САДЫР ЖАПАРОВДУ СОТТОГОН СУДЬЯНЫ ДЕПУТАТТАР КЫЗМАТТАН КӨТӨРҮШТҮ

Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун судьялыгына Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигин жактырды. 85 депутат “макул” деп добуш берсе, 15 депутат каршы болду. Аны бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.

Бул талапкер Бишкек шаардык сотунун судьясы кезинде саясатчы Садыр Жапаровдун ишин карап, аны 11,5 жылга эркинен ажыраткан. Депутат Жанар Акаев ага кайрылып: “Садыр Жапаровду 11 жылга кескениңиз үчүн Тартип комиссиясынан эскертүү алгансыз. Чечим чыгарууда Ак үйдөн буйрук болду беле?”?- деп сурады. Албетте, талапкер “ооба, буйрук болгон” демек эмес. Башка депутаттар Жаңыл Мамбеталынын судьялык ишин сындашып, аягында “президент сунуштап жатса, мейли” деген алсыз негиздеме менен колдоп жатышты.

Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров Жаңыл Мамбеталынын Жогорку Сотко сунушталганын угуп түшүнбөй калдым. Булар буйрук аткарып жүргөн судьялар. Инимди мыйзамсыз соттошконун коомчулук жакшы билет”,- дейт. Айта кетсек, буга чейин президент Жээнбеков экс-депутат Аида Салянованы 5 жылга соттогон Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцованы да Жогорку Соттун судьялыгына сунуштап, бирок аны парламент өткөрбөй койгон. Бул жолу Воронцова сыңары эле коомчулукта “буйрук аткарып жүргөн сот” деп катуу сындалып жаткан Жаңыл Мамбеталыны депутаттардын колдоп бериши парламент президентке каяша айта албай калганынан кабар берет. Көрүнүктүү саясатчыларды соттогон судьяларды кызматтан көтөрүүнүн максаты эмне? Депутат Исхак Масалиев Жаңыл Мамбеталынын баласына кылмыш иши ачылып, кийин иш токтотулганын айтып чыкты. Мындай “токтотулган” иштер сотторго карата бийликтин кайырмагы катары роль аткарбайт деген кепилдик жок. Ал эми парламенттин 85 депутаты “макул” деп добуш берип, Жаңыл Мамбеталыны Жогорку Соттун судьялыгына жиберүү менен экс-депутат Садыр Жапаровго чыккан өкүмдү туура көрүшөрүн көрсөтүштү.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан