Экс-премьер ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ тергөө абагынан Улуттук хирургия борборуна которулду.
Парламент депутаттары экс-мэр Кубанычбек Кулматовго үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушууга УРУКСАТ БЕРИЛБЕЙ ЖАТКАНЫН айтып чыгышты.
“Соттор КИЛЛЕР СЫЯКТУУ буйрук аткаруучу болуп калышты” дейт парламент депутаты Исхак Масалиев.
Депутаттар КСДП акыйкатчылыкка сунуштаган ТОКОН МАМЫТОВ учурда Кыргызстан элдер ассамблеясынын жетекчиси жана премьердин кеңешчиси болуп 2 иште иштеп жатканын айтып, “бир учурда 2 кызматта туруу мыйзам бузуу” деп сындашты.
Депутат КАРАМАТ ОРОЗОВА өкмөттүк аппаратта Баткенден бир да кызматкер жок деп нааразы болду.
Сапар Исаков кызматтан алган АЛТЫНБЕК ТОРУТАЕВ Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына кайра дайындалды.
"МАКМАЛ" кенинде алтындын кору түгөнүп, иш токтоду.
Депутат РЫСКЕЛДИ МОМБЕКОВ быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылында бир да айылда жаңы мектептин курулушу бүтө электигин айтып сынга алды.
Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Албек Ибраимовду камакта кармоону 2 АЙГА УЗАРТУУ чечимин күчүндө калтырды. Ибраимов 28-октябрга чейин камакта болот.
ШАМИЛБЕК АСЫМБЕКОВ өкмөттүк аппараттын башчысы болуп дайындалды.
Шаардык кеңеш 2 жолу ишеним көрсөтпөй койгон Каракол шаарынын мэри ДАНИЯР АРПАЧИЕВ кызматтан кетүүгө арыз жазды.
Ош шаарында КУТУРГАН ИТ ТИШТЕП алган 19 жаштагы жигит каза болгонун дарыгерлер ырасташты.
Жогорку Соттун төрайымы АЙНАШ ТОКБАЕВАНЫН кызматтык мөөнөтү аяктады.
Жыл башынан бери Кыргызстанда 280 ЧЕТ ЭЛДИК жаран депортацияланганын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.
Кыргызстанда жарандардын 65 ПАЙЫЗЫ медициналык камсыздандырууга ээ. Бул тууралуу Милдеттүү камсыздандыруу фондунун төрагасы Акылбек Калыков билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.