КЫШКЫГА ТАМАКТЫН ДААМЫН АРТТЫРУУЧУ СОУСТАР

ТКЕМАЛИ

Ткемали – грузин элинин дасторконунда кеңири орун алган соус. Курамын негизинен алча, кара өрүк, сарымсак түзөт. Эт азыктарына, балыкка, куурулган картошкага мыкты татымал болот.

Керектелүүчү азыктар:

Кара өрүк – 4 килограмм

Чили калемпири – 1 даана

Сарымсак – 1 баш

Укроп же аш көк – 1 тутам

Туз, мурч, кариандр – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Кара өрүктү жууп, үстүнө 1 стакан суу куюп, жай отто 5 мүнөттөй кайнатабыз. Бул учурда кабыгы сыйрылат. Сүзүп алып, муздаган соң кабыгын, данегин тазалайбыз. Эми мөмөнү эзип же болбосо элекке кол менен сүргүлөп алабыз.

2. Эзилген массага эт туурагычтан өткөрүлгөн чили калемпирин, сарымсакты жана татымалдарды кошуп аралаштырып, жай отто 10 мүнөт кайнатабыз. Андан соң бууланган банкаларга куюп оозун бекитебиз.

ЧАТНИ

Чатни – индия ашканасына таандык соус. Ал курамына кошулган азыктарга карата ачуу, кычкыл, таттуу болот. Табитти ачып, тамактын сиңимдүүлүгүн арттырат. Күрүч, спагетти, балык, эт азыктарына жана жашылча салаттарына татымал катары берилет.

Керектелүүчү азыктар:

Сабиз – 500 грамм

Пияз – 1 баш

Болгар калемпири – 1 даана

Чили калемпири – 1 даана

Имбирь тамыры – 2 сантиметр

Кумшекер – 200 грамм

Алма уксусу – 250 миллилитр

Кориандр – 1 чай кашык

Кара зире – 1 чай кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын аарчып, жууйбуз. Сабизди, болгар, чили калемпирлерин, пиязды эт туурагычтан, ал эми имбирдин тамырын сүргүчтөн өткөрөбүз.

2. Тууралган жашылчаларды казанга салып, кумшекер менен алма уксусун кошобуз. Казанды жай отко коюп, 5-7 мүнөт демдейбиз. Андан соң татымына жараша туз, мурч, татымалдарды кошуп, ширеси соолуп, коюланганча кайнатабыз. Даяр болгон чатнини бууланган банкаларга салып, оозун бекитебиз.

САЦЕБЕЛИ

Сацебели – грузиндердин дасторконунун атрибуту. Кычкыл-таттуу даамданган бул соус этке, балыкка, күрүчкө, хачапуриге, хинкалиге, шишкебекке татымал катары берилет.

Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 3 килограмм

Болгар калемпири – 1 килограмм

Чили калемпири – 1-2 даана

Петрушка, укроп, кинза – 1 тутамдан

Кориандр – 1 чай кашык

Сарымсак – 1 баш

Туз, кумшекер – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын тазалап, жууп алабыз.

2. Эт туурагычтан алгач сарымсакты өткөрүп, өзүнчө идишке салабыз. Андан соң калган жашылчалардын баарын жана көк чөптөрдү эт туурагычтан өткөрүп алабыз.

3. Эт туурагычтан өткөрүлгөн массаны казанга салып, кориандрды кошуп, жай отто 30-40 мүнөттөй кайнатабыз. Аягында сарымсакты салып, татымына жараша туз жана кумшекер салабыз. Соус даяр. Аны бууланган банкаларга салып, капкагын бекитип, кышкыга сактасаңыз болот.

СУГО

Суго – италия элинин помидордон жасалчу соусу. Ар кандай пасталарды жасоодо жана пиццанын бетине сүйкөөдө кеңири колдонулат.

Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 2 килограмм

Сарымсак – 1 баш

Пияз – 2 баш

Болгар калемпири – 2-3 даана

Чили калемпири – 1-2 даана

Райкан – 2 тал

Кумшекер – 3 аш кашык

Өсүмдүк майы – 5 аш кашык

Уксус (7%) – 3 аш кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Помидорлордун үстүн бир аз тилип, үстүнө кайнак сууну куябыз. Бир мүнөттөн соң муздак сууга салабыз. Бул ыкма анын кабыгын сыйрып салууга жардам берет.

2. Жашылчалардын баарын аарчып, тазалап, майда туурап алабыз.

3. Казанга майды куюп алгач пияз менен сарымсакты, андан соң болгар, чили калемпирлерин кууруп алабыз. Эми булардын үстүнө помидор менен райканды салып аралаштырып, жай отто 30 мүнөт демдейбиз.

4. Куурулган жашылчаларды блендер менен эзип, татымына жараша туз, кумшекер жана уксусту кошуп, 5 мүнөт кайнатабыз. Даяр болгон суго соусун бууланган банкаларга салып, оозун бекитип, салкын жерде сактайбыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aszyma
2018-10-09 10:04:10
Сүрөттөрү жокпу
0
Feiza1982
2018-10-10 17:15:23
Баари бир чертополохдун даамына жетпейт баардыгынын даамы ))
+3
Bayanova
2018-10-12 03:12:19
Ким жасап корду? Даамы м.н болушкулочу.
0
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан