ЖЕННИФЕР ЛОПЕС КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫНА БЕЛЕК БЕРЕТ

Голливуд жылдызы Женнифер Лопес ушул жылдын башында сынак жарыялаган эле. Сынактын шарттары боюнча катышуучулар Женнифердин ырын ырдап же бийлеп видеого тартып жөнөтүүсү керек. Аталган сынакка Кыргыз өлкөсүнүн атынан коомдук ишмер Эдил Касеновдун кыздары Эдель жана Эрика Касеновалар көркөм гимнастика бийин бийлеген видеосун жөнөтүшкөн. Жакында эле жогорудагы сынактын жыйынтыгы чыгып, Женнифер 10 катышуучунун, анын катарында Эдель менен Эриканын да видеосун өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына stories функциясына жүктөгөн. Бул тууралуу маалымат алуу үчүн Эдил мырзага байланышканыбызда ал: “Видеону тартып жөнөтүү жубайымдын идеясы. Жалпысынан сынакка дүйнө жүзү боюнча 2 миңден ашуун адам катышып, 10 катышуучу финалга чыкты. Ийгилик бизге да жылмайып, алдыңкы ондукка кошулдук. Эдель менен Эрика абдан толкунданып, кубанып белектерин күтүп жатышат. Азырынча эмне белек экенин айтышкан жок. Кыздарым көркөм гимнастика менен машыгып, өлкөбүздүн атынан дүйнөлүк кароо-сынактарга катышып келишет. Жалпы жонунан алганда кыздарымдын 29 алтын медалы бар. Улуу кызым Эдель 3 жашынан, Эрика 2 жашынан тарта гимнастикага барышат. Бийден сырткары англис, орус, испан тилдеринде так сүйлөшөт. Бирок кыргыз тили биринчи орунда, эне тилин эң жакшы билишет”,- дейт кыздарынын ийгилигине кубана.


 

"Женнифер өздүк баракчасына жайгаштырган видеодон кадр".

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
mela
2018-09-25 10:57:03
Татынакай кыздар экен.Улуусу аябай сулуу,кыймылдаганы сонун,аккуу го...Суктандым...
+5
Merelisha
2018-09-25 17:22:46
Мынчай чыйрак кыздар... Пай паай..
+2
Journalistgirl
2018-09-26 13:11:18
Эн сонун азаматсынар онорунор оркундой берсин. Ата деген ушундай болуш керек.
0
Aikan1966
2018-09-27 09:55:49
Мынча жакшы ата- эне,баарына жетиштирип тарбиялаган,азамат кыздар,чыгармачылык ийгилик каалаймын.
0
kral
2018-10-02 01:12:56
maşallah
0
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан