Үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында "Apple" компаниясы iPhone XS, XS Max жана баасы чөнтөккө ылайык делген XR деген үлгүдөгү смартфондорун элге көрсөттү. "Apple’дин" бул партиядагы смартфондору 21-сентябрдан тарта расмий түрдө сатыкка чыкты.
БААСЫНДА ӨЗГӨРҮҮ БАР, САПАТЫНДАЧЫ?
iPhone XS жана XS Max 5,8 жана 6,5 дюймдуу экран менен алтын, күмүш жана “боз космос” деген 3 түстө жарык көрдү. "Аpple’дин" башкы директору Тим Куктун айтымында, бул ирет аталган смартфондорго 6 ядролуу процессор орнотулган. Ушундан улам бул жолу жарык көргөн смартфондор мурунку үлгүлөргө салыштырмалуу тиркемелердин ишин 30 пайызга жакшыртат деп ишендирет Кук. Бирок быйыл жарык көргөн Айфондордун сырткы көрүнүшү 2017-жылкы iPhone X үлгүсүнө дээрлик окшош экенин да жашырып болбойт. Темир жана айнектен жасалган корпусу, тигинен жайгашкан эки камерасы аталган смартфондун буга чейинки үлгүсүн элестетет.
Ал эми жаңылык катары анда “үй” деген клавишасы жок экенин, камерасы Smart HDR режиминде иштеп, тартылган сүрөттүн сапатын автоматтык түрдө жакшыртарын айтса болот. Ошондой эле "Apple" быйыл биринчи жолу 2 SIM-картага ылайыкталган смартфон чыгарганын да кошумчалай кетпесек болбос.
АЙФОН ЖЕТПЕЙ КАЛАБЫ?
"Apple’дин" расмий дүкөндөрүнүн алдында Айфондун жаңы моделин сатып алуу үчүн күндөп-түндөп кезек күткөндөр мына ушундай суроону жаратат. Аталган компания өндүргөн смартфондор модага айлангандан бери минтип жүздөп, миңдеп кезекке туруу фанаттар арасында ар жылы кайталана турган салтка айланып баратат.
Ал эми Орусиянын борбору Москва шаарынын жашоочулары жаңы үлгүдөгү Айфонду сатып алуу үчүн кезекке турууну 5 күн эрте башташты. Ал тургай жергиликтүүлөрдүн арасында кезек күтүп берүүчү кызматын сунуштагандар да пайда болду. БИР АЙФОН АЛУУ ҮЧҮН 9 АЙ ИШТЕШ КЕРЕК
iPhone XS жана XS Max смартфондорун каалоо жана капчыкка жараша 64, 256 жана 512 ГБ эс тутуму менен сатып алса болот. Төмөндө Бишкек шаары боюнча баалар көрсөтүлгөн:
► iPhone XS 64 ГБ – 81 миң сом
► iPhone XS 256 ГБ – 95 миң сом
► iPhone XS 512 ГБ – 118 миң сом
► iPhone XS Max 64 ГБ – 92 миң сом
► iPhone XS Max 256 ГБ – 105 миң сом
► iPhone XS Max 512 ГБ – 135 миң сом
► iPhone XR – 51 миң сомдон башталат
Бүгүнкү күнү айлык акынын өлчөмү боюнча Кыргыз өлкөсү дүйнөлүк рейтингде 157 мамлекеттин ичинен 122-орунду ээлейт. Өлкөбүздөгү орточо айлык акынын көлөмү 15 миң сомду түзөт. Демек, орточо айлык акы алган кыргызстандык жаңы Айфон сатып алуу үчүн тапкан каражатын ичпей-жебей туура 9 ай чогултушу керек деген сөз.
Руслан Айдаралиев, сатуучу-консультант: “АТА-ЭНЕСИН ЫЙЛАТЫП НАСЫЯГА АЙФОН АЛЫП КЕТКЕНДЕР БАР”– Руслан, айтсаңыз, Айфондун жаңы моделдерине кызыккандар болуп жатабы?
– Ооба, сурай башташты. "Apple’дин" башка фанаттарындай эле бизде да Айфондун улам жаңы моделин сатып алып көтөргөн жаштар бар. Алар үчүн смартфондун өзүнө караганда ага түшүрүлгөн алманын сүрөтү көбүрөөк маанилүү жана баалуу деп ойлойм. Анткени компания жарнаманы абдан жакшы жасайт, ал эми анын фанаттары жарнаманын курмандыктары. Моданын артынан кууган колдонуучуларда компания өндүргөн смартфонду көтөрүү менен адам өзүнүн финансылык абалын, аброюн же беделин башкаларга көрсөтсө болот деген түшүнүк жашайт. Алар өздөрүнүн мээсин “ушул телефонду алсам мен эң кыйын адам болом” деп ишендирип алышкан. Ушул кызыкчылык менен жадакалса ата-энесин ыйлатып туруп насыяга смартфон алып кеткен жаштар бар.
– Сиздин жеке пикириңизде смартфондор 90-100 миң сомго татыктуу элеби?
– Негизи эле смартфондун өзү мынча чоң акчага татыктуу эмес деп ойлойм. 10 миң сомго сатып алынган смартфон менен 90 миң сомго алынган смартфондун дээрлик айырмасы жок.
– Эми Айфондордун техникалык абалына токтолсоңуз.
– Айфондун артыкчылыгы – өзү кымбат болсо да, тетиктери арзан. Андан тышкары интернет колдонгондо көпкө “ойлонбой” ылдам иштегени жакшы. Кемчилиги деп баасын жана аккумуляторун айтат элем. Мисалы, "Xiaomi'нин" аккумулятору кем дегенде саатына 3000 м/Ампер болуп өндүрүлгөн. Ал эми "Apple’дин" смартфондорун аккумуляторлору саатына 1200-2000 м/Амперди эле түзөт. Ушундан улам адистер 100 пайыз толтурулган Айфонду тынымсыз колдонуу менен анын кубатын 2 саат 45 мүнөттө түгөтүп койсо болорун айтышат.
Алтынай Тынышова
koom@super.kg