСДП фракциясы мурунку чекистти акыйкатчылыкка көрсөттү. Мындай “бузулган айлампаны” канткенде буза алабыз?

– Кадр саясатында катачылык көп болууда. КСДП фракциясы УКМКнын мурдагы жетекчилеринин бири, өмүрү адам укугу, сөз эркиндиги, демократия деп күйүп-бышпаган адамды акыйкатчы кылабыз деп жан үрөп жатат. Ал эми Бишкек шаарынын башына өмүрү шаардын маселесин көтөрбөгөн адамды бийликтин колдоого алышы да коркунучтуу процесс. Бул сөзсүз түрдө бийликтин кадыр-баркына, мамлекеттин келечегине терс таасирин тийгизет. Эгер мурдагыдай эле кошоматчыларды, бийликке ыңгайлуу адамдарды кызматка коюу улана берсе, анда бул азыркы бийликтин чоң каталарынын бири болот.

– Депутаттарчы? Алар шайлоочулар “иште, биздин таламды талаш, биздин кызыкчылыкты корго” деп жиберген делегаттар да, бийликтики эмес...

Акаевдин тушунда Акаевге оппозиция болгон саясатчылардын парламентке келишине мүмкүнчүлүк бар эле. Бакиевдин доорунан тарта бийлик оппозициялык саясатчыларды парламентке өткөрбөө үчүн жан үрөп иштөөнү үйрөнүп алды. Азыр да оппозициялык талаада бийликке баланс боло турган күч жок. Мына, Атамбаев бийликте турганда баары анын көзүн карап отуруп, бийликтен кеткен соң таштап кетишти. Эгер оппозициялык саясатчыларды парламентке жолотпоо боюнча Атамбаевдин ишин кайталай турган болсо, Жээнбековдун да тагдыры дал ушундай болот. Парламентте сөзсүз бийликке татыктуу күчтүү оппозиция болушу зарыл, болбосо аны коом, бийлик өзү түзүшү керек.

– Сапар Исаков, Албек Ибраимов тергөө абагында. Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаевага карата укук коргоо, көзөмөл, коопсуздукту коргоо органдарында суроо жокпу?

– Президент “укук коргоо органдары аябай коррупциялашып кеткен” деди. Анда биринчи кезекте ал органдардын башчылары: Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, ички иштер министри, Каржы полициясынын өкүлдөрү жоопкерчиликке тартылышы керек эле. Бирөөсү да тартылган жок. Ушул эле адамдар оппозицияны жок кылууга, жарандык коомду басмырлап, коомго мокочо көрсөтүүгө да аябай салым кошушту. Эгер президенттин аракети чын болсо, анда сөзсүз буларды жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүрүшү зарыл.

– 2016-жылы Белизден келди деп президентти кошуп жарыя кылынган, КТРКдан эртели-кеч тынымсыз кайталап берилген маалымат жалган болуп чыкты. Мындай окуялар боюнча тийиштүү органдар ыкчам чара көрүшү зарыл беле?

– Бүт мамлекеттик ЖМКларды, укук коргоо органдарынын мүмкүнчүлүгүн пайдаланып коомго калп маалымат таратып, ал аркылуу саясий атаандаштарын жаман көрсөтүп, аларга кылмыш ишин козгоого аракет кылып бирок аягына чыкпай калышы – бийликти аябай уят кылды. Бул моралдык гана жагы. Ал эми Сегизбаев менен Жолдубаевага "коомго жалган маалымат таратуу", "кызматтык абалын кыянат пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши ачылышы керек эле. Али да кеч эмес. Азыркы укук коргоо органдары ачпаса, бул боюнча жакынкы жылдары сөзсүз кылмыш иши ачыларына ишенем.

– Коомдук деп аталган мамлекеттик каналдын жоопкерчилиги кандай бул окуяда?

– Белиз окуясын “кылмыш иши бар” деп коомго тараткандар бир адамга кызмат кылып, коррупцияны уюшуп жасашкан десе болот. Бул ишке көп адамдар аралашкан. Ким экенинин айырмасы жок, эгер укуктук мамлекет курабыз десек, баары жоопко тартылышы керек.

– Абдил Сегизбаевдин “Жээнбеков менен келечекти сүйлөштүк” дегенин кандай кабыл алдыңыз? Комитеттин мурунку башчысы Жээнбековдордон кандайдыр кепилдик алдыбы?

– Бул мен үчүн да абдан кызык. Абдил Сегизбаев УКМКнын мурдагы төрагасы катары президентке сигнал бергендей сезилди. “Менде азыркы бийликке компроматтар бар, эгер бийлик мага кылмыш ишин ачса, анда ошол компроматтарды ачыктайм” деп президентке шантаж жасагандай туюлат. Компроматы бар-жогун билбейм, мүмкүн чын эле топтоп койгондур. Анткени биздин саясий систем ушундай нерселерге жол берет. Сегизбаевдин колунда баарыбыз үчүн маалыматтар болгон, аңдыганга, тыңшаганга мүмкүнчүлүгү болду. Каржы жагынан да маселе болгон жок. Бюджет комитетинде иштеген экс-депутат катары билем, УКМКнын бюджети аябай чоң. Аны эч ким көзөмөлдөй албайт.

– Саясатта туруктуу позицияны кармоо мүмкүнбү?

– Саясатта принциптер, баалуулуктар туруктуу кармалышы керек. Булар тез-тез өзгөрсө, анда саясатчынын саясаттагы орду жоголот. Мен үчүн демократиялык баалуулуктар жана принциптер саясатта эң баалуу. Ал эми саясий көз карашым принципиалдуу эмес, өзгөрө берет. Мисалы, кечээ Атамбаевди жек көрчүмүн, бүгүн сүйлөшүүгө даярмын. Бирок анын демократияны чектеген, басым жасаган принциптерин сындап жүргөм, мындан ары да сындай берем.

– Сиз принципиалдуу түрдө бирикпейм, иштешпейм деген саясатчы, саясий күч барбы?

– Кимдир бирөөнү атап “эч качан бирикпейм” деп айта албайм. Мисалы, Атамбаев менен жолугууда Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү маселесин кенен талкууладык. Демократияны колдогон саясатчы катары Атамбаев менен ушул багытта гана бириге алам, ушул багытты гана талкуулай алам. Эртең президент Жээнбеков авторитардык бийлик курам деп чыкса, анда аны сындап, туура эмес экенин айта ала турган саясатчылардын биримин.

– Өлкөнүн башчысы Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси башкаруучу коалициядагы депутат. Мындай абал өлкөгө кайрадан үй-бүлөлүк башкаруу кайтып келет деген коркунучту жаратышы мүмкүнбү?

– Андай коркунучтар бар. Себеби УКМК, прокуратура, парламент өңдүү үй-бүлөлүк башкарууга каршы туруучу институттар алсыз. Мамлекеттик институттар алсыз чөйрөдө үй-бүлөлүк башкарууга кирип кетүү коркунучу аябай жогору. Андыктан ЖМКлар, жарандык коом ушул абалды көзөмөлдөп турушу керек. Эгер жакынкы убакта президент өзүнүн саясий, экономика, кадр маселелери боюнча чечим кабыл алуу механизмдерин комго ачык көрсөтпөй турган болсо, анда биз бийлик үй-бүлөлүк башкарууну көздөй бурулуп баратат деп ой жүгүртүүгө аргасыз болобуз.

– Ар бир жаңы келген бийлик мурунку бийликтен куугунтук көрүп, кылмыш ишине илинген, соттолгон саясатчылардын ишин кайра карап, дээрлик бардык учурда актап келген. Учурда абакта отурган саясатчылар боюнча азыркы бийликтин унчукпай жатканы эмнени билдирет?

– Мен үчүн да ушул жагдай түшүнүксүз. Эмне үчүн бийлик алмашкандан кийин мурда саясий өңүттө кармалган адамдарга жеңилдик берилип же акталып, же алардын ишин кайра кароо процесси башталган жок? Саясатчы катары көп нерсеге анализ жасай алам. Бирок ушул маселе мага түшүнүксүз. Эгер камактагы саясатчыларга мамиле өзгөрбөсө, анда азыркы бийлик мурдагы бийликтин кабыл алган чечимдери боюнча өзүнө жоопкерчилик алды, туура деп тапты десек болот.

– 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Барасызбы? Кайсы күч, кайсы партиянын катарында? Балким, өзүңүздүн партиянын?

– Кыргызстанда партия түзүп шайлоого баруу механизми бузулду. Партия түзүү, ага саясатчыларды топтоо, парламентке келүү баары коррупциялашып кетти. Германия, АКШ же Япониянын модели бизге сиңбей жатат. Биз Италия же Грециянын модели менен кетишибиз керек. Бул өлкөлөрдө партиялар кыска мөөнөткө түзүлөт. Шайлоодо саясатчылар биригип алдына кыска мөөнөттүү пландарды коюшат. Жеңгени кыска убакытка пландалган иштерди аткарып бүтүүгө аракет кылат, жеңилгени кайра тарап кетет. Бирок партия түзүү, талапкер тандоо, парламентке келүү механизми коомго ачык болушу шарт. Албетте, шайлоого барам. Менин көп саясатчылар менен иштешүүгө моралдык мүмкүнчүлүгүм бар. Президент менен консультацияларды жүргүзүп мамиле түзүп жатам. Феликс Кулов, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Алтынбек Сулайманов менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Парламентаризмди өнүктүрүү боюнча Атамбаев менен талкуулар башталды.

– 2001-2004-жылдары, Акаевдин тушунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетти жетектегенсиз. 31 жашта эле министрлик кызматка келиптирсиз. Даяр белеңиз мындай жооптуу кызматка?

– Азыр ойлосом аталган комитетти оор мезгилде 4 жыл жетектептирмин. Оор болгону үчүн өз каалоом менен ал кызматтан баш тарттым. Мүлктү башкаруу, сатуу аябай оор. Азыр мени “300 ишкана саткан, менчиктештирүүнүн башында турган” деп күнөөлөп жүрүшпөйбү? Менчиктештирүүнүн башында мен турган эмесмин, мага чейин эле Кыргызстандагы мүлктүн көбү менчиктештирилип калган. Мен комитет төрагалыгына 2001-жылы келдим, ал кезде аз эле мүлк калган. Биз стратегиялык жайларды менчиктештирүүгө берген жокпуз, майда объекттер гана берилди.

– Азыркы бийликти жакынкы убактарда кандай тобокелчиликтер күтөт?

– Бир караганда президенттин абалы стабилдүү көрүнсө, тобокелчиликтери да көбөйүп баратат. Бийликке баш ийген Улуттук статистика комитетинин көрсөткүчү боюнча, экономиканын абалы кескин начарлап кетти. Бул алдыда экономика дагы начарлайт дегенди билдирет. Биздин экономикабызга тышкы факторлор басым жасап баштады. Мисалы, АКШнын санкцияларынан улам Орусиянын биздин бюджетибизди колдоо, инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүнүн кескин азайышы. Мигранттардын айлыгынын азайышы да экономиканы оор абалга такайт. Ушундан улам Кыргызстанда саясий активдешүү башталат. Бул бийликтин абалын бир топ туруксуздаштырат. Өлкөдө жакынкы айларда саясий конфликттер келип чыгышы мүмкүн. Президент жакынкы убакта ушул тобокелчиликтерге көңүл бурууга мажбур болот.

Автандил Добулбеков
Адилет Бектуров
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Равшан Жээнбеков: "Парламентаризм үчүн Атамбаев менен бириге алам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан