КУЛМАТОВДУН СОТУН ФОТО-ВИДЕОГО ТАРТТЫРБАЙ КОЮШТУ

Экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жарандыгына байланыштуу соттук отурум өттү. Сот залында адвокаттар Кулматовдун мыйзамсыз түрдө Орусия жарандыгын алганын тастыктай турган документтер жок экенин айтышты. Ишти караган судья соттук процессти фото жана видеого тартууга тыюу салды. Буга чейин УКМК Кубанычбек Кулматов СССРдин жараны деген паспортун жоготуп жиберип, алгач Орусия жарандыгын, андан соң Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган” деп жарыялаган. Кийин ал паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылы жаңылаганы айтылган. Кулматов Кыргыз жарандыгын жасалма документ, жалган маалымат берүү менен алган” дейт. Бул боюнча экс-чиновникке кылмыш иши ачылган.

2017-жылы белгилүү саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш иши боюнча соттук отурумдарды да видеого тартууга соттор тыюу салышкан. Бул чечим элге чындыкты түз жеткирбөө, соттолуучуларга басым жасоо аракети деп катуу сындалган. Өлкөдө бийлик алмашты, бирок коомчулуктун көңүлүн буруп турган соттук иштерди фото-видеого тартууга тыюу салган аракет дагы эле уланууда.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 830, 28-cентябрь - 4-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан