ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫН МУРДА КЫЛМЫШ ИШИ АЧЫЛГАН АДАМ БАШКАРАТ

Парламент Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Эмил Осмонбетовдун талапкерлигин колдоду. Ага 108 депутат "макул" деп добуш берсе, 3 депутат каршы болду. Осмонбетов буга чейин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеген. Учурда “Кыргыз алтын” ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү. Парламентте анын өмүр таржымалы талкууга түштү. 2013-жылы Эмил Осмонбетов башка чиновниктер менен бирге “кен казуу менен алектенген компаниянын лицензиясын мыйзамсыз узарткан” деп шектелип, кылмыш ишинде фигурант болгон. Осмонбетов бүгүн: “Ал иште кылмыштын курамы жок деп акталгам”,- деди. Артында ушундай күмөндүү иши бар адам өлкөнүн энергетика тармагын башкарганы жатат. Айта кетсек, Осмонбетовдун талапкерлигин премьер Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан