Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султан президент Сооронбай Жээнбековдон кызматтык иликтөө иштерине байланыштуу өзүн, президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кызматтан убактылуу четтетүүнү өтүндү. Бул тууралуу элчи тараткан маалыматта төмөнкүлөр айтылат:
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Сизге бир нече айдан бери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги кемчиликтер тууралуу билдирүүгө мүмкүнчүлүк болбой келди. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылууларымдан натыйжа болбогонуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын президенттик аппарат башчысына да бир нече жолу кайрылдым. Тилекке каршы, президенттик аппараттын башчысы тарабынан жогорудагы аталган маселелер тууралуу сизге жолуктурууга жол берилген жок.
24.09.2018-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги кемчиликтер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылууга аргасыз болдум. Ал кайрылуумдан кийин 26.09.2018-жылы министр Эрлан Абдылдаев мени кызматтан алуу сунушу менен сизге кайрылганы белгилүү болду.
27.09.2018-жылы сиздин тапшырмаңыз боюнча Коопсуздук кеңеши түзүлгөн жагдайларды иликтөөгө ала баштады.
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Менин 2018-жылдын 24-сентябрындагы кайрылуумда тиешелүү маалыматтарды сизге жеткирүү үчүн президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевге бир нече айдан бери кайрылып келгендигимди айткан элем.
Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңеши президенттик аппараттын алдындагы өз алдынча түзүм болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларынан сырткары президенттик аппараттын жетекчисинин да тапшырмаларын аткарат.
Ушул жагдайларды эске алуу менен Сиз тапшырган иликтөөлөр аяктаганга чейин президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султанды убактылуу кызматтан четтетүүңүздү суранам. Анткени түзүлгөн кырдаалды адилеттүү иликтөөгө кызматтык кызыкчылыктардын кагылышы тоскоол болот деп эсептейм.
Эгерде жогорудагы жетекчилерди убактылуу кызматтан четтетүү мүмкүн эмес деп тапсаңыз, анда мени өз каалоом менен кызматтан бошотууңузду суранам. Анткени түзүлгөн кырдаалда кызматтык кызыкчылыктардын кагылышына байланыштуу адилеттүү иликтөө жүрүшү мүмкүн эмес деп эсептейм.
Урматым менен Кыргыз Республикасынын
Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султан 28.09.2018
P.S. Элчинин өлкө башчысына кайрылганына 10 күндөн ашты. Президенттен азырынча реакция боло элек.