Райкан Абдувалиева, ырчы: «3 КАБАТТУУ ҮЙҮМДҮ ЫРЧЫЛЫК МЕНЕН ЭМЕС, ИШКЕРЛИК МЕНЕН САЛДЫМ»

Бир кездерде «Көкөлөп учкан, көкөлөп учкан периштем...» деп ырдап, калың элдин жүрөгүнөн орун тапкан ырчы Райкан Абдувалиева сахнада көптөн бери көрүнбөй калды. Көрсө, ал көп убактысын ишкерликке, кайрымдуулукка жумшап жүргөн чагы экен. Чыгармачылыкка баш-оту менен кирбесе да, башка иштери ийгиликтүү болуп 3 кабат үй салыптыр. Эмесе, ырчынын так ошол үйүнө саякаттайбыз.

1-кабат

Конок бөлмө

– Чыгармачыл адам болгондон кийин үйдөн конок үзүлбөйт. Аттуу-баштуу адамдар келип бул жерден даам сызышат. Сахналаш досторум менен бирге Жаңы жыл сыяктуу майрамдарда жолугуп, бапырап эле калабыз. Коноктун санына жараша столдорду чоңойтуп, кайра кыскартып даярдай берем.

Холл

– Негизи өзүм конок тосконду аябай жактырам. Ошондуктан үйдөгү холлдорду атайын чоң кылганбыз. Себеби коноктор келгенде баарлашып, сыналгы көрүп отурган жакшы. Биринчи кабаттагы холлдо атайын музыкалык аппаратура да орнотулган. Үйгө сахналаш досторум келгенде ырдашат.

Ашкана

– Үйдө болгондо ар бир күнүмдүн 70 пайызы ашканада өтөт. Түрлөп тамак жасаганды жактырам.

Жуунуучу бөлмө

2-кабат

Холл

– 2-кабаттагы бул холл өзүмө жагат. Бул жерде отуруп эс алам.

Уктоочу бөлмөлөр

– 2-кабатта менин уктоочу бөлмөмдөн тышкары дагы 2 уктоочу бөлмө бар. Ал жакта аяш ата, аяш апаларым жашайт. Азыр той-топур башталбадыбы, бир уктоочу бөлмөгө тойлорго кийип бара турган кийимдеримди илип алгам.

3-кабат

Тепкич

Гардероб

– Негизги гардеробум 3-кабатта. Бул жакта көп жылдан бери сахнага, тойлорго кийген кийимдерим, бут кийимдерим сакталат. Кичинемден эле тикмечиликке кызыкчумун. Апамдын көйнөгүндөгү гүлдөрдү жулуп алып куурчагымдын кийимине тигип, акырында апамдан таяк жечүмүн. Гардеробумдагы көп көйнөктөрүмдү өзүм тигип алгам. Ар бир кийимим мен үчүн кымбат.

Балдар бөлмөсү

– Кызым үй-бүлөсү менен Орусияда жашайт. Алар келгенде 3 жаштагы неберем бул бөлмөдө оюнчуктарын чачып ойнойт. Кызым менен неберем келгенине бир жума болду. Үйүм шаңга, нурга толо түштү. Кээде бул бөлмөнү кыргыз бөлмө кыла коёбуз. Коноктор келгенде жерге килем салып, дасторкон жайып, беш бармак жегенге ылайыктуу.

Иш бөлмө

– Көптөр мени «көрүнбөй кеттиңиз» дешет. Менин үйүм да, ишим да бир жерде, эки жакка деле көп чыкпайм да. Тагыраагы, үйүмдүн жанында 2 кабаттуу тигүү цехим бар. Ал жактан тиккен кийимдерибизди Орусияга жөнөтөбүз. Өзүмдүн иш ордум үйүмдүн 3-кабатында жайгашкан.

Терраса

– 2-кабаттын сыртында жайында отурчу терраса бар. Ал жерге жайкысын гүлдөрдү коюп жасалгалап коём. Кыргыз ырчыларынын дээрлик баары менен жакшы мамиледемин. Алар чогулуп келишсе эшикте чай ичип, атайын тай казандарым бар, ал жерге эт бышырып, шишкебек жасап жеп, сырдашып отурабыз. Айтор, сонун күндөрдү өткөрөбүз.

«3 КАБАТ ҮЙДӨ ЖАШАЙМ ДЕП ӨЗҮМДҮ БАКТЫЛУУ СЕЗГЕНИМ ТУУРА ЭМЕС»

– Райкан эже, бул үйүңүздү салганыңызга канча жыл болду, канча каражат жумшадыңыз?

– Бул үйдү апам бизге салып берген. Үй бүтүп, жаңы киргенде апам каза болуп калды. 6 сотых жер тилкесин сатып алып, ал жерге 2 кабат тигүү цехин салып, андан кийин 2010-жылы үй салып баштап, 2013-жылы аяктады. Башында 2 кабат болмок, бирок мен «кийимимди, идиш-аягымды каякка коём?» деп отуруп, акыры 3 кабат кылып салганбыз. Үйдүн жалпы аянты 283 чарчы метр, ал эми тигүү цехимдин жалпы аянты 178 чарчы метр. Баш-аягы көп эле каражат жумшалды.

– Үйдүн жасалгасы кимдин табити менен жасалат?

– Көбүнчө өзүмдүн табитим менен жасалгаланган. Кызым, туугандарым да кеңеш айтышып, жалпылап бүтүрдүк. Эмеректерди, үй буюмдарын атайын буйрутма менен жасатабыз, айрымдарын атайын Гуанчжоу шаарынан алдырганбыз.

– Кызыңыз Орусияда болсо бул үйдө кимдер менен турасыз?

– Аяш ата, аяш апам менен турам. Ал эми маңдайыбыздагы тигүү цехинде өкүл балам, өкүл кызым балдары менен жашайт. Ушундай чоң үй-бүлөбүз.

– "Үйүңүз сонун экен, бизге да жуксун" дегендер көппү?

– Аябай көп. Мен дагы жуксун деп «эмне бере калсам?» деп белек-бечкегимди карматканга аракет кылам. 3 кабат үйдө жашайм деп өзүмдү бактылуу сезгеним туура эмес. Жакшы адамдар тегеректеп турса, элим ток болуп турса ошол менин бактым. Азамат Байматов деген иним менен иштешип, кайрымдуулук да кылып жүрөм. Тигүү цехимдин биринчи кабатына дүкөн ачып, майыптарга, жардамга муктаж адамдарга атайын Орусиядан мекендештерибизден келген жаңы кийимдерди бекер беребиз. Мен иштешкен кайрымдуулук фонд бир топ жардамга муктаж адамдарга бекер үй салып берди. Мен да колдон келишинче аларга көмөк кылам. Үй алган адамдардын сүйүнүчтөн ыйлаганын көрүп аябай бактылуу болом.

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчы Райкан Абдувалиева: "3 кабаттуу үйүмдү ырчылык менен эмес, ишкерлик менен салдым”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
KOCMOC
2018-10-02 20:11:54
Уйдун планировкасы жакшы, бирок дизайн интерьерин жакшылап ойлонсо болчудай экен.
+3
Jin1209
2018-10-02 20:31:08
Апаныз жашабай каза болгону окунучтуу.. бизге да жуксун, мен кичине кещимде биздин айылга ырдап келген экен чон энем
Сизди чон энем сизди жакшы коруп мени
Райкан Абдувалиевадай кыз болосун чонойсон дей берчу.
0
Jin1209
2018-10-02 20:31:28
Кетбей жатат
0
jasgul
2018-10-02 21:48:06
Жуксун, жуксун. Этият болуп журунуз эми, ууруларга даяр объявление болуптур.
+4
liitle_princess95
2018-10-03 11:18:38
Бизге да насип кылсын!
0
Tiken
2018-10-04 00:08:43
Мээнетин катуу болсо, жегенин таттуу болот деп коет го. Буюрсун эжеге, Анан да жуксун. Коз тийбесин.
+1
Bazana
2018-10-04 09:11:19
Куйоосу жокпу , жалгыз эле кызы барбы ?
0
Asel33
2018-10-04 11:50:39
Бизге да жуксун. Өмүрлуу болунуз
0
dilnaz100284
2018-10-04 21:41:45
терасса деп жазылат, а не терраса. Туура жазбайсынарбы.

0
admin_superstan
2018-10-05 09:48:04
dilnaz100284,
Саламатсызбы? Туура жазылган.
0
Jakjakynas
2018-10-05 07:52:43
Сонун буйрук насип кылсын иштесен, тиштейсин бали.
0
saza20
2018-10-05 13:38:43
Буйрусун! АК оргоо аппак гана жакшылыктарды корсун! Молодец аял затысыз! Илгери эле койнокторду озу тигет экен озуно деп айтышчу! Колонузга да жашоонузга да береке
0
Grazy-girl2019
2018-10-06 09:25:42
Уйунуз сонун экен.Буюрсун.Менин кайненем Райхан менин подрушкам болчу деп коп айтат.Караколдо музыкальныйда окуп чогу жашашыптыр.Бирок байланыша албай журот.
0
HHFRU
2018-10-06 13:52:11
дорохо- бохато... Эжеге болсо омур жана ийгилик каалайм.
0
k.anara
2018-10-07 13:26:37
Азыр чон уйлор курулганы менен чон уй булоолор азайды деп Элмирбек Иманалиевдин айтканы бар эле.
Уйунуз чон,жакшы салыныптыр.Бизге да жуксун))
0
gulzat85
2018-10-08 16:13:04
Абдан сонун.бизге да жуксун
0
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан