Биз социалдык тармакта

“МУЗАМАН” ТОБУНДАГЫ АКСАЙ КЫЗДУУ БОЛДУ

Дадагаң болуп кетейин” деп ырдаган “Музаман” тобунун ырчысы Аксай экинчи ирет кыздуу болуп отурат. Бул тууралуу угуп, кубанычына ортоктош боло ырчы менен байланыштык:

“29-сентябрда үйүбүздө толуктоо болуп, бир тапичкеге көбөйдүк. Кызыбызга Айданек деген ысым ыйгардык. Салмагы 3 килограмм 600 грамм, бою 53 сантиметр экен. Эң кызыгы, бою да, салмагы да улуу кызымдыкындай болду. Буюрса, келинчегимдин абалы жакшы. Төрөт үйүнөн 3-октябрда алып кеттим. Кыркы чыккандан кийин тууган-уруктарга жентек той берели деп жатабыз”.

Ырчы мырзаны кырк жылкылуу болушу менен куттуктап, кыздарына бактылуу балалык каалайбыз!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nurkyz1977
2018-10-11 15:50:39
Бешик боонор бек болсун! Балдарынарга татыктуу тарбия берген бактылуу уй було болгула.
0
s.sweet
2018-10-15 19:24:49
Омуру менен берсин
0
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан