– Саламатсызбы, Нурзат эже? Баарыбыз билгендей, жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккансыз. Жашоодогу кыйынчылыктарды кантип жеңесиз?
– Айылда өскөндөн кийин, албетте, биздин үй-бүлөдө да кыйынчылыктар болгон. Жөнөкөй үй-бүлө болгондуктан кээде кийимдер тартыш болуп калчу. Бирок тамактан тартыш болгонубуз жок, бул да болсо ата-энемдин аракети деп билем. Үй-бүлөдө мен 8 бир туугандын кичүүсүмүн. Ошондуктан абдан эрке элем. Апамды кучактап, анын коюнунда жатчумун. Бирок мен 10-классты бүткөндөн кийин эле апамдын мага болгон мамилеси кескин түрдө өзгөрүп урушуп, кагып-силкип баштады. Мени мурункудай кучактап эркелетпей калды. Мунун себебин кийин түшүндүм. Көрсө, апам мени шаарга барса ыйлайт жана мен өткүр кыз болгондуктан окуусун таштап келип калбасын деген ой менен атайын кылган экен. Апамдын даанышмандыгына, акылдуулугуна ошондо абдан баа бергем.
Атам да мага ар дайым “кызым, түбөлүгүң түз болсун” деген сөздү кулагыма куюп турчу. Бул нерсе жашоодо өтө маанилүү экенин мен жакшы билем. Ошондуктан бир нерсе айтууда мен Кудайдан корком. Себеби биздин ар бир айткан сөзүбүз, кылган ишибиз бизге кайрылып келет. Бизге кайрылып келбесе дагы, балабызга же башка себептерден улам кайтып келет. Ошондуктан өзгөчө азыркы учурда Кудай деп жашай берүү туура болуп жатат. Кыйынчылыктар көп эле болду, бирок мен ушул деңгээлге жетүү үчүн талыкпай, кара жанымды карч уруп иштедим.
– Тоскоолдук жараткандар да болсо керек?
– Азыр ойлоп көрсөм, болгон экен. Бирок мен ал учурда мени буттан тартып жатат деп такыр ойлобоптурмун. Ыйлап-ыйлап, неге мындай болуп калды дегенге да жетишчү эмес экенмин. Жөн гана кийинки иш-чараны ойлоого өтчүмүн. Бирок ошол буттан тарткандар азыр бетимди карай алышпайт. Жазаларын деле өз учурунда алышты.
Эч качан бош отурбаш керек. Сырттагы бакчаны казсак дагы пайдалуу иш кылган болобуз.
– Кичинекей Нурзатты сагынсаңыз керек?
– Кичинекей Нурзатты сагынам. Бирок азыр эстесем, мен азыркыга караганда мурун көп нерселерди түшүнбөй, көбүрөөк ыйлап коюптурмун. Ал убакта майда барат нерселерге деле кыжалат боло берчүмүн.
– Алпаруучу болуп иштегениңизге көп жылдын жүзү болду. Окуучуларыңыз ыраазычылык айтышса, ак сүтүңүздү актагандай эле сезимдер болсо керек?
– 15 жылдан бери алпаруучулукта жүрүп, жашоонун кыйынчылыктарынан өткөндүктөн, мен эч кимден эч нерсе күтпөйм. Адам канчалык ыраазычылык билдиргенди билсе, турмуш ага ошончолук жашы белектерин тартуулайт. Ал эми мага ыраазычылыгын айтып, колдогон инсандар абдан көп. Биздин мектепке келип жакшы жакка өзгөрүп кеткен болсо, бул – менин жеңишим.
– Биринчи эмгек акыңыз?
– Биринчи жолу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында өткөн концертти алпарып 500 сом алып, абдан сүйүнгөм. Эң кызыгы, мен эмгек акымды “Супер-Инфодон” алгам. Учурдан пайдаланып жалпы жамаатка ыраазычылык айткым келет. Анда мен жаңы эле алпаруучулукту баштаган кезим болчу. Кылычбек байке (ред.: "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султан) “Рахмат!” деп 500 сом берсе, аябай бактылуу болгом. Ал учурда мен үчүн бул чоң акча болчу.
– “Элге көрсөтпөй ыйлайм” деп айтканыңыз бар. Бул сиздин күчтүү тарабыңызбы же алсызбы?
– Бул менин күчтүү тарабым го дейм. Ыйлаган күндөр болот, бирок ыйлабаганыма көп болду. Баарын күлүп жеңем. Адамдарга таарынып ыйлабайм. Себеби жыргап гана жашаш керек.
– Жолдошуңуз эмне деп эркелетет? Жашооңузда өйдө-ылдый нерселер болгондо кандай колдоо көрсөтөт?
– Максат абдан позитивдүү жүргөн адам. Кыйынчылыктар болуп калса, күлдүрүп маанайымды көтөрөт. Мени “Туку” деп эркелетет. Мен “Чаку-ляка” дейм (күлүп). Ал Нурзат, мен Максат дегенде бири-бирибизге жинибиз келип жаткан болот. Бардык кыздарга жарык маанай тартуулаган жолдош күтүшүн каалайм.
– Өзүңүз менен сыймыктанасызбы?
– Аябай. Сыймыктанам дегенде ушунча адам сага жакшы сөздөрдү айтса, каалоо-тилектерин жазса, сени бирөөлөр баалаарын билүүнүн өзү сыймык. Интернет баракчама күндө ыраазычылык каттарын жазып жөнөтүшөт. Окуп жетишпейм. Баарына жооп жазам.
– Жаныңызда жүрүп күлүп, артыңыздан бычак сайып кеткен адамдар болду беле?
– Эгерде бул жерде жакын адамдарым тууралуу кеп болуп жаткан болсо, жок, артымдан бычак сайган учурлар боло элек. Мен аз эле адамдар менен жакын мамиледе болом. Алар турмушту түшүнгөн адамдар.
– Жашооңуздун кайсы бөлүгүнө кайтып барып өзгөрткүңүз келет?
– Ишенесизби, мен эч нерсени өзгөртмөк эмесмин. Жашоо мени болуп көрбөгөндөй күчтүү кылды. Алпаруучулук мен үчүн чек эмес, менин көздөгөнүм, максаттарым такыр башка. Мен илим жана бизнес жагына кетем.
– Акыркы эки жумада жашооңузда сизге жакын адамдардын саны көбөйдүбү же азайдыбы?
– Аябай көбөйдү. Мен элестеткенден да көбөйдү. Биз эл адамы болгондон кийин бизди эл дагы, Кудай да көрүп турат. Эң негизгиси, таза ниет. Менин максаттарымдын бири – бул Кыргызстандын алдыга умтулуусуна салым кошуу, кыргыздын жакшы жактарын жайылтып, жаман жактарын жашыруу, жакшы балдарды тарбиялоо.
– Маегиңизге рахмат. Үй-бүлөлүк бакыт, ишиңизге ийгилик каалайм.
Жаңыл Ниязбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg