Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

АСКАТ МУСАБЕКОВДУН ИНИСИ САМАТ МУСАБЕКОВ: “АСКАТ БАЙКЕМ МАГА БИР ТИШ КАРЫЗ”

№831 5-11-октябрь, 2018-жыл


Бизди ата-энебизден кийин эле эң жакшы билген адамдар бир туугандарыбыз болсо керек. Кичине кезибиздеги кыялдарыбыз, алгачкы жеңиш, жеңилүүлөр... Кыскасы, бул жолу ырчы Аскат Мусабековдун бир тууган иниси Самат агасы тууралуу кызыктуу баян куруп берди.

БИР ТУУГАН МУСАБЕКОВДОР

Максат Манаев – 1981-жылы туулган (фамилиялары чоң атасынын атында), айыл өкмөтүндө иштейт

Айзат Манаева – 1983-жылы туулган, PR-менеджер

Аскат Мусабеков – 1985-жылы туулган, ырчы

Самат Мусабеков – 1991-жылы туулган, архитектор- дизайнер

Нуршат Мусабекова – 1993-жылы туулган, котормочу

Айдай Мусабекова – 2004-жылы туулган, окуучу

“АСКАТ БАЙКЕМ МЕКТЕПТИН АТАМАНЫ БОЛЧУ”

– Агам менден 6 жаш улуу. Кичинебизде улуу агам мени аягансып көп жумуштарга жумшачу эмес. Аскат байкем болсо үйдө эч ким жокто мени чакырып, бир аз “тарбиялап” туруп ишке салып койчу. Кичинекейинде эле комузга жакын болду. Айылда комузду жакшы черткен Макен деген аяш атабыз бар. Ошого барып анын черткенин магнитофондун кассетасына жаздырып алып, үйгө алып келип угуп, туурап чертип жүрүп өзү үйрөндү. Эң биринчи жолу “Маш ботой” күүсүн чертип сынакка катышкан. Кийин дастан айтып, ырдап сынактарга катыша баштады. Сыймык Бейшекеевдин кеңеши менен 11-классты борбордон бүтүрдү. Ал кеткенден кийин жоктугу катуу билинди, анткени Аскат байкем мектептин атаманы болгондуктан эч ким мага тийише алчу эмес. Кеткенден кийин чоң класстын балдарынан токмок жеп калып, аябай жоктоп сагынып жүрдүм. Айылда миң жолу тилиң сүйлөгөнү менен, кара күчүң болбосо эч ким эмессиң да. Мектепте балдар “Аскат байкең катуу мушташат” деп калышчу, анан калса өзү да чоңураак болчу. Волейболду жакшы ойноор эле. Тентектикти баштап койчу, бирок танып башкага оодарып салчу эмес. Баарын моюнуна алчу. Адатта кичине кезибизде кыйшык өсүп калган тишибиз болот го. Ошондой тишимди Аскат байкем кармап алып түздөп, кадимки эле чоң өгөө менен өгөлөп салган. Азыр эстеп “бир тиш карыз мага” деп калам (күлүп).

Атам, апам экөө тең мугалим. Атам мектептин директору, айыл өкмөтү болуп жүргөн киши. Апам француз тилинен сабак берет. Аябай ишенчээк, назик киши. Атам болсо көп кырдуу талант. Мага атам өзүнүн таланттарын 6 баласына бөлүп бергендей сезиле берет. Улуу агама чарбага тың жагын берсе, так иштеген сапатын эжеме, музыканы сүйгөн чыгармачылык мүнөздү Аскат байкеме, сүрөткерлик жагын мага берген окшойт. Менин кесибим архитектор-дизайнер, сүрөт тартканга, чиймелегенге кичинемден эле жакынмын. Бирок эң көрүнүктүү сапатын Аскат байкеме берген окшойт (күлүп). Менден кийинки карындашым болсо 5 тилди билет, ал апамды тарткан окшойт. Кичүүбүз мектеп окуучусу.

“МАГА ТОПУРАК ЖЕДИРГЕН”

– Аскат байкемдин сөзгө ынандыра турган касиети бар. Эсимде, кичине кезибизде сарымсак отоп жаткан элек. Сүйлөшүп отуруп эле ал “Самат, сен архитектор болгуң келет, аны билем. Чоңойгондо ошол максатыңа жетесиң. Бул айылдан, балким, Кыргызстандан да кетип калышың мүмкүн. “Туулган жердин топурагы алтын” дейт го, ошондо сагынып кыйналбайын десең азыр топурактан жеп ал” деп айтып жатпайбы. Анын тилине кирип мен топурак жегем (күлүп).

Улуу байкем экөө аябай шок болушкан экен. Үй салып жаткан усталарды таш менен уруп качып, же терезенин айнектерин сындырышып, түрдүү жоруктарды жасай берчү. Атам алар тентектик кылганда бутундагы чокою менен экөөнү тең чаап калат. Улуу агам качып кетсе, Аскат байкем ошол чокой тийген жерин кармаган бойдон куду сынып калгансып жатып калчу экен. Атам качан өзү барып тургузмайынча ошол жерде жата берчү тура. Ошол жоруктарын көп эстейбиз.

Негизи Аскат байкем шок бала болчу. Чыгармачылык жол деле оңой болбойт тура, ар түрдүү жумуштарда иштеди. Печенье бышырган наабайканада да иштеп жүрдү. Акыры көздөгөнүнө жетти. Эң биринчи жолу сыналгыдан көргөнүм да эсимде. Борборго келип, 2004-жылдары болсо керек, “Шыктуулар” деген телекөрсөтүүнүн алып баруучусу болчу, анан ырдачу дагы. Ал программа дайым алтынчы күнү чыкчу. Өчөшкөнсүп дал ошол алтынчы күнү биздин көчөнүн жарыгы өчүп калар эле. Бир-эки көчө ары жайгашкан кошуналардыкы күйүп турса, ал жакка баарыбыз барып ошол көрсөтүүнү көрчүбүз. Анан сыймыктанып, сүйүнүп үйгө келер элек.

“Аруузатым” хит болгон жылдары биринчи концертин Улуттук филармонияда берди. “Байкем ушундай сахнада чоң концерт берсе” деп аябай кыялдангам. Кыялдар ишке ашат экен. Ошондо толкунданып жашып кеткеним да эсимде. Анткени ал башынан эле сахнаны самаарын билчүмүн да. Аскат байкемден тышкары мен жана карындашым ырдап калабыз. Түркчө ыры бар, ошондо бэк-вокалдагы карындашым Нуршат.

Биринчи сүйүүсү же кыздары тууралуу билбейм, анткени мен 6 жаш кичүү элем. Өзүм деле кызыкпаган экем. Негизи мыкты дос, күйүмдүү бир тууган, жоопкерчиликтүү ата. Балдарына аябай карамдуу. Мен байкем менен сыймыктанам.

АСКАТ МУСАБЕКОВ: “ИНИМ МЕНИ СЫНДАП КОЙМОЮ БАР”

– Самат өзү сүрөткер адам. Чыгармачылыгымда өзүнүн так баасын айткан, керек кезде сындап койгон жакын адамым. Көп учурда иним менен кеңешем. Ата-энебизге рахмат айткым келет, анткени баарыбыз өзүбүз каалаган кесибибизге ээ болдук. Бир туугандарым мени ар тараптан жөлөп-таяп келишет. Алардын бардыгы эле канчалык кубат.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
09.10.2018. 12:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
19-10-2018 11:08
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ата энесине чооон рахмат ,жакшы уй-булоо экен суктанаарлык,суротторун коюп койсо ото жакшы болмок бир туугандарын дагы кызыктуу болмок.
10.10.2018. 13:16 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7551
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
19-10-2018 17:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
+1
Aiki, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
10.10.2018. 22:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
20-10-2018 10:40
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ой ичииим
14.10.2018. 00:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
20-10-2018 16:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
0
Бактылуу үй-бүлө экен,үч уул үч кыз. Баары билимдүү. Ар дайым бир туугандар ынтымакта болгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21342;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: