Согдиана Өзбекстандан чыккан жылдыз. Аны коомчулук «Жылдыздар фабрикасы-6» теледолбоору аркылуу тааныган. Долбоордон соң Москвадан жеке карьерасын улантып, «Сердце-магнит», «Синее небо», «С тобой или без тебя» сыяктуу бир нече хиттерди жаратууга үлгүрөт. Ырчы айымдын жеке жашоосу да көп жылдар бою элдин көз алдында болду. Анткени анын биринчи жолдошу, жеке ишкер, индус Рам Ровинд ажырашып жатышканда уулун Индияга алып чыгып кетип, ошону менен 3 жылдан кийин гана эне-бала көрүшкөн. Кийин ингушетиялык жеке ишкер Башир Куштовго баш кошуп, бир уулдуу болгон соң ажырашып кетишкен. Учурда Согдиана эки мырза менен тең жакшы мамилени сактап калганын айтат. Чыгыш сулуусу аталган Согдиана жакында Бишкекке келди, мындай учурду колдон чыгаруу мүмкүн эмес эле, маектешип үлгүрдүк.
– Кыргызстанга куш келипсиз, Согдиана. Бул канчанчы келишиңиз?
– Рахмат, чынында, канчанчы ирет келип жатканымды эстей албай жатам. Бүгүн (ред.: 29-сентябрь) «Тумар» радиосунда түз эфирде конок болдум, андан сырткары кечинде кечеге чакырышкан. Ошол жакта болом.
– Ортодо сизди сахнадан көрбөй калдык. Тыныгуу алышыңызга жеке себептер болдубу?
– Ооба, 3 жылдай балдарым менен үйдө отурдум. Декреттик өргүү десем да болот. Уулдарыма, өзүмө да бул нерсе зарыл болчу. Балдарымдын жашоосунда ортодо жаралган боштукту толтурдум. Жумуш учурунда балдарга жеткиликтүү мээрим төгүп, убакыт бөлүш кыйын экен. Анткени убактыңдын баарын жумуш алат, кааласаң-каалабасаң да көңүлүңдү бурат, ойлоносуң, мээң бошобойт. Ошондуктан чыгармачылыгымды убактылуу токтотуп, эч нерсеге алаксыбай өзүмдү балдарыма арнашым керек болду. 3 жылдык тыныгуудан кийин кайра сахнага кайттым, сүйүктүү жумушумду улантып жатам.
– Сиз мурун Өзбекстанда белгилүү ырчы болчусуз. Москвага кетишиңизге эмне түрткү болду?
– Москвага көчүп кетейин деген оюм жок болчу. Анан да Өзбекстанда укмуш атактуу элем десем да туура болбой калат го, ооба, белгилүү элем. Өзбекстандын атынан эл аралык сынактарга катышып, бир топ ийгиликтерге жетиштим. Албетте, андан да көп ийгиликтерди багынтсам дечүмүн. Өзбекстандын атынан «Жаңы толкун» сынагынын тандоо туруна эки ирет катышып, тилекке каршы, өтө алган жокмун. Ошондо да үмүтүм үзүлбөй, «Жылдыздар фабрикасы» теледолбооруна катышып көрүүнү туура көрдүм. Чынында анда өтөм деп деле ойлогон жокмун. Оюмда, сынакка катышып, дагы тажрыйба топтоп, андан ары «Жаңы толкунга» кайра барам дегем. Жок жерден «Фабриканын» кастингинен өтүп кетпедимби (күлүп). Долбоордун артынан көп гастролдодук, ар кандай сунуштар түштү. Андан ары жеке карьерамды улантып кеттим. Ошентип чыгармачылыгымды Москвадан улантууга туура келди.
– Көп жылдан бери Орусиянын шоу-бизнесинде жүрөсүз. Өзбек эстрадасы менен орус эстрадасынын айырмачылыктары байкалдыбы?
– Албетте, орус эстрадасында чектөө аз. Мен кээде балдар менен унаада баратканда радиону өчүрүп салам. Ага салыштырмалуу өзбек эстрадасында чек бар экени кубандырат. Бул нерсе орусиялык шоу-бизнесте да сакталса, жакшы болмок. Таланттуу ырчылар абдан көп, талашсыз. Бирок биз чыгармачыл адам болгон соң жаштарга үлгү катары чектен чыкпасак деген ой.
– Маектериңиздин арасынан «мен жолдошторумду эмес, алар мени тандашкан» деген сөзүңүз көңүлдү бурду. Эгер ошондо сизде тандоо болсо, башыңыздан өткөн тагдырыңызды тандайт белеңиз. Же башка жашоонубу?
– Менин азыр эки ширин уулум бар. Мунун өзү баштан өткөн сыноону жеңгенге татыктуу деп эсептейм. Тагдырымды мен олуттуу тажрыйба катары кабыл алам, түшүнөм, эскерем. Негизгиси жыйынтык эмеспи, ошондо баарыбыз үчүн ыңгайлуу, туура болуп чечим чыгарганыбызга кубанам.
– Көпчүлүк мырзалар сулуу айымдын жанында болгусу келет. Эгер ал жылдыз болсо, каалоочулар эселеп көбөйөт. Сулуулугуңуз жашооңузга тоскоол кылган учурлар болгонбу?
– Көп нерсе айымдардын баскан-турганынан көз каранды. Ошол эле мырзалар да айымдардын өзүнө жараша мамиле кылат. Менимче, өзүңдү татыктуу алып жүрсөң, жашооңо эч нерсе тоскоол болбойт.
– Эгер сизге мырза жагып, бүт жагы төп келишип, бирок карьераңызга каршы болсо, үй-бүлөнү тандамаксызбы?
– Менимче, мени танда же ырда деген талап койгон туура эмес. Демек, ал менин мырзам эмес. Макул, бирөө үчүн өзгөргөнгө аракет кылалы дейли, адамдын көөдөнүндө кыялдары топтоло берет, акыры бир күнү сабыры толуп жарылат, эмнеге мен ушинтип жүрө беришим керек деген таарынычтар,түшүнбөстүктөр жаралат. Балким, кимдир бирөө өзгөрүп кетер, мага окшоп өзгөрө албагандар дагы бар.
Менин ата-энем өмүр бою чогуу жашашты. Мен да ошондой туруктуу үй-бүлөм болсо деп кыялданчумун. Көпчүлүк үй-бүлө менен карьераны толук алып кетүү мүмкүн эмес дешет. Мен дайым аялзаты үй-бүлөнү да, карьераны да чогуу алып кете алат деп келем. Ошону далилдегим келет. Мисалы, ырчы Валерия менен жолдошу, продюсер Иосиф Пригожинди караңызчы. Үлгүлүү үй-бүлө, чыгармачылыгы да жакшы баратат. Болгону биздин кесипти жаман нерсе катары эмес, сонун кесип катары кабыл алуу керек.
– Байкашымча, сиз мурун кичүү уулуңузду коомчулукка чыгарчу эмессиз. Азыр улуусун чыгарбайсыз. Мунун да себеби болсо керек. Деги эле уулдарыңыз тууралуу да кабар бере кетсеңиз?
– Арджун коомчулукка каршы деле эмес. Болгону атасы туура көрбөйт. Атасынын пикирин сыйлайбыз. Арджун жакында 11 жашка чыгат, кичүүсү Микаил 8 жашта. Экөө тең түшүнүктүү, акылдуу, чоң кишилердей ой жүгүртүшөт. Кээде айткан сөздөрүнө мен ушундай нерсени айтмак белем деп таң калып кетем. Бир жолу ыр угуп жатсам, Микаил «мен сизге бул ырды укканга сунуштамак эмесмин» дейт. Түшүнбөй эле калдым, эмнеге десем, «бул ырды уксаңыз аброюңузду түшүрүп аласыз» дебедиби. Эмне дешимди билбей, мен да сени колдойм, балам деп койдум (күлүп). Эки баламдын мүнөзү эки башка. Арджун математика, тилдерди жакшы көрсө, Микаил бийлегенди жакшы көрөт, бийлөө курсуна барат, "бирок футболчу болом" деп айтат. Мендей болуп концерт уюштурганды жактырат. Келечекте ким болушат, аны убакыт көрсөтөт.
– Канчалык чуу менен ажырашсаңыз да, уулдарыңыздын аталары менен мамилени сактап калдыңыз. Буга чоң эмгек жумшасаңыз керек?
– Албетте, мамилени сактап калуу ар кимдин колунан келе бербейт. Бала үчүн атанын да, эненин да ролу чоң, экөө тең ыйык инсандар. Андыктан экөө тең үлгү болушу шарт. Баарыбыз идеалдуу эмеспиз, адашабыз. Ата-эне ич ара канчалык талашып-тартышпасын, балдары үчүн достук, татыктуу мамилени сактап калышы шарт.
– Сиз үчүн эркиндик бул эмне?
– Бала кезимде мен жылдыз төлгөсүн окуганды жакшы көрчүмүн. Менин жылдыз белгим – суу куйду. Ар дайым суу куйдулар эркиндикти баалайт деп айтылчу. Мен ошондо эркиндик кандай болот, мен суу куйдуну мүнөздөгөндөй адаммынбы деп кызыга берчүмүн. Кийинчерээк чоңойгондо сөздүн төркүнүнө жеттим. Мен үчүн эркиндик абдан маанилүү экенин түшүндүм. Мырзалар мени кандай болсом ошондой кабыл алышын каалайм. Музыка бул менин жашоомдун бир бөлүгү. Жашоомдун баары музыкага байланган, аны бөлүп сала албайм. Жакшы бир кеп бар эмеспи, «эртең менен жумушка кубанып барсаң жана үйгө кубанып кайтсаң ошол бакыт» деген. Мен ошол сөзгө толугу менен кошулам.
– Маегиңизге рахмат. Сизге бактылуу жашоо каалайбыз!
Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg