БАЛА САТУУГА ШЕКТЕЛИП 5 ВРАЧ КАРМАЛДЫ. ОКУЯГА ДЕПУТАТТЫН ДА ТИЕШЕСИ БАРБЫ?

Ушул жылдын 7-сентябрында Бишкек шаарында жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн акча алып жатканда укук коргоо кызматкерлери тарабынан врач кармалган. Андан кийин дагы 4 дарыгер кылмышка шектелип кармалып, камакка алынган. ИИМдин маалыматына караганда, айыпталып жаткан бул дарыгерлер ата-энелерге жаңы төрөлгөн ымыркайларынын каза болуп калганын айтып, өлүк наристелердин сөөгүн көрсөтүп, алардын наристелерин сатып жүрүшкөн. Ымыркайлардын өлүктөрү аборт болгон балдар болушу мүмкүн экендиги айтылды. Мындан тышкары бул чырда Жогорку Кеңештин депутатынын да аты аталууда. Ансыз да ак халатчандарга күмөндүү караган калк бул окуядан кийин ишеничин жоготуп, жакасын кармап отурган чагы.

“БИЗДЕ БАЛА ТӨРӨТҮҮГӨ ШАРТ ЖОК”

Кармалгандардын арасында Бишкек шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштегендер да бар. Кайрылганыбызда, аталган оорукананын башчысынын орун басары Бегайым Токтобекова төмөнкүлөрдү айтты:

– Биз профилактикалык дарылоо уюмубуз. Бизге боюнда бар аялдар каттоого туруп, балага 28 жума болгондон кийин каттоодон чыгып кетишет. Бала төрөтүп, аборт жасабайбыз. Андай шарттарыбыз да жок. Ал эми врачтар жеке клиникаларда иштеп жатабы, билбейм. Кармалгандар бир кишиден бир сом сурабаган, андай жаман ишке барбай турган врачтар. Бул маалымат тарагандан кийин кардарлардан да сурап, врачтар алардан ашыкча акча албагандыгын уктум.

“МЫНДАЙ МААЛЫМАТТЫ УГУП ТӨБӨ ЧАЧЫБЫЗ ТИК ТУРДУ”

Бишкек шаарынын №18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысынын орун басары Абдималик Парханов да бул клиникада бала төрөтүлбөгөндүктөн ымыркай сатуу болушу мүмкүн эместигин айтат:

– Бала сатууга шектелип кармалган бир врач-гинеколог биздин клиникада 2003-жылдан бери иштейт. Жарым ставка менен иштеп жүргөн. Ал врач август айында эмгек өргүүсүнө чыккан. Августтун аягында жумушка чыгышы керек эле, чыккан жок. 4-сентябрда РИИБден аталган врачыбыздын кармалгандыгы тууралуу маалымат келди. Ал жеке клиникада да иштечү экен. Балким, жеке клиникада ошондой иштер менен алек болгондур. Бизде болушу мүмкүн эмес, катуу көзөмөл бар. Анан да бизде аборт жасалбайт, төрөт жүргүзүлбөйт. Мындай маалыматты угуп төбө чачыбыз тик турду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы учурда бул окуяны иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн билдирип, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн мындан башка маалымат бере албастыгын айтты.

“БАЛА САТЫП АЛГАНДАР ОРУСИЯНЫН ЖАРАНДЫГЫН АЛГАН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР”

Кармалган врачтарга карата 3 берене менен кылмыш иши козголгон. ИИМдин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карима Аманкулованын билдиришинче, кармалган 5 адамдан башка да шектүүлөр бар:

– Дарыгерлерди кармоо учурунда автоунаалардан эч кандай ымыркайлардын сөөгү табылган эмес жана тергөө учурунда бул ишке чет элдик жарандардын эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды. Балдарды сатып алган жарандар Орусиянын жарандыгын алып, ошол жакта эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар болуп чыкты.

Азырынча 3 факт: кармалган дарыгерлер тарабынан жаңы төрөлгөн балдардын сатылгандыгы жана балдардын төрөлгөндүгү тууралуу документтер даярдалып берилгендиги аныкталды. Ал эми төртүнчү факт – дарылоо менен мажбурлап мөөнөтүнөн мурда төрөтүп, тирүү төрөлгөн баланы чарчап калды деп, өлүгүн көрсөтпөй жана бербей коюу фактысы боюнча да кылмыш иши козголгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 116 (мыйзамсыз боюнан түшүрүү), 124 (адам сатуу) жана 350-берене (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

“ДЕПУТАТ ВРАЧТАРДЫ БОШОТУП АЛАМ ДЕП ЧУРКАП ЖҮРӨТ”

ИИМ тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кеңири маалымат бере элек. Ал эми Самат Сапарбеков деген колдонуучу Фейсбуктагы өздүк баракчасына төмөнкүдөй маалымат жазды:

– Балдарды сатуу ишине гинекологдор гана эмес, өлкөдөгү жогорку кызматтардагы адамдардын да катыштыгы болгону маалым болду. Алар катардагы медицина кызматкерлеринин артын жаап турушкан жана ымыркайлардын сатылышы боюнча так пландары болгон. ММКда унаада табылган балдардын денелеринин айрым органдарынын жок болгондугу көрсөтүлгөн эмес. Ал органдарды чет жерлерге донор катары сатууга жетишишкен. Бул чоң акчалар. Кылмышка шектелип кармалган Э.Ч. менен Ж.Ө. №1 үй-бүлөлүк медицина борборунда жана жеке клиникада иштешкен. Ал эми жеке клиникада иштеген дарыгерлер Э.М. жана Б.Т. криминалдык бойдон алдырууларды жасап турушкан. Бизде болгон маалыматтарга ылайык, бул гинекологдордун өкмөттүн аппаратында жана Саламаттыкты сактоо министрлигинде чоң байланыштары бар, бул байланыштар болбогондо алар буга чейин эле темир тор артында болушмак. Мисалы, Э.Чны 2014-жылы эле бала сатуу фактысы боюнча УКМК кызматкерлери кармашкан. Бирок камашкан эмес. Ишти Башкы прокуратуранын деңгээлинде жаап коюшкан. Ал эми Ж.Өгө карата 2017-жылдын январь айында кылмыш иши козголгон. Аны жаңы төрөлгөн ымыркайды сатууга күнөөлөшкөн. Бирок ал 15 миң АКШ долларын берип кутулуп чыккан. Мындай кылыктарын, кылмыштуу өтмүшүн билип туруп аларга мамлекеттик ооруканаларда кайра эле кылмыштуу иш-аракеттерин улантууга мүмкүнчүлүк берип жатышат.

Бул 4 врач кармалганга чейин Бишкек шаарынын Свердлов районунан бир үйдү ижарага алышып, криминалдык абортторду жүргүзүп турушкан. Канча кардар, канча жашы жете элек кош бойлуу кыздар бул адамдардын колунан өткөнү белгисиз. Канчалар бул адамдардын күнөөсү менен ден соолугунан ажырады экен?..

Бала сатуу боюнча ишти Жогорку Кеңештин депутаты, социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова жана саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Амангелди Мурзалиев жетектешет. Мурзалиев азыр Чүй облустук ооруканасынын башкы врачынын ордун алуу үчүн чуркап жүрөт. Эгер ал бул кызматка келсе, анда оорукана ушул кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн иштей тургандыгы белгилүү. Президентке, Коопсуздук кеңешине, депутаттарга, элге кайрылгым келет. Мындай глобалдуу маселелерге көз жумууну токтоткулачы. Өлкөбүздү, улутту сактап, врачтар менен өкмөт балаңды органдарга сатпаган нормалдуу өлкөдө жашап, төрөп, кылмышкерлер эмес, чынчыл, таза адамдар башкарган өлкөдө жашагыбыз келет! Гүлкан Молдобекова жана Амангелди Мурзалиев учурда №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун гинекологу Э.Чны СИЗОдон бошотуп алуу үчүн акча чогултуп жатышат. Аны актоо үчүн сотторго да чуркап башташты. Анткени Э.Ч. аны бошотуп албаса, бул ишке катыштыгы барлардын баарын ачыкка чыгарарын айтыптыр.

Биз жогорудагы маалымат тарагандан кийин ИИМге байланышканыбызда, бул маалыматта аты аталган дарыгерлердин бирөөсү гана кылмышка шектелип кармалгандыгын, калгандарынын тиешеси жок экендигин билдиришти. Ал эми постту жазган адам менен байланышып, маалыматтарды кайдан алгандыгын сурап төмөнкүдөй жооп алдык: “Бул маалыматтарды мага кармалган врачтар менен чогуу иштеген врачтар жөнөтүшкөн. Кайсы врачтар экенин алардын коопсуздугу үчүн айта албайм. Ал эми Гүлкан Молдобекова менен Амангелди Мурзалиевсиз мындай иштер ишке ашпай турганын бардык врачтар эле айтып жүрүшөт. Алардын катыштыгы бар экенине далилдерим бар, сот болсо айтып берчү күбөлөр да бар”.

“КУДАЙ АЛДЫНДА АКМЫН”

Бул посттон улам окуяга катыштыгы тууралуу сурап депутат Гүлкан Молдобековага кайрылып, жооп алдык:

– Мен бул постту көрүп таң калдым. 13-сентябрда өткөн жыйында Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылып, “бала сатуу боюнча коомчулукта талаш-тартыштар жүрүп жатат. Өкмөткө, тиешелүү комитетке тапшырма берсеңиз, меселе каралып, изилденип, күнөөлүүлөр жоопко тартылсын” деп айткам. Ушул сөзүм бирөөгө жакпай калдыбы деп ойлоп жатам. Өзүмдүн көтөрүп чыккан маселемди колдонуп өзүмдү каралап чыгарышты. Мен ушак айткандарды жаман көрөм. Мындай күнөө тагуу мага катуу тийди. Андай ишке катыштыгым жок. Кармалган врачтарды таанысам Кудай урсун! Кудай астында акмын. Бул постту ким жазганын аныктоо үчүн тиешелүү органдарга тапшырма бердим. Менин күнөөмдү далилдеп берсе, эгер чын эле мындай ыплас ишке катыштыгым болсо, керт башым менен жооп берүүгө даярмын.


“БИР ЖЫЛ МУРУН ТӨРӨТ ҮЙҮНӨН ЖОГОЛГОН КЫЗЫМДЫ ТАБА ЭЛЕКМИН”

Бул окуя катталганда коомчулук мындан бир жыл мурун эгиз кыздарынын бирин төрөтканадан врачтар алып койгонун айтып чыккан Балыкчы шаарынын тургундарын эстеди. 2017-жылдын 6-июнунда Балыкчы шаардык ооруканасында көз жарган Махабат Намазбекова анын эгиз кыздарынын бирин дарыгерлер алып коюшкандыгын айтып чыркыраган. Гезитибиздин 766-санында төрөгөнгө чейин 7 жолу УЗИге түшүп, баарында эгиз кыздарды көрүп, даярданып жүрүп, 1 гана кызын кармап отуруп калганын айткан үй-бүлөнүн сөзүн врачтар жокко чыгарган. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматкери Сталбек Усубакунов "бул ишти иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия бир эле бала төрөлгөндүгүн аныктагандыктан, кылмыш иши токтотулган" деп билдирди. Ал эми үй-бүлөнүн атасы Данияр Чыбыев дагы эле кызын издеп, аны табарына ишенип жүрөт:

– Мен 6-7 ай бул иш менен чуркап жүрүп, материалдык жактан кыйналып калдым. Иштешим керек болуп, бул иштин артынан түшкөнгө убактым тар болуп калды. Бирок ушул бойдон токтоп калбайбыз. Кызымды тапмайынча тынчыбайм. Кызымды тапкандан кийин милиция кызматкерлерин да сотко берем. Анткени алар жакшылап иликтесе жыйынтык чыкмак. Оюмча, аларды да бирөө басып койду окшойт. Тергөөнүн аягына чыгарбай ишти жогору жактан басып жатышат деп ойлоп калганымдын себеби – башында ИИМ, прокуратура, УКМК, Саламаттыкты сактоо министрлиги, баары жакшы изилдеп башташып, анан эле унчукпай калышты. Беттештирүү 2 врач менен гана болду. Бирок тергөөдө төрөткө 13 адам катышкан деп жүрөт. Башында 4 врач болчу, кийин көбөйүп кетти. Бул күбөлөрдүн санын көбөйтүү үчүн эле болду окшойт.

9 ай бою врачтар өздөрү УЗИден 2 жүрөктүн сокконун, 2 кыздын колун, баштарын көрсөтүп, эгиз экендигин айтышып туруп, аягында бул сөздөрүн танып кетишкени бизди шылдыңдагандай эле туюлду. Колубуздагы өздөрү берген кагаздар менен да эч нерсе далилдей албай жатпайбызбы. Азыр да кагаздарды, фактыларды чогултуп жатам. Өзүм аракет кылам. Бирок бизге окшогон карапайым адамдарга мындай мыйзамсыздык менен күрөшүү кыйын экен. Акыркы окуяларды карап, врачтар үчүн бала сатуу бизнес болуп калганбы деп ойлоп калдым. Врачтарга акча берсең жакшы карашарын баарыбыз билебиз. Төрөт үйлөрүндө “төрөтүү бекер” деп жазылганына карабай, ошол жазуунун түбүнө туруп алып акча алышат. Бербей коё албайсың. Анда карашпайт. Бербей койсо, меникиндей окуяга да туш болушу мүмкүн. Мен деле акча бермекмин. Балким, менден жакшы акча бергендер болуп калды окшойт деп ойлоп кетем. Бул окуядан кийин дагы биздин төрөтканада жаңы төрөлгөн балдардын өлүмдөрү катталган. Кийин жергиликтүү кеңештин депутаттарынын демилгеси менен башкы врач Тилек Айдаралиева кызматынан бошотулду. Бирок бир кишини кызматтан алуу менен маселе чечилбейт.

“БАГЫП АЛГАН КЫЗЫМДЫН ЭНЕСИН ТАПКЫМ КЕЛЕТ”

Врачтардын бала сатууга катыштыгы буга чейин эле болуп келгенин учурда Орусияда жашаган 65 жаштагы каарманым Канышай Касымова тастыктайт. Айтымында, мындан 26 жыл мурда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Массы айылындагы төрөт үйүнөн дарыгерлерге 1000 АКШ долларын берип, кыз багып алган.

– 1992-жылы 40 жашымда төрөт үйүнөн кыз багып алгам. Ал учурда менин үй-бүлөм, 1 уулум бар болчу. Бирок андан башка балалуу боло алган жокпуз. Кыздуу болуу тилегим көзүмдөн учуп турду. Ошондуктан мыйзамсыз иш жасап жаткандыгымды билсем да, врачтарга акча берип, кызымды алгам. Менимче, врачтар менин чоң суммадагы акча берүүгө шартым бар экенин билгенден кийин тобокелге барып, кызды 7 айлык кезинде эле төрөтүп алышкан. Ошол себептүү кызым алсыз болчу. Наристенин апасы андан баш тартканын айтышып, тил катын көрсөтүштү. Бирок энесинин эмне үчүн мындай жолго барганын билбейм, ал адам менен жолуккан эмесмин. Мен акчаны ошол кездеги Массы айылындагы төрөт үйүнүн жетекчиси Роза жана врач-гинеколог Бурул деген айымдарга бергем. Мага кызды багып алгандыгым тууралуу документ жасап беришти. Кызымдын күбөлүгүндө төрөлгөн күнү биз аны төрөт үйүнөн чыгарып кеткен күн – 10-апрель деп жазылган. Бирок кызым андан эрте төрөлгөн. Канчасы экенин так билбейм.

Ошентип наристелүү болдум. Кызым үчүн колумдан келгенин жасап, эч нерседен кем кылбай чоңойтконго аракет кылдым. Дос-туугандардан кыз багып алганымды жашырган жокмун. Кызым да эс тартканда бакма кыз экенин билди. Бирок мени кубантканы – бул кабарды оор кабыл алган жок.

Азыр кызым да апасын таап, аны менен көрүшкүсү келет. Мен да кызымды апасы менен табыштырып койсом деген тилегим чоң. Анткени жолдошум да, уулум да өтүп кеткен. Өзүм да коркунучтуу оору менен ооруп жүрөм. Кокус бир нерсе болуп кетсе, кызымдын бул жакта жалгыз калышынан корком. Себеби менин туугандарым башынан эле кызды багып алышыма каршы болушкан. Азыр да кызым менен катташпайт. Ал эми апасына ошол учурда бала керек болбогон болсо да, азыр кызын ойлонот болушу керек. Балким, издеп жүргөндүр. Бала төрөлгөндө колуна апасынын аты жазылган бирка жармаштырышат го. Ошол кагаздан кызымдын апасынын аты Бегимай экенин окугам. Былтыр ошол төрөт үйүнө барып, ал аялды издедим. Ошол эле врачтар иштеп жатышыптыр. Катталуу китебин карап, ал аялды таппай койдук. Окуп калса, биз байланышууга даярбыз. Ал эми азыркы өлкөдө талкууга кабылып жаткан бала сатуу болуп эле жүргөн көрүнүш жана боло берет. Муну түп тамыры менен жок кылуу, менимче, мүмкүн эмес. Анткени бул нерсе врачтарга акча алып келет. Анан да мендей болуп ар кандай тагдырга кабылгандар бала сатып алууга өздөрү кызыкдар болушат.

 

Эл арасында ар кандай тагдырга кабылгандар бар. Балалуу боло албагандар жогорудагы каарманым сыяктуу бала багып алууга аргасыз. Бирок мыйзамдуу түрдө бала асырап алуунун машакаты көптүгүнөнбү, айтор, бул маселени мыйзамсыз жол менен чечкендер токтобой келет.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Edelveis929317
2018-10-02 17:15:43
Учурда кош бойлуумун окуп алып коркуп чыктым эсен-аман колума алып алсам экен деп.
+6
arlekino
2018-10-02 20:39:59
Апееей 18 поликлиника аборт жазабайбыз деп калпты карандай айтыптыр го. Балакеттей эле жазайт. Ужааасс каратып туруп калп айтышса, анда саткандары чын эле...
+10
Luna15
2018-10-03 06:09:46
arlekino,оа аборт жасабайбыз дептирго,мындан 6жыл мурда жасап эле атышчуле,анда бул клиника мыйзамсыз аборт жасашаткенда
+5
Azatbek.Svoboda.
2018-10-02 21:28:16
Бала керек болсо детдомдон алып баккыла сооп болот!Эки буттуу айбандарга арам акча берип эки бироолорду сыздатып боздотуп куноо иш кылбай эртен озунор окуносунор!Ошондо гана бул жаман иш токтойт!!!
+3
xnurgul_gul
2018-10-03 00:04:27
Чынын айтам крда жашагандан корком
+6
zinagull1996
2018-10-03 02:43:49
Машалла
-3
Alleria
2018-10-03 11:05:10
Жеке клиникаларда аборт жасабайбыз торотпойбуз деп кантип уялбай Калп айтышты? Бети жоктор. Врачтарга кунун тушпосун да колдорунан жакшылык келбей калды. Адам омурун сактабай эле кайра жок кылып жатышаат булар канча адамды сыздатышып
+4
Ulantay
2018-10-03 13:50:28
Коррупция,коррупция!!! Качан бизде азаят экен ушул нерсе. Чындап эле роддомдон баштап жер алдына көмүлгүчө коррупцияга аралашат экенбиз да!!! Бирөөнү сыздатып багып алган жубайлар,бети жок врачтар кантип коркпой жашашат таң каласың. Детдомдон бала багып алуу жолдорун жеңилдетишкенде биздин чиновник сөрөйлөр,мүмкүн мындай көрүнүш жоголот беле!?
+4
Pandora
2018-10-03 13:57:15
Тообо кылдым акчаны коргондо срогунан эрте торотуп алып жатса.Кудайдан коркпогон адамдар экен.
+4
nur_kadyr
2018-10-03 22:25:30
Улан Эгизбаев иликтоочу материал болчу экен...аттин...
+5
Altynbekova.01
2018-10-04 06:25:14
Багып алам деген ата энелерге да каргыш болсун. Жакшы кунду корбой калгыла. Бироону сыздаткан акмактар
0
Animatorkg
2018-10-06 21:57:57
Ал дейбиз бул дейбиз баарыбир акчалуулар акталып эч ким жообко тартылбай калат. Себеби мыйзам колунда жок катардагы карапайым элге эле иштейт. Акчалуулар менен бут зоокурлор креслодо бийлик башкарып калган.
0
kanu
2018-10-06 23:48:24
Animatorkg,ооба ошон учун Балыкчыдагы байкуш байкелер чурулдашып эле бир кызын таппай калышты.а Тилек деген кучтуу акущер жумушунан эмес крышасынан и акчасынан ал любойун ордуна коет экен.
+1
kanu
2018-10-06 23:46:48
Балыкчыда Тилек деген шумдук да мен турун корбогом баары таанышат каалаганын кылат экен ал крышасы кучтуу,жогоруда айтып кеткен молдо киши таанышыбыз ошол байкуштарды да сыздатып койду Тилек деген акущер баарын оозун басып эгиз кыздын бироосун таппай коюшту. хотя Кудайдан корксонорчу врачтар ужас оз балдарынар деле бар го,бул деген арам тамак да зарпл.кутуп жашап деле журобуз го олбой эле.
+2
Daduk
2018-10-08 12:22:35
Азыр кесерерова деген балаа чыккан, аялдар ошонучун озунор эле торогуло,без наркоз,козунор менен коруп эле 5-6 баланы европаны туурабай,кош бойлуулар эсен Аман коз жарып,наристененрди кучактап алгыла,кудайым женилинен берип,мен деле тортунчусун тородум 4кг200гр операция кылавыз дешип,конгон жокмун,жаныма эч Ким кирбеди,куйоом эшикте кутуп турду, айтайын дегеним баландын биринчин ынаалаганы,колдорун кывыратып кокурогундо жатканы,оозун ачкандары ар Бир кыймылы чон ырахатго,ошол минуталарга соз жок
0
Daduk
2018-10-08 12:30:41
Врачтар Аман эле болушсун, кудайдан коркпогон адамдар,башка жакшы медиктерди да жаманатты кылышып,уятсыздар,баарибир жазасын алышат да,эгиздердин Ата энесине айтаарым аракет кыла бериниздер балким табылып калат, телевидение айрыкча КТР ушуга окшогонду тартып,корсотсонор болотго рекламадан баштары чыкпайт, нормальный балдарын мн коротурган передача жок Бут эле саясат надаел уже,даже куудулдар саясаттан башка нерсени суйлошпойт,орустардын куудулдарына окшоп изденишпейт же баштары жетпейт
0
Aigerim1982
2018-11-10 17:39:49
Бул акча деген адамды эмнеге гана алып барбайт. Баары акчанын изине түшүп канынан бүткөн баласын сатууга даяр! Аллахым кыргызыма ыйман, ынсап, баарынан адилеттүүк бере көр!
0
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан