Конституциялык палата «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 12-беренеси Конституцияга чын эле каршы келет деп таап, аны кол тийбестиктен ажыратуу процедурасы каралбай калганы менен түшүндүргөн. Аталган орган бир жактуу эмес, татаал чечим чыгарды дейт юрист. «Конституциялык палата" экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу процедурасын мыйзамга Жогорку Кеңеш киргизиши керек, ошондой эле бул процедура президентти кызматтан четтетүү процедурасынан жеңил болбошу зарыл" деген бүтүм чыгарды. Муну менен жоопкерчиликти кыйыр түрдө Жогорку Кеңешке оодарды»,- дейт Токтакунов.
Буга чейин парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин кол тийбестик макамы жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга илген. Эки депутат сунуштаган мыйзам долбоорунда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдагы экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү 12-берене толугу менен өзгөртүлгөн. Өзгөртүүгө ылайык, "экс-президент президент болуп турган учурдагы аракети жана аракетсиздиги үчүн жоопко тартылбайт" деген бөлүгү толук алынып, экс-президентти жоопкерчиликке тартуу Башкы прокуратуранын сунушу менен Жогорку Кеңеште добуш берүү аркылуу чечилери көрсөтүлгөн. Бул мыйзам депутаттардын кароосуна киргизиле элек. Ошентип негизги чечим Жогорку Кеңеште калды. Эгер парламент экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу процедурасын иштеп чыгып мыйзамга киргизсе, ал мыйзам убагы келгенде азыркы президентке карата да иштейт. Бирок мыйзам күчүнө кириш үчүн ага президент кол коюш керек.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg