МОДЕЛЬ ЖАМИЛЯ ИШЕНБАЕВА СҮЙҮКТҮҮСҮН АЧЫККА ЧЫГАРДЫ

«Супер сулуу-2009” сынагынын жеңүүчүсү, модель Жамиля Ишенбаева жүрөгүнүн ээсин тапты өңдөнөт. Себеби Жамиля сулуу акыркы күндөрү интернеттеги жеке баракчасына бир мырза менен кыналыша түшкөн сүрөттөрүн жайгаштырар замат социалдык тармактардагы достору жаштарга бакыт каалап, болушунча жакты белгисин басып жатышат.

Бул тууралуу Жамиля:“Бул менин жигитим экендиги чындык. Олуттуу мамиледе сүйлөшүп жатканыбызга бир топ болуп калды. Жигитим мени менен тең, 24 жашта. Ысык-Көлдүн кулуну. Атын азырынча айтпай турайын. Шоу-бизнестен алыс адам. Кандай гана кырдаал болбосун жалгыз калтырбай, колунан келген жардамын берип, колдоп келет. Кылган иши, айткан сөзү чыныгы эркектердикиндей. Мен үчүн чыныгы идеал адам. Биздин таанышканыбыз да кызык. Бир ирет эжемдин машинасынын номерин бирөөлөр чечип кеткенде, ал таап берген. Ошентип таанышып, табышып калганбыз”,- дейт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
vikidiki
2018-09-25 10:22:20
Сайкалдын клибиндеги кызбы?
0
Paprikafm
2018-09-25 10:39:40
Чындап эле Сайкалдын клибиндеги кыз эмесби
0
Dilbaranurdinova
2018-09-25 11:20:59
Ооба ошол
+1
Pandora
2018-09-25 11:57:59
Азыркы жигиттерге юорум ооруйт,бут эле жасалма кыздарга туш болуп,мейли эми сырты жасалма болсо да ичи натуральный болсо болду.
+8
love.me.again
2018-09-25 14:48:48
Атын айтпай турайын деп суротун чыгарып койгонуна куйосун эй)
+10
adiaza
2018-09-25 17:24:26
10 жылдан кийин бети жаман страшный болуп калат болуш керек шалпайып
+3
xnurgul_gul
2018-09-26 01:09:16
Ошол олтуро коп макияж жагат экен, ото коп макияж адамды картан коргозот экен 24 ко такыр окшотбодум мен бир 30дан ойдо деп ойлопмун
0
№ 829, 21-27-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан