ОШКО ЖЕТЕЛЕГЕН, БИРОК БИШКЕКТЕ ӨТКӨН “ТААЛАЙ ЭЛЕСИ” ТОБУНУН КОНЦЕРТИ

Концерттин аталышы “Ошко, Ошко”

Өткөн күнү – 28-сентябрь

Өткөн жери – Каба уулу Кожомкул атындагы Cпорт ордосу

Башталышы – 20:05 (жазылган убактысынан 1 саат 5 мүнөт кечигип башталды)

Көрүүчүлөр – Залдын 60 пайызы

Алпаруучулар – Жакут Сыдыков, Нурхат Доктурбеков

Билет баасы – 300-500 сом

Мыкты номер – Тотомидин Жолдошов жана Сурманын “Ошко, Ошко”, “Ай кызым” ырлары

Бир кездери “Титаниктеги” Жекти туурачу беле, айтор, чачты экиге бөлүп, гитара менен ырдаган “Таалай элеси” тобунун жетекчиси Тотомидин Жолдошов эми “томпойгон Жек” болгон. Ошол Жек, ой Тотомидин мырза “Таалай элеси” тобунун отчёттук концертин берерин угуп жөнөп калдым. Кыргыз ырчыларынын концерти убагында башталбаганы салт болуп калды окшойт, бул ирет да кечигип башталды. Же кирген элдин аягы тыйылсачы. Айрымдары отурган жерлеринен алдыңкы орундуктарга Ташиев Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөндөй эле ашып өтүп отуруп жатышты. Сахнанын жасалгасынан эч кандай өзгөчөлүк көрө албадым. Так ортодо турган баннердеги “Таалай элеси” тобу жана Тотомидин, Сурма деген жазууга көзүм түштү. Жакшылап карасам баннерде Таалай Бектургановдун сүрөтү билинер-билинбес болуп турат. Көзү жакшы көрбөгөндөр көз айнектерин издешип, шыкаалап эле жатып калышты. Сахнанын эки тарабына экөөнүн сүрөтү чоң болуп илиниптир.

Концерт кечиккенинен элдин чыдамы кетип кол чаап, ышкырып-бышкырышса да Тото менен Сурма чыкпайт десеңиз. Ошко кетип калыштыбы деп ойлодук. Айрымдар нааразы боло “күттүргөндүн да чеги болот да” деп сүйлөнгөндөрүн угуп, “Ка-ап” деп оозумду жыйгыча сахнага алпаруучулар Жакут Сыдыков жана анын шакирти Нуркат Доктурбеков чыгып, концерттин күнөөкөрлөрүн чакырышты. Тотомидин мырза жалт-жулт костюмун, Сурма куурчактай болуп укмуштуудай көйнөгүн кийип чыгып 2-3 ыр ырдап кирип кетишти. Гүл берүүгө ашыккан Тотомидиндин күйөрман кызы сахнанын артына чейин кирип Тотону кууп кетти. Андан кийин куудул Ильяз Агыбай уулу чыгып куудул Борончунун ырдаганына боору ооруй турганын айткан тамашасын баштады. Кайсы концертке барбайын Ильяз мырза ушул тамашасын эле айта берет. Борончуда өчү бар окшойт деген ой келет экен. Концертке конок катары чакырылган “Дем” театры да тамашалуу номер алып чыгып элди шаңга бөлөштү. Алпаруучулук тизгинди колуна алган Жакут "Тотомидин "акчаны элди күлдүргөнүңө жараша төлөп берем деген"  деп тыным албай сүйлөп, элди күлдүрүмүш этти. Бирок көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү Жакуттун тамашаларынын жарымына эптеп жылмайса, жарымын мостоюп отуруп алып кабыл алганын эске алсак, анда Тотомидин мырза Жакутка "үйүңө жетип ал" деп таксиге жетерлик гана акча берди болуш керек.

Сахнага чыккан сайын Тотомидин менен Сурманын окшош "артист көйнөктөрү" көңүлдү буруп жатты. Анан да бир таң калганым, бул экөөнө эл сурантпай эле, кол чаап турду. Жаман оюмда концертке Тотомидин менен Сурманын туугандары, жердештери келген го деп ойлоп койдум. Экөөнүн кучагы гүлгө толо микрофондон “чмок-чмок” деп өбүшкөн үндөр угулуп жатты. Точно эле Тотонун туугандары экен деп коём ансайын...

Гитарасын колго алып Тотомидин мырза маркум Таалайбек Бектургановдун ырларын аткарып баштады эле, концерт кызуусуна келди окшойт деп “транска” түшүп угуп жатсам 2 ыр менен жыйынтыктап койсо болобу?! "Ай, Тото, Тото" деп тойбой кала бердик. Андан кийин Тото “Ай кызым” аттуу ырынын клибиндеги кызын ээрчитип чыкты. Эң кызыгы, “кызым, сени ким төрөгөн?” десе, “атам” дейт го. Эл кыраан-каткы түшүп калды. Ырчылардын ар бир ырын бийчилер коштоп жатышты. Даярдана албай калышканбы, билбейм, айтор, бири ары айланса, бири бери айланып жатты. Тотомидин мырза ырдап бүтүп “ушуну менен биздин концерт соңуна чыкты” деп айта баштаганда эле элдин алды эшикке барып калды. Чыгып бара жатып “Жакшы болду, жакшы болду, ээ?” дешип бири-биринен сурап жаткандарын кулагым чалып калды. Сыртка чыксам саат 11ден өтүп, коомдук унаалар токтоп калыптыр. Анан “Ошко, Ошко” дегендей эле “үйгө, үйгө, үйгө” деп шаңдуу ырдап үйдү көздөй бет алдым.

"Дем" театры концертке шаң кошушту.

Толик Сынчы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
aszyma
2018-10-09 09:20:08
ТОТО менен СУРМА Баткен Лейлек райондорунун айылдарын гыдырып бизге да келген. ТОЛИК байкем айткандай Гитара менен 2гана ырын ырдап берип калганын фонограмма менен айдап жиберип бүттү кылган. Анан бир гилтейген алыпбаруучу келнен. Өлө жийиркеничтүү. Аялдардын колгеткисин кыска көйнөгүн каблук туфлисин кийип Тото экөө СҮЙҮҮ РОМАНЫН аткарып ырдаган. Ошол номери Өтө эле АШЫКЧА ЖИЙИРКЕНИЧТҮҮ болгон. Айыл жергеси эптеп эле ырдап койсок болоберет деди да.
0
i-bilim
2018-10-09 09:50:11
Окуп алып күлкүң келет экен))))) Орто заар концертке мен да барып келгендей болдум))
+2
belka
2018-10-09 12:10:24
Концертке баргандай болом да Толиктин жазганын окуп.
+4
Aikan1966
2018-10-09 12:24:11
Рахмааат чыгармачылыктарына .
0
Supsuluu
2018-10-09 14:08:22
Ай Тото Тото)))
0
evidens
2018-10-09 14:12:47
Бирок Сурманын уну унда башкача го
+2
Jakjakynas
2018-10-09 22:42:53
Таалай Бектургановдун ырларын жакшы кором. Бейишинен берсин.
+2
Dembele84
2018-10-10 00:17:24
Сурманын куйоосу барбы жокпу?Мага жагат да )))
+1
taalay25
2018-10-10 02:47:53
Dembele84,жок кандидат Боло бер)) бирок сенден ото эле кичуу го

0
jaskaaa
2018-10-10 22:20:05
Dembele84,күйөөсү барго
0
kama_future_millioner
2018-10-10 14:43:50
Укмуш жазыптыр
0
Jin1209
2018-10-10 22:32:49
Тотошум менин Тотошум
0
tanges94
2018-10-15 19:12:06
Ай толик сынчы
0
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан