26-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде куудул Назира Жетигенованын кичүү кызы Азизанын кыз узатуу тою болуп өттү. Үлпөт тойго куудулдун сахналаш достору, туугандары жана кудалары келип, тойду шаңга бөлөштү. Бул той аркылуу Назира Жетигенова жана Жамиля Муратова куда-сөөк болуп чыкты. Тагыраак айтканда, Жамиля Муратова Назира Жетигенованын кудасынын бөлөсү экен. Куудул менен байланышканыбызда кызын турмушка узатканына ичи ачышып жатканын айтты. "Чоңойтуп, бой жеткенден кийин башка бүлөгө берип коюу оңой эмес экен. Өзүм мындай тойдун канчасын алып бардым. Ошондо апалар ыйласа "эмнеге ыйлап жатат?" деп таң калчумун. Эмнеси болсо да кызымдын бактысын каалап турмуш жолуна узатып отурам",- дейт ал.