ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ОЮНЧУСУ ЛУКА МОДРИЧ. РОНАЛДУ МЕНЕН МЕССИНИН «АЛТЫН ДООРУ» БҮТТҮБҮ?

24-сентябрь күнү Англиянын Лондон шаарында ФИФА жылдын мыкты футболчусу, машыктыруучусу, дарбазачысы жана жылдын мыкты голун аныктады. Эң кызыгы, акыркы 10 жыл ичинде «Жылдын мыкты оюнчусу» аталып келишкен Лионель Месси менен Криштиану Роналду бул сыйлык тапшыруу аземине катышкан жок. Ал эми сыйлыкты хорватиялык жарым коргоочу Лука Модрич жеңди.

Туулган жылы –
1985-жыл, 9-сентябрь

Туулган жери – Хорватия, Задар шаары

Бою – 172 сантиметр

Салмагы – 62 килограмм

Амплуасы – Жарым коргоочу

Ойногон клубу – «Реал Мадрид»

Жетишкендиктери – Хорватиянын 3 жолку чемпиону, Хорватия кубогунун 3 жолку ээси, Испания чемпиону, Испания кубогунун ээси, Чемпиондор Лигасынын 4 жолку жеңүүчүсү, клубдар аралык дүйнөлүк биринчиликтин 3 жолку чемпиону, УЕФА Суперкубогунун 3 жолку ээси.

КЫЙЫНЧЫЛЫК МЕНЕН КОШТОЛГОН БАЛАЛЫК

Лука Модрич 1985-жылы 9-сентябрда Задар шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 5 жашка чыкканда Югославияда жарандык согуш башталып, атасы согушка кетет. Үй-бүлөсү Обровец шаарындагы качкындар үчүн курулган «Коловаре» мейманканасына көчүп келет. Күн сайын ата-энеси жумушка кеткен учурда кичинекей Лука мейманкананын унаа токтоочу жайына келип, эртеден кечке топ ойноп убакыт өткөрчү.

«Бир күнү мага «Коловаре» мейманканасынын кызматкери телефон чалып, короодо эртеден кечке футбол ойногон бир баланы көрүп кетишимди суранды. Мен алгач барып көргөндө ал аябай арык жана өзү курактагы өспүрүмдөрдөн дагы кичинекей эле. Ошентсе да ал балада өзгөчө талант бар болчу. Бирок биз Лука дүйнө жылдызы болорун ойлогон да эмеспиз»,- деп «Задар» клубунун жетекчиси Йосип Байло эскерет. Өзүнүн футболдогу алгачкы кадамдарын Лука дал ушул хорватиялык «Задар» клубунда баштайт.

МОДРИЧТИ ТАРТТЫРЫП ЖИБЕРГЕН ВЕНГЕР

2002-жылы 1-июлда 16 жаштагы Лука Модрич «Динамо Загреб» клубу менен келишим түзүп, профессионалдык карьерасын баштайт. Алгачкы жылдары жарым коргоочу башка командаларда ижарада оюн көргөзүп жүрүп, 2005-жылы кайрадан өзүнүн клубуна кайтып келет. 2008-жылга чейин «Динамо Загреб» клубунда ойноп, команданын лидерине айланат. Анын уникалдуу стили Европанын күчтүү клубдарынын кызыгын арттырат.

2008-жылы ал англиялык «Тоттенхэм» клубу менен 6 жылдык келишимге кол коёт. Трансфердин баасы 16,5 миллион фунтту түзгөн. Ошол учурда «Арсенал» клубунун башкы машыктыруучусу Арсен Венгер Модричтин физикалык көрсөткүчтөрүнө карап оюнчуну сатып алуудан баш тарткан.

5 ЖЫЛ МУРУНКУ ИЙГИЛИКСИЗ ТРАНСФЕР

"Испания чемпиондугу мени көбүрөөк кызыктырат. «Барселона» мага кызыгып жатканына кубанычтамын, бул клубдун намысын коргоо мен үчүн чоң сыймык болмок"- деп Модрич «Динамо Загреб» клубунда ойноп жүргөндө айткан. Бирок бул айтылган ойлор жөн гана сөз түрүндө калды. Себеби 2012-жылы жайкы трансфер убагында узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин хорватиялык жарым коргоочу «Барсанын» негизги атаандашы мадриддик «Реалдын» курамына кошулат. Королдук клуб оюнчуну өз курамына кошуп алуу үчүн «Тоттенхэм» командасына 33 миллион евро төлөйт. Бир нече убакыт өткөн соң испаниялык белгилүү «Marca» гезити бул трансферди ийгиликсиз деп жар салат. Себеби Жозе Моуриньо клубду жетектеп турганда Лука негизги курамдын оюнчусуна айлана алган эмес.

2013-2014 жылкы жаңы сезондо «Реалдын» башкы машыктыруучусу болуп Карло Анчелотти дайындалды. «Папа Карлонун» келиши менен Модрич негизги курамдын оюнчусуна айланып, өз таланты менен көпчүлүк күйөрмандардын купулуна толо баштайт. Бул сезондо «Реал» Испания кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңүүгө жетишкен.

33 ЖАШЫНДА ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНДЫ

Футбол ааламындагы эң бир престиждүү сыйлыктардын бири – ФИФАнын «Тhe best» же «Мыкты оюнчу» сыйлыгы болуп саналат. Бул жылы мыкты сезон өткөрүп, ийгиликтерди жараткан оюнчулардын ичинен Лука Модрич, Криштиану Роналду жана Мухаммед Салах финалдык үчтүккө кирген. Мыкты оюнчуну улуттук курамдардын машыктыруучулары жана капитандары тандашкан. Натыйжада «фантастикалуу» сезон өткөрүп, мадриддик «Реал» менен бирге Чемпиондор Лигасын үчүнчү ирет жеңген, курама командасы менен дүйнө кубогунда финалга чейин жетип, турнирдин мыкты оюнчусу аталган Лука Модрич 29,05 пайыз добуш алуу менен мыкты деп табылды. Ал эми Криштиану Роналду 19,08 пайыз менен экинчи орунга жазылса, Мухаммед Салах 11,23 пайыз топтоп үчилтике кирди. Бир нече жыл мурун Месси менен Роналдунун ордун басат делген Неймар бир дагы добуш алган жок.

Акыркы жылдары футболдогу жеке сыйлыктарды көп гол киргизген оюнчулар жеңип келишкен. Бирок футбол бир гана голдор же голдук пастар менен гана чектелбесин эсибизден чыгарбашыбыз керектиги быйыл тастыкталды. «Реалдын» курамында да, Хорватия курамасында да негизги ролду Модрич аткарарын эч ким жокко чыгара албайт. 2 буту менен тең мыкты ойной алган, узак жана кыска аралыкка түз жана так пастарды чыгарып берүүнүн чебери Лука акыры Роналду менен Мессини тактан кулатты.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ

«Жылдын мыкты машыктыруучусу" – Франция курама командасынын машыктыруучусу Дидье Дешам.

«Мыкты дарбазачы» – "Реал" клубунун дарбазачысы Тибо Куртуа.

2018-жылдын кооз голу – "Ливерпуль" клубунун оюнчусу Мухаммед Салахтын голу.

2010-жылы Модрич Ване Боснич менен үй-бүлө курган. Учурда бир уул, эки кыздын атасы.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Makkambaev97
2018-10-02 09:26:50
Роналду
+2
elhan123
2018-10-02 15:22:50
Эн туура чечим болду. Модрич татыктуу. Эн кооз голду Салахка бергени уят эле болду
+2
Rubin
2018-10-05 08:57:40
elhan123,эмнеге?
0
elhan123
2018-10-05 15:33:03
Rubin,Роналду, Бейл, Павардын голдору менен Салахтыкын салыштырып корсон
+1
MIRBOLOT
2018-10-02 19:11:34
Антуан Гризманн Модричке караганда мыкты ойноду деп эсептейм: ЧМ-2018де
0
elhan123
2018-10-02 22:29:28
MIRBOLOT,Эмнеси мыкты болду. Дуйнодогу эмес озунун Францияда биринчи болуп алсынчы. Мбаппенин колокосундо эле калды ачыгын айтканда.
+3
Kg-kg-kg17
2018-10-03 12:16:49
Куттуктайбыз !!!Татыктуу алды!!! Темадан сырткары учурдагы ЦСКА курамынын жарымкоргоочусу Ильзат Ахметов жонундо кыскача омур баянын жазгылачы Супер-Инфо . Сураныч.Кайсы улуттук курамга ойногону кызык болуп атат?
+1
admin_superstan
2018-10-03 12:33:32
Kg-kg-kg17,
Саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Kristianuronaldu
2018-12-08 18:53:46
Модрич татыктуу емес такыр еле, уева фифа козунорду май еле басып калыптыр
-1
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан