Дайыма элдин жакшылыгында кызмат кылып жүргөн тамашоучу Актан Рыскелдиев бул ирет өзү той өткөрүп, жубайы Феруза экөө ата-эне, дос-туугандарын чогултуп, алардын ак батасын алышты. Болуп өткөн жакшылыгы менен куттуктап Актан мырзага чалганыбызда:
“Бул тойго келгендердин көпчүлүгүн жаштар түздү. Тамадалык милдетти жубайым экөөбүз колго алдык. “Эми Актан менен Феруза тандем болуп чыгышат го” дегендер жаңылышат. Жөн гана өзүбүздүн тойду өзүбүз баштайлы деген эле ой. Улуу уулум Жантайдын сүннөт тою болсо, кичүү уулум Анатайдын тушоосу кесилди. Алар менен кошо балдарымдын апасынын туулган күнүн чогуу белгиледик. Кичи мамлекетибизде чоң майрам болду”,- деди тамашоучу кубана.