ПРЕЗИДЕНТ ЭЛЧИ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАН АЙТЫП ЧЫККАН МААЛЫМАТТАРДЫ ТЕКШЕРҮҮНҮ ТАПШЫРДЫ

Тышкы иштер министрлиги Корея Республикасындагы Кыргыз элчиси Кылычбек Султанды иштен алуу үчүн президент Сооронбай Жээнбековго сунуш даярдалып жатканын билдирди. ТИМ "элчи мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежелерин, дипломаттык этика нормаларын бузду" дейт.

24-сентябрда элчи Кылычбек Султан Бишкекте пресс-жыйын өткөрүп, анда ТИМ системиндеги коррупциялык иштерди айтып буга чейин министрликке, УКМКга, президенттик аппаратка кайрылганын, бирок жыйынтык чыкпаган соң президентке бул көрүнүштөрдү түз жеткирүүгө аракет кылганын, бирок өлкө башчысына жан-жөкөрлөрү жолуктурбай жатышканын айтып чыккан. "Элчиликтерде акча талап кылган учурлар, чет өлкөдөн кымбат баалуу унааларды аткезчилик жолу менен жеткирүү фактылары, чет өлкөдө дипломаттык автономерлерди элчиликке тиешеси жок жарандарга берүү, дипломаттык кызматка тиешеси жок адамдарга дипломатиялык паспорт берүү фактылары. Мунун баарын мисалдар менен президентке маалымдайын десем тоскоолдуктар болууда. Мындан улам "төртүнчү бийлик" делген жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жеткирүүнү чечтим",- деген элчи. Ошондой эле Кылычбек Султан эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденованын Сеулда учакта чуу салганын "ачыкка чыгарбагыла" деп президенттик аппараттан тапшырма түшкөнүн, бирок аны аткаруудан баш тартканын ачыктады.

Бул окуядан соң премьер Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүк жыйында чиновниктердин жүрүм-туруму коомчулуктун көз алдында турарын, андыктан жоопкерчиликтүү болуу зарылдыгын айтып чыкты: “Биз “Ачык өкмөт” программасын ишке ашырып жатабыз. Бул биздин бардык ишибиз ачык болушу керек дегенди түшүндүрөт. Эгерде аны аткара албасак, анда мамлекеттик кызматты таштайлы. Кайсы жерде жүрбөйлү, мамлекеттик иш сапарбы же салтанаттуу иш-чарадабы, жүрүм-турумубуз үлгүлүү болушу шарт. Тилекке каршы, арабызда ушундай кызматкерлер бар, алардын айынан иштин баары жарабай калып жатат. Сын уккубуз келбесе, ошого жараша өзүбүздү алып жүрүшүбүз керек”,- деди премьер.

Президент Сооронбай Жээнбеков элчи Кылычбек Султан тарабынан айтылган маалыматтарды жана ТИМдин дооматын дыкат иликтеп чыгуу боюнча Коопсуздук кеңешине тапшырма берди.

"Элчинин жана ТИМдин билдирүүлөрүнөн кийин түзүлгөн кырдаал дипломатиялык кызматта гана эмес, жалпы эле мамлекеттик кызматтын тутумунда бир катар маселелерди аныктагандыктан, президент Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан ар бир фактыны жана жүйөнү объективдүү талдап чыгып, бул ишке тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартууну талап кылды",- деп билдирди президенттик аппараттын маалымат кызматы.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан