«Түндүктүк келин" тасмасындагы ролу менен таанылган актриса Рахат Аксултанова турмушка чыкты. Актрисанын кыз узатуу тою 20-сентябрда Ысык-Көлдө болду. "Мен Ысык-Көлдүн Бостери айылына келин болдум. Буюрса, үлпөт тоюбуз октябрь айында Бишкек шаарында өтөт. Азыр Бостериде келиндик милдетимди аткарып жүрөм",- дейт актриса.
Той тойго уланып 24-сентябрда ырчы Курал Чокоев бойдокчулук менен коштошту. Кыз узатуу салты менен сүйүктүүсүн Чолпон-Ата шаарынан ата-энесинин үйүнөн алып кетти.
“Сүйүктүүм Жанара экөөбүз кол кармаштык. “Той болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, азыр эле коноктордун аягын узатып жатабыз. Келинчегим ата-энеме ысык чайын берип, жаңы үй-бүлөгө көнүп калды. Ал эми үлпөт тоюбузду 30-октябрга белгиледик",- дейт ырчы.
Ырчынын жубайы Жанара 27 жашта. Курал Чокоев жайында сүйүктүүсү менен чогуу Түркияда эс алып жүргөндө колун сураган.
Баш кошкон жаштарга бакыт каалап кетмекчибиз.