Талант Кадыров, «60`К» тобунун ырчысы: «ЖУБАЙЫМ ЭКӨӨБҮЗ АТА-ЭНЕБИЗГЕ АЙТПАЙ БАШ КОШУП АЛГАНБЫЗ»

"60`К" тобунун солисти Талант Кадыров соңку учурларда ырчы Айя Садырова менен 2 дуэт аткарып, клиптерин тарттырууга жетишти. Мындан улам эл арасында 2 ырчы тууралуу айың кептер тарады. Мындай кептерге Талант мырзанын жубайы Элмира Ыстамбаева терикпейби? Балким, кызганат? Эмесе, жубайлардын өз оозунан угалы.

– Саламатсыздарбы? Маекти экөөңүздөрдүн таанышканыңыздардан баштасак...

Талант Кадыров: – Саламатсызбы? Жубайым Элмиранын бир тууган эжеси Гуля менен дос элем. 2006-жылы Бишкектеги кафелердин биринде музыкант, администратор болуп иштеп калдым. Кафенин алдында бильярд клубу бар эле, ал жакка кыздар керек болуп, Гуля «сиңдимди ишке албайсыңбы» деп калды. Элмираны биринчи көргөндө эле жактырдым. Бул деле мени көргөндө жактырган экен (күлүп). Ошентип бул бильярд клубда иштеп калды. Күндө тыныгуу маалында бильярд ойночу болдум. Акыры жакындан таанышып, кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. 1 айга жеткирбей сүйдүрүп алдым.

Элмира Ыстамбаева: – Талант менен таанышканда эле «бирөө тийишсе мага айт, чогуу качабыз» деп тамашалаганы эсимде. Бильярдда иштеп жүргөндө Талант келип, өзүнчө эле «шеф» болуп «чай, тамак алып келсин» деп мага буюртма берип калчу.

– Ошол мырза жолдошум болуп калат деп ал учурда ойлодуңуз беле?

Э.: – Жок, антип деле ойлогон эмесмин. Муну талашкан кыздар да толтура эле. Кардарлар, ошол жерде иштегендер «бул бош эмес, менин жигитим болот» дегендей кептерди айтып калышчу.

Т.: «Демек, мага буйрук эмес экен» деп калдың анан (күлүп).

– Кыз-жигит кездеги кызыктуу окуялардан айта кетсеңиздер.

Т.: – Эрнест Бөрүбаев аркылуу түрмөдө отурган бир байке менен таанышып, ырчылардын баары аны көрүш үчүн азык-түлүк алып түрмөгө барчубуз. Бизге кызык эле. Ала келген азык-түлүктөрдү дубалдан ары ыргытабыз. Алар болсо кайра белек катары бизге жыгачтан колго жасалган буюмдарын ыргытат. Бир күнү «жүр, сени бир байке менен тааныштырам» деп ал жакка Элмираны ээрчитип барып тааныштыргам. Кийин тиги байке бизди атайын чакырып «Таке, бул сага менден белек, а сен өзүң белек кылып ал» деп бир кутуча ыргытты. Ачып карасам кызыл жүрөкчөдө «Таланттан Элмирага...» деген жазуу бар экен. «Күзгү махабат» деген ырымды келинчегиме арнагам. Ошол клипте келинчегиме кызыл жүрөкчө берем го, ошол.

Э.: – Талант түрмөгө ээрчитип барганда кинодогудай элестетип, көзүмө Супермендей көрүнүп, “ушундай адамдарга жолугуп жатабыз” деп аябай башкача болгом.

– Жубайыңызды сүйүп калганыңызды качан билдиңиз?

Т.: – Чынын айтсам, башында сүйчү эмесмин, жактырчумун. Бир күнү Элмира «апам ооруп жатат» деп Жалал-Абадга кетти. Апасы «ырчы жигит менен сүйлөшпө» деп каршы болчу. Көрсө, менден ажыратыш үчүн алдап чакырып, Элмираны эжесине кошуп Астанага кетирип жибериптир. Телефон чалам, жок, издедим, жок. Ошондо гана сүйүп калганымды билип, жүрөгүм ооруп кыйналып жүрдүм. Бирок ичип, жаман жолдорго барган жокмун. Бир күнү дос кызым «сенин сүйгөнүң Астанада жүрөт» дегенде гана билдим.

Э.: – Астанада жүргөндө ага чейин Талантка эжемдин номеринен телефон чалып, сүйлөбөй тыңшап туруп өчүрүп койчумун.

– Анан эмне кылдыңыз?

Т.: – Бир күнү Артык менен Сапар, Тынар Курбаналиев болуп Астанадагы мекендештерге концерт уюштурмакчы болдук. Мен концерт үчүн эмес, Элмираны табуу үчүн баратам. Астанадан 1 күн кечке кыргыздар көп жерлерди, базарларды, соода түйүндөрүн кыдырып Элмираны издеп, тапкан жокмун. Акыркы үмүтүм концертте калды. Укса келет деп күттүм. Концерт да башталды. Ырдап жатып ар бир кишини карап жатам, көрүнбөйт. Концерт бүттү, «демек, келбептир» деп маанайым түшүп калды. Эшикке чыксам күйөрмандар кол тамга сурап калышты. Бир маалда эле «Талант байке, мага да кол тамга бересизби?» деген тааныш үн угулду.

Э.: – Эжем Таланттар концерт коюп келгенин мага айткан эмес, бирок өзү барган экен. Үйдө отурсам эле эжем эшиктен жылмайып кирип келди. «Эмне болду?» десем, «Талант келиптир, сени чакырып жатат» деди. Чыксам туруптур.

Т.: – Ошентип экөөбүз жолугуп, таң атканча Астанада сейилдедик. Эртеси Элмира бизди узатканы келип, ыйлаган боюнча калды. Мен болсо коштошордо баягы жүрөкчөнү берип, кыйналгандын, депрессиянын баарын Астанага таштап келе бердим. Элмира артымдан издеп келиптир. Эмнегедир кайра мен муну көргүм келбей калган экен. «Мени таштап кетти» деп таарынган окшойм. «Сенин жаныңда болоюн» десе болбой, кайра Астанага салып жибердим. Ошол боюнча 3-4 жыл көрүшкөн жокпуз. Астанадан кийин Москвага барып иштеди. Кайра 2012-жылы жолугуп, 2013-жылы экөөбүз ата-энебизге айтпай никебизди кыйдырып алып, Орусиянын Иркутск шаарына кетип калдык.

Э.: – Экөөбүз жолукпай жүрсөк да, агенттен жазышып жүрдүк. Мен Москвада жүрсөм да, Талант тааныштарын жиберип жардам берип турчу.

– Талант мырза, анан сизди кайын журтуңуз кандай кабыл алды?

Т.: – Азыр кайнатам менен кайненем мени өз баласындай эле көрөт, аябай жакынбыз.

– Кызганбаган артисттин аялы болбосо керек. Жолдошуңузду кызганасызбы?

Э.: – Жөнү жок кызганбайм. Кызганганга себеп деле жок. Талантка толугу менен ишенем. «Чогуу ырдайын дедим эле», «ырларыңыз жагат» деп жазгандар көп эле болот. Эл адамы болгондон кийин туура түшүнөм.

– Бирок жолдошуңуз «Айя менен экинчи ирет дуэт жаздырарда келинчегим каршы болгон» деди эле?..

Э.: – Башында туура эле кабыл алдым. Клибине деле тартылгам. 2-дуэтти ырдайлы дегенде бир аз каршы болдум. Кызганычтан эмес, элдин ашыкча сөзүнөн качтым. Туугандарым, тааныштарым «тиги экөө мындай экен го» деп менин жүрөгүмдү кысып айта башташты. Эл дагы азыр бетке айтышат экен да. «Ушундай экен го экөө» дешсе уялып кетем. «Эмне эле буларга жабышып калышты?» деп кайра аларды жаман көрөм. Айя менен деле мамилем жакшы. Болгону элдин сөзү үчүн каршы болгом, анан кайра макулдугумду бердим.

– Талант мырза, «качан келесиң?» деген СМСтерден тажаган учуруңуз болбойбу?

Т.: – Чынын айтайынбы? Ошондой СМСтерден кээде тажап калам. «Качан келесиң?» «Ким менен, каякта жүрөсүң?» деп жаза берчү. «Менин телефонумду аңтарба, анан кечке жаза бербе! Эгерде ошенте берсең, анда экөөбүздүн ынтымак ыдырап, мамиле сууп, уруша баштайбыз» деп түшүндүргөм. Башында жакшы эле жүрдү. Анан кийин баштады. Кулагына «антпе» деп куюп жүрдүм. Такыр болбогонунан бир күнү катуу урушуп кеттик. Ошондон бери телефонумду текшербейт, жөнү жок жаза бербейт.

– «Балалуу болгондо сүйүү балага өтүп кетет» дешет. Ошондой бекен же сүйүүңөр мурункудай ысык бойдонбу?

Т.: – Чынын айтыш керек. Бүгүн биринчи ирет айтып жатам. Сүйүү балага өтөт экен. Баарынан да бала биринчи ролго чыгат тура. Үйгө келер замат балама көңүл бурам, анан келинчегиме көңүл бурам.

Э.: – Мага деле ошондой болот. Бирок мен үчүн баламдын да, жолдошумдун да өз орду бар.

– «Аял жакшы – эр жакшы» дейт.

Т.: – Менин оң колум, оң бутум, оң көзүм, жүрөгүм, кеңешчим, сынчым – жубайым. Жубайымсыз мындай ийгиликке жетпейт элем. Ар дайым жардамын, колдоосун көрсөтүп келет. Буюрса, жакшы жаңылыгыбыз бар, келинчегим кош бойлуу. Ошондуктан жакында өтчү концертимде жубайым жардам берем десе болбой жатам. «Сен сарсанаа болбо, баарына өзүм жетишем. Болгону мен WhatsApp`тан номер, даректерди жиберем, аларды кагазга жазып тур. Мен унутуп калып жатам» дедим. Себеби иш көп болуп жетишпей калуудамын. Ошентип келинчегим мага «заметка» болуп жүргөн чагы. Силердин гезит аркылуу айта кетейин, жубайымды сүйөм, ага ыраазымын.

– Бактылуу болуңуздар!

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
love_you
2018-10-09 09:31:18
негизи эле бойдок аялдар уй булолуу эркектерден оздорун оолак кармаш керек.эркектин аялына катуу эле тийет. "дос,пос"деген жомокторду таштап. озун деле ошол уйдо кутуп отурган аялдын ордуна коюп коруш керек. аял аялды жакшы тушунуп, бири-бирибиздин журогубузду оорутпасак
+14
erkeleim
2018-10-09 09:40:59
Ая обу жок эле аял,бирок экоонун дуэти ,,мощный,,чыккан. Уйбулоо биринчи орунда.биринчи жубайынарды баалай билгиле..атынар чыкканда эле жанысына чуркабай.П.сы))Супер силер аркылуу коп ырчыны тааныдык бирок акыркы мезгилде таптакыр эле жылмалап маалымат берип калдынарда. Откон аптада экоону чакырдынар чулгандуу ушактарга чекит коер бирда суроо бербединер. Биринин жолдошу,жашоосу тууралуу экинчисинин жаака чапканы тууралуу. ХХХ ХХХ ХХХ
+10
admin_media
2018-10-09 12:11:54
erkeleim, саламатсызбы! Сунуш-сурооңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Aytur
2018-10-09 10:18:37
Аялына катуу одоно мамиле жасаары билинип калыптыр.
Ээрчип келди анан коргум келбей калды, чалба,жазба, текшербе деп!Аял болгон сон эрине чалып сурабаганда кимге чалат, кимди кутот эркек аялдын болбогон майда капризине чыдабаса эн жаман! Аял эринин кыйкырып, конул бурбаганына да ун чыгарбай чыдап коё алат.
Айтоор Талантка акыл керек экен.
Балага суйуу отот деген келжирек соз баланын баладай орду бар, аялдын аялдай, эркектин эркектей суйуунун туру бул! Балага жанан жарга болгон
+26
i1urp
2018-10-09 10:24:16
Аялын экоон жакшынакай пара экенсинер.
+5
evidens
2018-10-09 11:31:32
Аядан мин эсе сулуу экен аялы
+18
engel
2018-10-09 12:28:59
Эмнеге текшербейт? Аялы текшерет антпесе силер эркектер кетесинер онду солду басып ар кимге суйуунорду арнап....
+10
DAKS
2018-10-09 17:42:49
Аялы абдан акылдуу, чыдамкай, коп нерсени которгон сабырдуу корунот.
Эмнеге дегенде Таланттын бул жерге айтканы чети эле болсо керек.
Уй-булодо аял коп нерсени куйосу учун тууралап, анын козу-созу мн болуп озун тарбиялайт, ошондо гана аял куйоосун ээрчип омур сурот деген соз Таланттын жубайына таанымалдай.
Суйуу балама отту дегендин ордуна, омурлук жарымды башкача суйом, ал менин жубайым, балдарымдын апасы дебейби!!!

+13
nurhan2702
2018-10-09 20:27:43
Анча деле супер ырчы эмес деп ойлойм .Бирок "Жубайым озу эрчип келди,ыйлады ,кетирип жибердим"- деп опколонуп айткандары туура эмес.Тем более гезит бетине .Бекеринен кайненен башында каршы болбосо керек .Айя экоон дальше- больше болуп кетпесенер болду
+8
Meken28
2018-10-10 09:56:02
Toobo erkek sen ozundu oto jogoru sezesingo ayalyndan,ayalyn uilono elek jash jigitter karai turgan suluu,yimanduu,sozu ordunda ayal eken saga okshop suiuu balaga otup ketti dep tantyrabai,,balaga bolgon suiuu bashka,ataenege bolgon suiuu bashka,,ayalga bolgon suiuu bashka,,dagy ele suiuu emne ekenin bilbeitko)))ozundu jyldyz sezip alypsyngo,,
+4
Pandora
2018-10-11 12:56:26
Аялы байкуш жакшы эле мактаганга аракет кылыптыр,бирок окшобоптур.А куйоосу болсо аялынын качандыр бир кезде жаштык кылп артынан келгенин ар дайым жузуно салып ,тилин кысык кылып жашап келе жатканын элдин алдында да тастыктап отуптур.Сени деп эррчиген адамды басынтып жашоо бул эркектикке жатпайт.
+4
elka0414
2018-10-11 17:13:16
Чоон тамга менен жазылып турат.Жакшынакай эле экоо тен интервью берген .калп эле бурамалап жаза бербегилечи .Жаш суйлошуп жургонун айтып жатат.Суйом ыраазымын,журогум берекем деп эле.Силерге эч нерсе жакпайт озу.Жумурткадан да кыр издейсинер.
+2
Birimdik5555
2018-10-12 01:07:21
Кечке аялын мактай берсе анда да жакпайт мынча аялын мактады деп,бир жакшына маек. Бактылуу болгула
0
vikidiki
2018-10-12 21:38:25
Иши кылса, Таланттын ити чоп жеп, кооп калыптыр. Аялына сабыр.
+2
sanata1996kg
2018-10-13 15:39:18
Башкача ойлочумун..Кичине бой которгонсуп суйлойт экен
+1
sely
2018-10-14 15:13:19
Элдер Бир эки дуэт жазыдырып Тим болушат а силер чё то жабышып эле калдынар. Эсине Кел Талант. Бул иртервьюнар просто отмаскага окшоп калгандай сезилди. Айя Майяны токтот. Уй булонду кара. Анан тескерисинче суйуу негизи нормальный Уй булодо балага отуп кетпейт кучойт
+2
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан