САЯСАТЧЫЛАРДЫН СПОРТЧУ БАЛДАРЫ

18-сентябрда Словакиянын Трнава шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Эгембердиевдин уулу Эрбол Бакиров алтын медаль тагынды. Эл өкүлдөрү элдин намысына жараган балдарды тарбиялап жатканы жакшы көрүнүш. Бул ирет саясатчылардын ийгилик жараткан спортчу уулдары тууралуу маалымат бермекчибиз.

Эрбол Бакиров, депутат Максатбек Эгембердиевдин уулу: «16 ЖАШЫМДА СПОРТ ЧЕБЕРИ БОЛДУМ»

Туулган жери – Жалал-Абад шаары

Туулган жылы, күнү – 1999-жыл, 1-май

Хоббиси – Сүрөт тартуу

Учурда – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын 3-курсунун студенти

Үй-бүлөдө – 6 бир туугандын төртүнчүсү

Жетишкендиктери – Грек-рим күрөшү боюнча Жаштар арасында Дүйнө чемпиону (Трнава, 2018-жыл), Кадеттер арасында Азия чемпиондугунда 3-орун (Тайбей, 2016-жыл), Кадеттер арасында Дүйнө биринчилигинде 3-орун (Тбилиси, 2016-жыл).

– Жеңиш кут болсун! Ийгилик жолунда кимдер сага көмөк болду?

– Рахмат чоң! Менин ийгилигимдин артында мага көмөк көргөзгөн көп адамдар турат. Чемпион болгонума ата-энемдин, бир туугандарымдын жана машыктыруучуларымдын салымы чоң.

– Спортко канча жашыңда келгенсиң?

– 3-классымдан баштап спортко кызыгуум артып, грек-рим күрөшү менен машыга баштагам. Алгачкы чоң ийгиликтерди 16 жашка чыкканда багынтып, Дүйнө жана Азия биринчилигинде байгелүү орундарды алып, спорт чебери аталдым.

– Кыргызстандын гимни обого жаңырганда сенде кандай сезимдер болот?

– Бул сезимдерди сөз менен айтып бере албайм. Гимн жаңырып жатканда көзүмө жаш тегеренип, башкача бир адреналин алам.

– Дүйнө чемпиондугунда 5 беттеш өткөрдүң жана бардыгын ишеничтүү түрдө уттуң. Кыйынчылык туудурган каршылаш жок бекен?

– Бул мелдештеги бардык беттештер кыйын болду. Бир балбанды күчтүү деп атайын өзүнчө баса белгилегим келбейт. Анткени ар бири өз өлкөлөрүнөн тандалып келген чемпиондор. Ошондуктан бардык беттештер мен үчүн кыйын болду.

– Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең...

– Биздин үй-бүлө спортко абдан жакын. Атам Максатбек Эгембердиев грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу. Алты бир тууганмын, 3 агам жана 2 иним бар. Баарыбыз тең грек-рим күрөшү менен алектенебиз.

– Келечектеги пландарың менен бөлүшө кетсең?

– Негизги максатым – 2020-жылы Токиодо боло турган Олимпиадага даярдык көрүү жана Олимпиада чемпиону болуу.

Нуртемир Сулайманов, депутат Алтынбек Сулаймановдун уулу: «СТЭНЛИ КУБОГУН КЫРГЫЗСТАНГА АЛЫП КЕЛГИМ КЕЛЕТ»

Туулган жери – Бишкек шаары

Туулган жылы, күнү – 2009-жыл, 13-март

Хоббиси – Шахмат ойноо, балык уулоо, ат минүү, үй-бүлөсү менен сейилдөө

Учурда – АКШнын Нью-Йорк шаарында «Авиатор» хоккей клубунун жаштар курамынын U10 деп аталган негизги командасында ойнойт.

Үй-бүлөдө – 4 бир туугандын үчүнчүсү

Негизги жетишкендиги – АКШнын Чикаго шаарында өткөн "Barrington Ice Arena 2017" кубогу үчүн болгон хоккей мелдешинде «Алга, Бишкек» командасы менен биринчи орун алган. Нуртемир бул мелдеште 19 шайба киргизген.

– Хоккей Кыргыз жергесинде популярдуу эмес экенин билебиз. Сен эмне себептен бул спорт түрүн тандап алдың?

– Хоккейге атам мени 3 жашымда алып барган. Жарым жылга жакын убакытта муз тепкенди, хоккей ойногонду үйрөндүм. Азыр хоккей менен профессионалдык деңгээлде машыгып жатам. Биринчи ойноп баштаган клубум – «Алга, Бишкек». Былтыр Санкт-Петербургдагы СКА хоккей клубуна тандоодон өтүп, көптөгөн мелдештерге катыштым.

– Александр Овечкинди кумир тутарыңды билебиз. Ал адам менен жолуктуңбу?

– Александр Овечкиндин ойногону абдан жагат. Ал катышкан оюндардын баарын көрүп чыккам. Хоккейди мыкты ойноо үчүн көп машыгуу керек экенин билем. Ошондуктан Александр Овечкиндин күн тартиби жыш экенин түшүнөм. Кумирим менен жолуга элекмин. Бирок келечекте аны менен таанышып, кеңеш алууга мүмкүнчүлүк болот деп ишенем.

– Атаң сага кандай кеңештерди берет?

– Мен атама абдан жакынмын, андан дайыма үлгү алам. Атам бизге туура жол көрсөтүп, кеңеш берип турат. Ата-энемдин мага болгон үмүтү чоң. Келечекте алардын эмгегин, үмүтүн актаган уул болсом дейм.

– Келечекте кандай пландарың бар?

– Эң негизги максатым – Улуттук Хоккей Лигасында ойногон кыргыз спортчуларынан болуу жана мекениме Стэнли Кубогун алып келүү.

Чыңгыз Исаев, депутат Канатбек Исаевдин уулу: «ШАХМАТ ОЙНООНУ АТАМ ҮЙРӨТКӨН»

Туулган жери – Бишкек шаары

Туулган жылы, күнү – 1999-жыл, 25-декабрь

Хоббиси – Китеп окуу, ат минүү, тоого чыгуу

Учурда – Москва шаарындагы мамлекеттик юридикалык академиясынын 2-курсунун студенти

Үй-бүлөдө – 4 бир туугандын экинчиси

Спорттук жетишкендиктери – Шахмат боюнча 13 жашка чейинки Азия биринчилигинде 2-орун (Индия, 2012-жыл), 17 жашка чейинки Азия чемпиондугунда 2-орун (Сингапур, 2015-жыл), 18 жашка чейинки Азия чемпиондугунда командалык эсепте 1-орун (Түштүк Корея, 2015-жыл).

– Салам, Чыңгыз! Спортко кандайча аралашып калдың?

– Шахмат ойноону мага атам үйрөткөн. Кийинчерээк мектепте шахмат курсу ачылып, ал жакка ата-энемдин сунушу менен катышып калгам. Жылдан-жылга шахматка кызыгуум артып, профессионалдык деңгээлде ойноп калдым.

– Атаң менен кеңешесиңби?

– Ооба. Мен ар дайым атам менен кеңешип турам. Атам мени колдоп, кеңештерин аябайт. «Жакшы оку, спорт менен машыгып тур» деп дайыма айтат. «Эң негизгиси, мекенчил бол» деп кеңеш берет.

– Спорттун башка түрлөрү менен да машыгасыңбы?

– Мектепте окуп жүргөндө футбол жана бокс менен да машыгып жүргөм. Азыр дагы залга барып машыгып турам. Мындан тышкары кичинекей кезимде атам менен көк бөрү көргөнгө барып жүрүп, улак тартканга да кызыгып кеттим. Кээде сабактан качып, айылга улак тартканы кетип калчумун. Апам башында урушуп, кийин көнүп калды. Каникул учурунда Кыргызстанга барганда көк бөрү ойноп турам.

– Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?

– Досторум менен жолугам, жаңы нерселерди үйрөнүүгө аракет кылам. Эжекем менен шаар айланып, чогуу маданий борборлорго, көргөзмөлөргө барып турабыз.

– Келечекте кандай пландарың бар?

– Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин юриспруденция тармагында иштейм. Келечекте сот кызматкери болууну максат кылам.

Эсенгелди Кожобек уулу, депутат Кожобек Рыспаевдин уулу: «ПРОФЕССИОНАЛДЫК СПОРТТОН КЕТҮҮГӨ АРГАСЫЗ БОЛДУМ»

Туулган жери – Бишкек шаары

Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 29-апрель

Хоббиси – Китеп окуу

Учурда – Жеке ишкер

Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын экинчиси

Жетишкендиктери – Грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында Азия биринчилигинде 2-орун (Ташкент, 2008-жыл); Жаштар арасында Азия чемпиондугунда 2-орун (Хуаншань, 2010-жыл); Дүйнө биринчилигинде 9-орун (Будапешт, 2013-жыл).

– Чоң спортко кандайча келип калдың?

– Атам өзү жаш кезинде спорт менен алектенип, спортко жакын адам болгон. Ошол себептен агам экөөбүздү дагы күрөшкө жакын кылып чоңойтту.

– Профессионалдык спортто көп беттештерди өткөрдүң. Алардын ичинен эсиңде калган беттеш...

– Көптөгөн күчтүү жана белгилүү балбандар менен күрөштүм. Бирок алардын ичинен Олимпиаданын 2 жолку чемпиону Роман Власов менен болгон беттеш эсимде калган.

– Роман Власов күрөш ааламында эң күчтүү спортчу болуп саналат эмеспи, беттеш алдында толкундануулар болдубу?

– Роман абдан күчтүү спортчу болгондуктан толкундоолор болгон. Бирок беттешке бир гана жеңем деген ниет менен чыккам жана татыктуу каршылык көргөздүм деп айта алам.

– Спорт жашооңо кандай таасирин тийгизди?

– Спорт адамды тарбиялайт. Ал намыска бекем турууга, патриоттуулукка жана эмгекчилдикке үйрөтөт. Эртеден кечке машыгуунун үстүндө болгондуктан спортчулар жашоодо кандай гана кыйынчылыктар болбосун аларды жеңип кетүүгө дайым даяр болушат.

– 23 жашыңда эле чоң спорттон кетиптирсиң, ага эмне себеп болду?

– 2014-жылы омурткамды сындырып алгам. Ошол себептен профессионалдык спорттон кетүүгө аргасыз болдум.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
elhan123
2018-10-02 15:23:42
Ийгиликтерди каалайбыз
+3
ALMAAAN
2018-10-02 18:12:50
Крсавчиктер
+3
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан