Парламенттин кароосуна Тергөө судьялары институтун ишке киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору киргизилди. Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын айтымында, бул институт тергөө органдарынын үстүнөн түшкөн арыздарды карайт. Бул үчүн соттордун санын 56 штаттык бирдикке көбөйтүү сунушталууда. Мыйзам долбооруна ылайык, тергөө судьясы шектүүнүн, айыпталуучунун эркиндигин жана укугун чектөө боюнча чара көрүүчү, прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчилигинин, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органындагы ыйгарымдуу кызмат адамынын чечиминин мыйзамдуулугуна соттук көзөмөл жүргүзөт. Депутаттар бул аракет соттук реформа эместигин айтып, Калиеваны соттордун ишинин сапатын жакшыртууга чакырышты. Мисалы, азыркы тапта соттордун жоопкерчилигин карай турган Судьялар кеңешинин алдында Тартип комиссиясы иштейт. Бирок мыйзамсыз чыгарган чечимдери үчүн судьялар жоопкерчиликке тартылган учурлар жокко эсе. Андыктан жаңы түзүлгөн Тергөө судьялары деле жыйынтык көрсөтпөгөн артыкбаш органга айланып калышы мүмкүн деген эскертүүлөр айтылып жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.