(Башталышы өткөн сандарда)
– Коё бер мени, Аман, билесиң, мен баары бир чыгып кетем.
– Отур, эсиңе келмейинче чыкпайсың.
– Анда өзүң алып келип бер.
– Жок!
– Мен анда азыр жетинчи кабаттан боюмду таштайм. “Аман түртүп жиберди” деп кол жазма жазып калтырып кетем.
Эмне десе да, кандай десе да токтоор түрү жок. Мындай кезде өзү алып келип берчү. Эң жаманы ушул абалында Амандын баласын боюнда көтөрүп жүргөнү эле. Эки оттун ортосунда калгандай чабалактап кетти. “Бала кандай төрөлөт, кем акыл төрөлөбү, мунжубу?” Боюнда бар экенин укканда биринчи ою ушул болду. Мунун баары Аман үчүн тирүүнүн тозогу эле.
Чыдай албай калганда кайын атасына барды. Экөө үн катпай түшүнүштү.
– Мен күнөөлүүмүн баарына, кызым эмес. Эгерде мен бул жолду тандабасам, душмандарым мени кызым менен сынабас эле.
– Мен эмне кылышым керек?- деди күйөө баласы. Аман кайнатасын такыр “ата” деп айтчу эмес. “Өмүрүмдө өз атамды “ата” деп айткан эмесмин, муну эмнеге айтам?” деген көктүгү бар эле.
Сыялы Тумановдун дайым экинчи планы боло турган. Бул жолу да бир жолун таба тургандай сүйлөдү.
– Нуриза өзүнө келет. Баласын аман-эсен төрөсө эле өзүнө келет. Сен бир аз сабырдуу бол. Биздин үйгө келип жашагыла, апасы дайым жанында болот.
Алгач Аман такыр көнгөн эмес. Бирок Нуризанын ичиндеги бала үчүн макул болду. Анан эмне болду? Бала төрт жарым айлык учурунда боюнан түшүп калды. Жумуштан келсе кайнатасы менен кайненеси күңкүлдөшүп жаткан экен, угуп эле түшүндү.
– Кана ал?- деди кирип келип.
– Жок, качып кетиптир.
Сыртка атып чыкты. Кайда барарын, кимге барарын болжол менен билчү эле, баарын кыдырды. Жок! Милицияга барууга да болбойт, анткени аты дароо массалык маалымат каражаттарына чыгып кетиши мүмкүн. Бир күн кечке издеп таппай койду. Кечке маал өз батирин көздөй келе жатып аны көрдү. Качан, ким таштап кеткени белгисиз. Көмкөрөсүнөн көчөдө жатып калыптыр. Чуркап барып башын көтөрдү. Кебетесинен жийиркенип, кусуп жибере жаздап токтоду. Ызасына чыдабай ыйлап жиберди. Аман балдар үйүндө эки жолу ыйлаган. Болгону эки жолу! Биринде атасынын үйүнөн качып кеткенде, экинчиси атасынын катын окуганда... Бул үчүнчү жолкусу эле. “Эмне деген жаза бул? Оо, Жараткан, мен сага эмне кылдым? Мына бул аял менин аялым! Мына ушу көчөдө жаткан баңги, ичкич аялдын курсагында менин уулум жатат. Мен эмне кылам? Таштап да кете албайм, жанында да боло албайм”.
Аялдын башын кучактап алып буркурап ыйлады. Караңгы түндө жаланып жанында турган иттен башка эч ким күбө болгон жок. Аздан соң аялын көтөрүп алып кирди. Эс-мас. Кумсарган жүзүнөн чачтарын алып койду. Ичинен сылады. Дайым атасынын алаканын сезгендей бүлк эте белги берчү түйүлдүк бул жолу муздак. Жүрөгү шуу дей түштү. Алгач “Тез жардам” чакырууну ойлоп барып, кайра Сыялы Тумановдун менчик доктуруна чалды.
– Саламатсызбы, кечириңиз жарым түндө ойготуп жатканым үчүн. Бирок Нуризанын абалы оор. Бала бир нерсе болгонбу деп турам.
– Азыр барам,- деген кыска жооп угулду. Кайнатасына чалды.
– Кайда экен?
– Көчөдө.
– Баласычы?
– Билбейм, доктур чакырдым.
– Азыр барабыз.
Келген менен кечигип калышкан экен. Баланын жүрөгү сокпой калыптыр. Аман менен Нуризанын ортосундагы жипти али төрөлө элек бала гана кармап турган окшобойбу. Ал дагы чарт үзүлдү. Мурун эле сүйбөгөн неме эми аялынан атайлап алыстай баштады. Сыялынын кыраакы көздөрү аны да байкап койду. Аманды кызматы менен кызыктырмак болду. Тезинен күйөө баласын өйдөлөтүүнүн жолун издей баштады. Бир жылдын ичинде Жогорку Кеңешке депутат болду. Амандын жашоосу бир жагы бейиш, бир жагы тозок эле. Бейиш жагын эл билген менен, тозок жагын өзү гана билчү.
ххх
Элина уктабай отурду. Аманды эстеп жатты. “Сен менин тозогумдан алып чыккан периштесиң” дечү. “Сенин тазалыгың мени кайра жаратты” дечү. Деген менен баары жалган тура. Өзү тозокко түртүп салып кете берди. Мына күйүп жат. Өмүр бою күйүп жат.
– Сагындым сени,- деди ичинен. – Аман, акмаксың сен, жек көрөм сени. Бирок сагындым. Мен эмне кылсам да, кандай кылсам да жүрөгүмдөгү мен билген Аманды өлтүрө албай койдум. Андан баш тарта албай койдум. Сенсиз дем ала албай койдум. Аябай чарчадым. Тиричиликтен, жокчулуктан, эки баланы өзүм жалгыз сүйрөгөндөн... Сенсиз жашап кетем деп далалат кылган менен, жашай албай жатканымдан чарчадым. Каршы агымга сүзгөндөн чарчадым. Бир келсең, бир гана жолу жүзүңдү көрүп, көзүңдү карап алсам бардык суроолорума жооп алат элем. Билесиңби, сансыз суроом бар сага. Жок, ойлонсом бир гана суроом бар экен. Ал аял сага ким болгон? Мени сүйгөндөй сүйгөнсүңбү? Аны сүйгөнсүңбү же мени сүйгөнсүңбү? Көкүрөгүмдү жеп жаткан да ошол.
Элина тыбырчылап кетти. Бул суроолоруна эч качан жооп таба албасын билгенде ого бетер жаны сыздап, жаздыкты тиштегилеп жиберди. “Мен ага жолугушум керек! Мен андан баарын билүүгө тийишмин. Мейли чындык кандай болсо да угууга даярмын!”
ххх
Нуриза да бул түндө Амандан кантип айрылганын эстеди. Ал экинчи жолу боюнан алдыртып салганда экөөнүн ортосуна чоң чекит коюлду. Муну укканда Аман үйдүн ичиндегинин баарын талкалап салганын эстеди. Жинди болуп кете жаздаган эле.
– Кана бала, ыя? Кана-аа?..
– Аман, акырын, уксаң мени, кечир мени...
– Эмнеге алдырдың? Алдыра калып кайра ичиш үчүн, келесоолугуңду башташ үчүн ошенттиңби? Мени бир мүнөт, бир секунд да ойлонгон жоксуң, ээ? Акмаксың сен, аял эмессиң! Мен келесоо дагы муну эң кымбат жерлерге дарылатып коём. Үмүт кылып коём.
– Мен корктум. Ал бала майып болуп төрөлсөчү?
– Майып болсо эмне экен? Мунжу болсо эмне экен? Жо-ок, Тумановдорго акылдуу гана бала жарашат да, ээ? Сен өзүң майыпсың, ошону түшүнөсүңбү? Сен мээңден майыпсың!
Ызасынан өпкөсү көөп энтигип отуруп калды.
– Жетет, эртең арыз жазабыз. Ажырашам.
– Жок!
– Өз баласынан баш тарткан аял менен жашабайм.
– Аман...
– Нуриза, жетет! Мен чыдай албайм.
Жаны баласы үчүн бир кейисе, өзү үчүн миң кейиди. Аялдар, демек, ушу экен да. Көз алдына өзүн таштап кеткен энеси тартылды. Балдар үйү тартылды. Нуризаны баласынан баш тартканы үчүн эч качан кечире албайт эле.
Аман үчүн бул акыркы тамчы болду. Кийимдерин чогултуп туруп кетип калды. Бирок Туманов салган кишенден бошоно алдыбы? Эки-үч күн өткөндө кайнатасы экөөнүн ортосунда оор сүйлөшүү болду.
– Нуризаны таштай албайсың. Муну мээңден чыгарып сал.
– Бул менин акыркы чечимим.
– Нуризаны айыктыра алабыз. Бирок сен андан ажырашпайсың!
– Эмнеге?
– Ушуга чейин келген даражаңдан ажырайсың. Күкүм кылып ушалап коём, бала...
Амандын оозу ачыла түштү. Таң кала тиктеп турду.
– Бул менин тагдырым... Даражамды жоготкондон коркот дейсизби? Хе, эмне кылсаңыз кылыңыз.
– Сен тууралуу мен сенин өзүңдөн да жакшы билем, балакай. Оюңдан кайт. Нуризаны болсо мен өзүм айыктырам.
(Уландысы кийинки санда)