КАНЫКЕЙ КЫЗДУУ, ТУРДАКУН НИЯЗАЛИЕВ УУЛДУУ БОЛДУ

Апта жагымдуу жаңылыктарга бай болду. 23-сентябрда ырчы Турдакун Ниязалиев уулдуу болду. Төртүнчү ирет ата статусуна ээ болгон ырчы мырза маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычы менен тең бөлүштү. “1 уул, 2 кызыбыз бар эле. Тун уулум Хамзага шерик болду деп абдан кубанып жатабыз. Уулум 3 килограмм 700 грамм салмакта төрөлдү. Ага Халид деген ысым ыйгардык”,- дейт ал.

Ал эми 24-сентябрь күнү ырчы Каныкей көз жарып, кызын жарыкка алып келди. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы, төрөтканадан үйүнө чыгып келгенин билдик. Каныкей жагымдуу жаңылыгын мындай бөлүштү. “Аябай бактылуумун. Өзүмдүкүндөй бакытты баарына каалайм. Кызымдын атын таенеси Акмарал деп койду. Төрөтүм өзүм ойлогондон жеңил өттү. Акмаралдын кашы-көзү кара экен, атасына окшош болчудай”.

Наристелер ата-энесинин жанында бактылуу балалык өткөрүшүн тилеп, бешик терметкен жылдыздарды куттуктап кетмекчибиз.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Merelisha
2018-10-02 12:18:23
Омурлуу,ырыскылуу,ыймандуу элдин керегине жараган уул кыздардан болсун.
+2
sezim-312312
2018-10-03 01:38:58
Бешик боолору бек болсун
+1
Matahara1980
2018-10-04 05:53:06
Арабдардын ысымдары го жалан
+1
mira28
2018-10-07 03:44:16
Matahara1980,ооба да.Бара бара кыргыздын атын очуруп жатышат.Кайдагы бир тар тушунук менен ысым ыйгарып.Чонойгондо кыргыздын атын чыгарса да атын угуп аа араб го деп ойлойт любой адам.Албетте наристелерге узун омур чын ден соолук каалайм.Каныкей ырчылардын эн алды эн мыктысы.Коз тийбесин уй булосун да чыныгы аялдык сапаты менен алып бара жатат.Улгулуу ырчы катары санайм.Жар жар айтса мына ушуга топ жарашат уну да бар уй булолук абалы да туура келет.Кыз десе кыз уул десе уулдун энеси.
0
Edenova66
2018-10-09 08:32:28
Акмарал сонун ат кыпкыргызча
0
Birimdik5555
2021-08-17 01:46:53
Келечектери кенен, ырыскылары белен болсун наристелердин, ата-энелеринин койнунда бактылуу балалыкта чонойушсун
0
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан