Абдышүкүр Нарматовдун унаасын, депутат Азамат Арапбаевдин кеңсесин тоногонго шектелгендер кармалды
“Өтө оор кылмыштарды кылган” деп шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул уюшкан кылмыш тобунун башчысы Жылдызбек Бекмурзаев Казакстанда абакта жаткан жеринен качып келип, дагы башка кылмыш тобун түзүп, кылмыштарга барып жүргөн деп шектелүүдө.
«АТЫП САЛАМ...»
ИИМ тараткан маалыматка ылайык, 2018-жылдын 20-сентябрында издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаев Талас облусунан Ош облусунун аймагына келгендиги тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери Ош шаарында кафелердин биринде отурган Бекмурзаевди кармоого аракет кылышканда, ал «атып салам» деп сумкасын көрсөтүп, Мерседес үлгүсүндөгү унаасына отуруп, качып кеткен. Милиция кызматкерлери артынан кууп барып, Хонда Фит унаасы менен жолун тосушкан. Бирок Бекмурзаев унаасы менен Фитти сүзүп жолдон чыгара койгон да, андан ары айдап жөнөгөн. Андан алыс узабай Бекмурзаевдин унаасы тыгылып калып, өзү жүгөрү аралап из жашырып кеткен. Ошол замат милиция кызматкерлери тарабынан жүгөрү талаасы курчалып, ал аймакка жакынкы
айылдарда да издөө иштери жүргүзүлгөн. Тилекке каршы, издөө иштери натыйжа берген эмес. Бирок, милиция кызматкерлери аны 5-октябрга караган түнү Каракол шаарынан колго түшүрүштү.
КАЗАКСТАНДАГЫ АБАКТАН КАЧЫП КЕЛГЕН
Жылдызбек Бекмурзаев 1986-жылы Талас облусунда туулуп, Бишкек шаарында жашап жүргөн. Ал мурда "тоноо", "каракчылык", "зордуктоо" беренелери менен бир нече ирет соттолгон. Бул кылмыштардан сырткары көптөгөн оор кылмыштарга шектелип издөөдө жүргөн.
Өткөн жылдын июль айында ал чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн Казакстандын Костанай шаарында кармалып, 6 айга эркинен ажыратылган. Анын Алматы, Тараз, Костанай шаарларында жашынып жүргөнү аныкталган. Бирок ал абактан качып кетип, казак тарап да ага издөө жарыялаган.
БЕКМУРЗАЕВДИН УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОБУ ЖАСАГАН КЫЛМЫШТАР
2017-жылдын 6-февралында Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан «Цзи Сянь» деп аталган кытай ресторанына каракчылык жасалган. Кечки саат 10дор чамасында ресторанга бет кап кийген куралчан кылмышкерлер кирип, ресторандын кызматкерлерин, кардарларын коркутуп, кассадагы 100 миң сомду алып из жашырып кетишкен.
2017-жылдын 27-апрелине караган түнү белгисиз кылмышкерлер «Альфа-Секьюрити» күзөт агенттигинин кампасына кирип, Сайга-410 үлгүсүндөгү 9 даана карабин, МР-471 үлгүсүндөгү 10 даана травматикалык тапанча жана ИЖ-71 үлгүсүндөгү 3 тапанча уурдап кетишкен.
АЛГАЧКЫ КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛГАН
Жогорудагы кылмыштарга шектелип бир нече адам издөөгө алынган. 2017-жылдын май айында кылмышка шектелип 1991-жылы туулган Э. уулу У. кармалган, анын үйүнөн октору менен газ жана пневматикалык тапанчалар табылган. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Э. уулу У. мурда абакта жазасын өтөп жүргөндө «Общактын казынасынын смотрящийи» болгон.
Андан сырткары мурун соттолушкан 1989-жылы туулган М.Э., 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар кармалган.
Ал эми 2017-жылдын июнь айында Аламүдүн районуна караштуу Бектоо дача участкасынан «Альфа-Секьюрити» күзөт агенттигинен уурдалган Сайга үлгүсүндөгү 9 даана карабин жана
МР-471 үлгүсүндөгү 8 даана травматикалык тапанча табылган.
Издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган А.Ж. аттуу Жылдызбек Бекмурзаевдин кылмыш тобунун дагы бир мүчөсү жакында Москва шаарында кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштуу топтун башка да мүчөлөрү аныкталып, Жылдызбек Бекмурзаев болсо кылмыштардын уюштуруучусу деп табылган.
АБАКТАН КАЧКАНДАН КИЙИН БАШКА КЫЛМЫШ ТОБУН ТҮЗГӨН
ИИМдин билдиришинче, Жылдызбек Бекмурзаев Казакстанда абактан качып кеткенден кийин башка кылмыш тобун түзүп, алар дагы бир топ кылмыш жасаганга үлгүргөн. Мисалга, 2018-жылдын май айында белгилүү дин аалымы Абдышүкүр Нарматовдун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылындагы үйүнө кирген кылмышкерлер короодогу унаасынын терезесин талкалап, ичинен
6 миң сом бар капчыкты жана документтерди уурдап алышкан. Ошол убакта үй ээлери каракчыларды байкап калып, аларды кармоого аракет кылышкан. Кылмышкерлердин бири травматикалык тапанчадан 4 жолу ок чыгарып, октун бири Нарматовдун 21 жаштагы уулунун бутуна тийген.
2018-жылдын 23-июнуна караган түнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылында акча алмаштыруучу жай тонолгон. Таңкы саат 4төр чамасында куралданган бет капчан кылмышкерлер акча алмаштыруучу жайдын металл торуна трос байлап, автоунаа менен тартып жулуп алышкан. Андан соң алар терезени талкалап кирип, акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлерине тапанчадан ок чыгарып, 850 миң сомдон ашуун акчаны карактап кетишкен. Акча алмаштыруучу жайдын бир кызматкери төшүнөн жана колунан жаракат алган. Ал эми кылмышка колдонулган Санг Йонг Муссо унаасы шаардын четинен табылган. Унаа 1961-жылы туулган А.Юсуфов аттуу адамга таандык экендиги аныкталып, ээси такси кызматында иштеп жүргөнү билинген. 3 күндөн соң киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Юсуфовдун денеси ошол эле айылдагы аңдан табылган. Анын колу-буту байланган болгон. Кылмышкерлер алгач унаанын ээсин өлтүрүп, андан соң анын унаасы менен акча алмаштыруучу жайды тоношкону белгилүү болгон.
2018-жылдын июль айынын аягында бет капчан 2 белгисиз кылмышкер Жалал-Абаддагы «Лига-Трейд» ААКсынын кеңсесине кирип, сейфти талкалап, андагы 290 миң сомдон ашуун акча жана башка буюмдарды уурдап кетишкен.
Андан 2 күн мурун да Жалал-Абад шаарында белгисиз кылмышкерлер «Партнёр-Нефть» ААКсынын кеңсесине кирип, акча жана 450 тонна бензин үчүн талондорду уурдап кетишкен.
Ал эми 31-июлда Ош шаарындагы «Даннур-Юг» ЖАКсынын имаратына кирген белгисиз кылмышкерлер кабинеттердеги сейфтерди талкалап, 60 миң доллар, 2 миллион сом жана башка баалуу буюмдарды уурдап кетишкен. Жалпы чыгым 7 миллион сомдон ашкан. Аталган компания Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү экендиги белгилүү.
Ушул жылдын август айында Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыштарга шектелип 1993-жылы туулган Б.Ы. аттуу жаран кармалган. Ал кылмыштарды моюнуна алып, кылмыштарды Жылдызбек Бекмурзаев менен чогуу кылгандыгын айткан.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
Динди мактамыш болуп, арабтардын каада салтын, тилин, кийген кийимдерин,тымызын кыргыздарга жайылтып жаткан аалымдарга ишенуу кыйын. Аалым деп айтылгандары менен арабтарды макташып, ары жагында эмне сыр жаткандарын эл билип деле калды. Анысы аз келгенип тиги дуйнону коруп келишкендей суйлошот да.
erlan2196,тиги дуйнону коруп келгендей суйлошот дегенин эмнеси,тушунбосон тушунуп ал,аалымдардын айтканы,ыйык Куранда жазылган.сен Арабча билгенинде окуп тушунмоксун
erlan2196,сен бул дуйноону коруп анан туулдунбеле .
erlan2196, Достор келгиле бул дини ХХХ ХХХ адамдарга теңелип терек бою секирбейбиз! Аалымдын эти уулуу! Алла өзү хидаят берсин! Сен тууганым мүмкүн бирөөнүн жалданма редакторудурсун, бирок билип кой! Аалымдарды жамандасаң эки дүйнө жарыбайсың! Эсиңе кел! Туура андай акыйдасы туура эмес Молдо чалыштыр деле бардыр, бирок Абдыщүкүр Ажыке алардын тескериси! Жашасын Ажыке!
Kaary, порталдын эрежесин сактоону сунуштайбыз.
Силерге кандай билбейм. Ислам мен учун жон гана арабтардын каада салтын, идеясын жайылткан дин. Себеби баары арабча: арабча сыйын, арабча суйло, арабча кийин. Куранды окуганда кыргыздар билимдуу болуп кетпейт, тескерсинче арабтардын каада салтына байланып, фанат болуп калып жатышат. Куранда кыргыздар жонундо эч маалымат жок. Андыктан оз тарыхыбызды окуп, кыргызча эле жакшы бата тилек кылалык.
elebes86, ошол батаны кимден умут этип сурайсын сыйынар кудайын жок болсо?
Аалым катары айтсам, аалымдар келесо болсо, Кудайдан да шектенесиң. Жону жок сыйынып, асмандан бир нерсе умут эткенден пайда жок. Андай адамдардын табияты такыр башка жана алардын баарын эле ички дуйносу таза деп айта албайм. Кудайдан жардам да, акыл да кутпо - дейт кыргызда. Дегеле арабтардын чын эле Кудай менен байланышы болгонбу же жокпу терен ойлонуп коргон жакшы. Далил катары арабтардын диний адабияттарын карманган жарабайт.
yrmat88, Силер деле жок Манаска сыйынып, жардам сурайсыңарго.
Тообаа тообаа деп ойлонуп,башым катып калайын деп жатат,ушунчалык акылсыз,кок мээ адамдардын бардыгына Тема башка бул жакта талкуу башка,кантип тантырап жазышат, кудайдан да шектенесин деп тообаа кылдым,тообаа кылдым,сен коз жумсан жаназанды Ким окуйт,ошол келесоо деп атаган адамдарын окуйт он дипломун,Кызыл эмес алтын мн бутсонда,арабча окуйт,суроолор,аяттар,араб тамгасында жазылган,сен айткан Кыргызстан тарыхында жоок андай нерсе,жазылган эмес хоть жуз жолу оку кантип ошончолук .....эээ созжок
Daduk,
Эми анчалык ызаланба доске. Исламдагы кемчиликти моюнга алыш керек. Фанатизм, экстримизм, исламский фундаментализм дегенди кимдер жайылтып жатат. Ошол эле мечиттеги имамдар. Орто кылымдын жашоосун жактагандар кимдер, албетте ашынган динчилдер. Жаштарды бир эле диний адабияттарга аркандап жатышат го. Алар кимдер, озун билесин. Кыргыз болгондон кийин кыргызча деле кудайга ишенип жашаса болот да. Кудайдын улуту араб эмес да, бир эле арабча тилди тушунгудой же арабча сыйынгыдай.
Mirlan27011987,мисалы исламдагы кемчилик депсин,алар кайсылар Сенин оюнча айтып берчи, экстремизм, фундаментализм ваапще башка тушунуктор алар исламга тиешеси жок нерселер болгону ошону ажыратып АК менен караны,озувуз ой жугуртконго чамавыз жетпей жатпайвы анан эле динди жамынып чыккан беш алты жаман видео,тараткан баракча китептерди коруп алып эле оолуга беревиз.тообаа кылдым негизи талашпаймын мен спорлошуп Ким кылса озуно кылат исламда алкен да болбойт.
Теңирчилер ызылдап кетишиптирго)).
AIA-TOO,
Бир нерсе болсо эле еврейлер тенирчилер кунолу. Жок андай эмес. Жаныласын. Азыр ислам фанатизм коркунуч жаратып жатканын элдин кобу билип турат. Кыргыздар эч убакта фанат мусулман болгон эмес, араб мусулман болгон эмес, ар дайым оз билимине, эмгегине таянып жашашкан. Динди эмес, билимди жогору баалашкан. Арабтар жазган Куранды эмес, кыргыздын санжырасын, тарыхына, аталар айткан акылман кептерге маани берип жашап келишкен.
Mirlan27011987,кызыкко Бир эле Кыргыз Арапча сыйынып дубаларды Арапча окушат экенда сенинче бардык мусульман Арапча Куран окуйт Арапча нике окуйт суроолор Арапча мулульман бардык Эли мисалы чечендер турктор Озбектерге тажиктер баары Арапча окуйт куранды (Бисмиллах) деп баштайсынго сен деле чынбы Кыргызчага которуп ал кызык эле адамдар бар экен тооба
Тооба кылдым...Тооба кылдым...Кудайым озу кечирсин силерди .Окуп эсим ооду,ушунчалык дагы карангы болобу деп.Кудайым озу силерге журогунорду ачып,динден кабар беруусун тилеп калабыз.Чындап динден маалымат болбосо силердейлерге мин айтсан деле жетпесе бекер убарачылык эмей эмне....
Кыргыз эли өзүбүздүн оюбуз жок эле, бир молдо кандай десе ошону ээричип, ээрчиме калк окшойбуз. Негизи эле бизде кулчулук, баш ийме, оома, өз ою жок, уялчак мүнөздөрүбүз бар экен. Ошондон пайдаланып бугун Чубак, Абдушукурго окшогон молдолор элди арабтардын кудугуна чоктуруп жаткандай.
бул адам жакшы эле корунчу фотосунан...токмоктоп эле моюнуна алдырып койгондой го
Ibragim.osh2016,кантип ушу бетинен жакшы жаманын билип аласынар)))
Ажыкенин уйуно тийбейле койбопсунар.А башка кылганынар деле жетишет болчуда
Бирок мындай крупный 2 миллион сом анан 60 мин доллар учун мен деле кошулмакмын силерге))))))))
Теманы эмес коментарийлерди окуп журогум тушту.Ушунчалык да журогу кара, Кудайдан коркпогондор бар экен да арабызда.Окунучтуу!!! Аллахымдын барлыгына, бирлигине шек келтируу менен эки дуйнодо тен жакшылык корбойсунор! Тиги дуйнону коруп келгендей суйлошот депсинер, Аалымдар Куранга таянып суйлошот.Алар силерге окшоп божомолдоп эле, оюна келгенин оттой бербейт.Ошол молдокелерибиздин бир тырнагына тен болгонунарда, бул ойлордон алыс болмоксунар!
Динибизге каршы чыккандарга боорум ооруйт, алар жон гана Аллахтын мээриминен куру жалак калган бир байкуштар.Алардын мусулман анан дагы кыргыз экендиги аябай окунучтуу!
tamchy555,ошо кыргыздарды манас атабыздын арбагы коко тенирим колдосун оркунунор осо берсин кыргызым оомин
Тенирчилерге соз айтып,Аллахка тил тийгизип коюуларынан сактангыла эл журт
Динге шек келтирген,Аллах Таалага ишенбеген,бейдаарат адамдар эсинерге келгиле бузукулар