Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, алмурут жүрөктүн иштешине оң таасир берүүчү жана кан басымдын туруктуулугун камсыздоочу пайдалуу мөмө. Күздүн мөмөсү болгон алмуруттун пайдасы, андан жасалган рецепттер төмөнкү макалада.АЛМУРУТ КОМПОТУ
Керектелүүчү азыктар:
(3 литрлик банка үчүн)
Алмурут – 7-10 даана
Кумшекер – 200-250 грамм
Суу – 2800 миллилитр
Даярдоо ыкмасы:
1. Алмурутту жууп, тең ортосунан бөлүп, данектерин тазалап, сабагын кесип салабыз.
2. Бууланган банкага алмурутту салабыз. Табитиңизге жараша бул компотко жалбыз жалбырагын, лимон, апельсин кесимдерин кошсоңуз да болот.
3. Банкага кайнап жаткан суудан толтура куюп, капкагын жаап, 7-10 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
4. Эми банкадагы сууну мискейге куюп алып, кумшекерди салып кайнатабыз. Сууну кайнак боюнча банкага куюп, оозун капкак менен бекитип, көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.АЛМУРУТ ДЕСЕРТИ
Керектелүүчү азыктар:
Каттама камыры – 500 грамм
Алмурут – 3 даана
Суу – 400 миллилитр
Кумшекер – 150 грамм
Лимон – 1 даана
Коюулатылган сүт – 100 грамм
Шоколад – 100 грамм
Жумуртка – 1 даана
Даярдоо ыкмасы:
1. Алмуруттун кабыгын аарчып, тигинен тең ортосунан бөлөбүз. Данектерин тазалап алып салабыз. Ал эми сабагын кооздук үчүн калтырып койсок да болот. Эми алмурутту желпилдеткич (веер) формасындай кылып аягына жеткирбей тилебиз.
2. Мискейге сууну жана лимон ширесин куюп, кумшекерди салып эритип сироп даярдайбыз. Бул сиропко алмурутту салып, 5-7 мүнөт кайнатып, чыгарып алабыз.
3. Каттама камырын 4 миллиметр калыңдыкта жайып, тегерек формада кесип алабыз. Камырдын диаметри алмуруттун узундугунан 2 сантиметрге узун болушу шарт.
4. Камырдын четине чийки жумуртканын сарысын сүйкөп, ал жерге арткан камырдан туурасын 1 сантиметр кылып узун кесиндилерди кесип тегерете чаптап чыгабыз. Эми камырдын ортосун вилка менен сайгылап, 220 градуста иштеп турган электр мешине 7-10 мүнөткө салабыз.
5. Токоч бир аз муздагандан кийин ортосуна коюулантылган сүттөн 1 аш кашык салып, үстүнө алмурутту жайып коёбуз. Токочтун бетине кайрадан жумуртканын сарысынан сүйкөп, электр мешинде кызартып бышырып алабыз. Десерт даяр! Десерттин бетине эритилген шоколаддан чуурутуп кооздоп коёбуз.АЛМУРУТ КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
(1 литрлик банка үчүн)
Алмурут – 1 килограмм
Кумшекер – 700 грамм
Апийим уругу (мак) – 1-2 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Алмурутту жууп, тазалап, 1 сантиметр өлчөмүндө төрт бурчтук формада туурайбыз. Мискейге салып, үстүнө макты жана кумшекерди себелеп, 7-8 саатка, ширеси бөлүнүп чыкканча коё турабыз.
2. Кыямды жай отто 10 мүнөт кайнатабыз. Бөлүнүп чыккан көбүктөрүн алып салабыз. Кыям муздагандан кийин дагы 5 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга куюп оозун темир капкак менен бекитип коёбуз.
АЛМУРУТТУН ПАЙДАСЫ