БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНДЕ ЖАНЫБЕК АБИРОВДУН УРМАТЫНА КОАЛИЦИЯ ЖАҢЫЛАНДЫ

Бишкек шаардык кеңеши төрага шайлоосу керек болчу. Бирок алгач мурунку коалиция урап, төрагалыкка талапкер катары сунушталган
Кубанычбек Конгантиевдин фракциясы оппозицияга айдалды. Жаңы коалицияга КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары кирди. Буга чейин РАЖ оппозицияда болсо, эми “Кыргызстан” фракциясы оппозицияда калды. Башкаруучу коалициянын бир күндүн ичинде тарап, кайра түзүлүшүнө эмне себеп болгону ачык айтылган жок. 2017-жылы
Өмүрбек Бабановго кылмыш иши ачылып, ал өлкөдөн чыгып кеткен соң Бишкек шаардык кеңешинде РАЖ башкаруучу коалициядан чыгарылып, аны менен төрагалык РАЖдан КСДПга өткөн эле. Жакында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп дайындалган. 20-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши кезексиз сессия чакырып, 29 жаштагы
Жаныбек Абировду төрагалыкка шайлады.
Интернеттеги социалдык тармактарда Жаныбек Абировдун үй-бүлөсү, тактап айтканда, атасы Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу боюнча ири суммадагы тендерлерди бир топ жылдан бери утуп жүргөн “Рассвет компани” ишканасынын ээси Болотбек Абиров экендиги, мындай бизнеси бар адамды Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына шайлоо кызыкчылыктардын кагылышын жаратпайбы деген суроо талкууланып жатат. Буга чейин курулуш магнаты Азиз Суракматов мэрликке шайланганда да ушул өңүттө суроолор жаралган эле. Суроолорго жооп берип жатып, Жаныбек Абиров "Болотбек Абиров менин атам эмес, “Рассвет компани” компаниясына менин тиешем жок" деп билдирген. Көп өтпөй сөзүн оңдоп, SUPER.KG порталына “үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн атам тууралуу жалган айттым” деп Болотбек Абировдун уулу экенин моюнга алды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.