МАМБЕТАЛИЕВА ИШТЕН МЫЙЗАМСЫЗ АЙДАЛГАНЫ АНЫКТАЛДЫ

Экология жана техникалык коопсуздук инcпекциясынын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева айтып чыккан маалыматты изилдеген мекемелер аралык комиссия ишин аяктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады. Анда Мамбеталиеванын кызматтан мыйзамсыз бошотулганы, ал айткан фактыларды изилдөөдө инспекция тарабынан жасалган бир топ мыйзам бузуулар аныкталганы айтылат. Комиссия тарабынан аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен мыйзам бузгандарды жоопко тартуу өкмөткө сунушталды. Буга чейин Мамбеталиева аталган инспекцияда коррупцияга каршы аракеттери үчүн иштен айдалганын айтып президентке кайрылган. Ал коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп аталган инспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбековдун, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Самат Керимкуловдун жана финансы-каражат башкармалыгынын жетекчиси Гүлкайыр Жумашованын аты-жөнүн атаган. Коомчулукту бул кызматкерлерге кандай чара көрүлөрү кызыктырып турат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан